Африкада сабак берген кыргыз кызы

Альбина Африкада 2022-жылдан тарта жашап келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина Африкада 2022-жылдан тарта жашап келет
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы

Альбина Асанбекова Африканын Танзания өлкөсүндө үй-бүлөсү менен үч жылдан бери жашап келет. Мугалимдик кесипти аркалаган кыргыз кызы алыскы Африкадагы жашоо, ал жактагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана көйгөйлөрү тууралуу Би-Би-Сиге айтып берди.

28 жаштагы Альбина Танзаниядагы жеке менчик мектепте англис тилинен сабак берет. Анын айтымында, мамлекеттик мектептерде түзүлгөн шарт кыйла оор, мугалим жетишсиз.

"500 окуучуга 5 мугалим сабак берген мектептер бар"

"Мектептер бардык жактагыдай эле мамлекеттик жана жеке менчик болуп бөлүнөт. Мен жеке менчик мектепте иштейм, ал жакта кадимкидей эле окуу системасы иштейт. Бирок мамлекеттик мектептерде бир аз абал оордой. Ал жакта окуучунун саны көп, мугалим жетишсиз. 500 окуучуга 5 мугалим болгон мектептер бар, алардын бирөөсү директор, бирөөсү "завуч", бирөө мугалим, дагы бирөө ашпозчу, анан тегерек-четти жыйнаган бир адам. Элестетсеңиз?! 500 баланын окуусу, тарбиясы, тамагы, тазалыгына ушул 5 адам гана жооп берет", - деди Альбина.

Альбина Африкадагы окуучулары менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина Африкадагы окуучулары менен

"Балдарга сабак эле бербейм, алардын жан-дүйнөсүнө таасир этүүгө аракет кылам..."

Альбина мугалимдик кесипти бала кезинен эле кыялданчу. Ал мугалим сабак өтүү менен гана чектелбеши керектигин айтат.

"Мугалим болууну жөн эле бир жумуш деп көрбөйм. Мугалим болуу - балага жол көрсөтүү, келечегине үмүт берүү деп ойлойм. Ал жөн гана сабак өтүп кетип калбайт. Ал окуучуга билим менен кошо, таалим-тарбия берип, башкалар, керек болсо, өзү байкабаган өзгөчөлүктөрүн байкап, багыт бере алат. Балдар да ар кандай да. Кээ бирине оюн менен, кээ бирине турмуштан алынган мисалдар менен түшүндүрөм. Балдар жашоодон алынган окуялар менен айтып бергенде, тез түшүнүшөт", - деди ал.

Окуучулардын шыгына, талантына басым жасаган жаш мугалим баланын өзүндөгү ишенимин калыптандыруу маанилүү деп эсептейт.

"Мен Кыргызстанда иштеп жүргөндө, арткы партада отуруп, эч үнү чыкпаган, "менин колумдан келбейт" дегенди көп айткан окуучу кызым бар эле. Анан мен ага утур барып, "сенин колуңдан баары келет, сен өзгөчөсүң, аракет гана кылчы" деп айтып турчумун. Азыр ал кыз Япониядагы чоң компаниялардын биринде эмгектенет. Кийин өзү да мага ыраазычылыгын билдирип жүрдү. Мындай окуялар мага дагы да жакшы иштөөмө дем-күч берет. Мен балдарга сабак эле берип, ишим бүттү деп кетип калбайм, мен балдардын жан дүйнөсүнө таасир этүүгө аракет кылам", - деди Альбина.

Танзаниядагы балдардын билимге умтулуусу

"Танзанияга келип, сабак берип баштагандан бери бир нерсени түшүндүм. Адамдар кайда жашашпасын, мейли Кыргызстан, мейли Африка болсун, билимге умтулган киши ыгын таап окуйт экен. Мисалы, бул жакта кээде китеп жок болуп калса, тактадагы жазууну көчүрүп, түнгө чейин калып, жаттап отурушат. Анткени алар билим - бул келечектин ачкычы экенин жакшы түшүнүшөт. Анан мен дагы аларга катардагы эле жаран эмес, өз өлкөсү сыймыктанган, башкаларга үлгү болгон адам болосуңар деп шыктандырып турам. Жана айтып өткөндөй эле, ишеним бала үчүн маанилүү роль ойнойт. Өзүнө ишенген бала гана дүйнөнү өзгөртө алат.

Альбина Танзаниядагы классында сабак берип жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина Танзаниядагы классында сабак берип жатат

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр сыяктуу эле Танзанияда социалдык-экономикалык маселелер аз эмес. Кыргызстандык мугалим мындай маселелерден улам айрым ата-энелер бир жашка чыга элек наристелерин жатак мектептерге калтырууга аргасыз болгон учурлар бар экенин айтып берди.

"Дагы бир мени таң калтырган нерсе, бул жакта жатаканасы менен мектептер, бала бакчалар абдан жайылган. Алты айлык баласын таштап койгондор бар. Аларды көргөнү бир айда бир же эки гана жолу барып, башка убакта өз иштери менен алек болушат. Балким буга турмуш өзү түртөттүр... ", - деди Альбина.

"Бай жана кедейлердин ортосундагы ажырым чоң"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Африка десе эле, ачка калган балдар, жашоо шарты анча эмес адамдар оюбузга келет го. Чындыгында андай эмес. Мен да алгач келгенде таң калгам. Менин байкоомдо, бул жактагы адамдарды экиге бөлсө болот экен: аябай бай жана аябай кедей. Орто жашагандар аз болуп, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым чоң экени сезилип турат. Байлардын үйүнө барып, таң калсам, кедейлердин үйүнө барып, "жанагы байлар эмне үчүн бул кедейлерге жардам беришпейт" деп таң калгам", - деди Альбина.

Альбинанын айтуусунда, Танзания сыяктуу Африканын бир катар өлкөлөрүндө жогорку окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштегендер аз. Мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү он биринчи классты бүтүрүп эле кара жумушка же бала багуучу, үй тазалагыч, кароолчу сыяктуу жумуштарга орношушат экен. Альбина алардын айлыгы болжолу менен 8-10 миң сомду түзөрүн, орточо жашоо үчүн 1000 АКШ доллары кетерин, бирок 1000 сом сарптап да, 1000 доллар сарптап да жашагандар бар экенин айтып берди.

"Африкада жалпы 54төн ашык өлкө бар, алардын ар биринин өзүнүн тили болот. Танзанияда суахили тилинде сүйлөшөт. Бирок расмий тили катары англис тилин дагы колдонушат. Соңку учурда элдин басымдуу бөлүгү англис тилинде сүйлөп калганы үчүн суахили тилин сактап калуу максатында көп иштерди жүргүзүп келишет", -деди Альбина Асанбекова.

Альбина жергиликтүү кыздар менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина Танзаниядагы жергиликтүү кыздар менен

Африкадагы "кыргыз үнү"

"Өлкөбүз кичинекей болгондуктан, Кыргызстан тууралуу билишпейт. Бизге окшогон адамдардын баарын кытайлыктар деп ойлошот. Мен сабак берген окуучуларыма, кесиптештериме кыргыз улутун, маданиятын аз болсо да тааныштырып келем. Алар азыр мени көргөндө "салам, кандайсың?" деп учурашышат. Ар кандай иш-чаралар болгондо, сөзсүз кыргыз музыкасын угузуп, бийлерин бийлетем, даамдарын жасап барып, ооз тийгизем. Муну менен биздин маданиятты таанытууда аз да болсо салым кошом деп ойлойм" , - деди Альбина.

Альбина алыскы Африкада "кыргыз үнүн" жаңыртып турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина алыскы Африкада "кыргыз үнүн" жаңыртып турат

Эмне үчүн Африка?

"Африкада адамдардын дене түзүлүшү спортко, бийге жакын го, музыкасы жок деле бир ритмге түшүп, үндөрдү чыгарып, бийлеп коюшат. Бул мага абдан кызык көрүнүш. Негизи мен кичинемден эле кара терилүү адамдар жашаган аймактарга барып, жашап көргүм келчү. Анан ислам талабына ылайык, максатым - башка адамдарга пайдалуу болуу. Африкада билимге жана мээримге суусаган адамдар көп, мен ошолорго жардам берсем, пайдалуу боло алсам дейм. Албетте, жолдошумдуку да, меники да айлык маянам жакшы болгондуктан азырынча Танзанияда жашап келебиз. Мен сабак бергенден тышкары, Америкадагы белгилүү университеттердин бирине магистратурага өттүм, буйруса ал жагына да жетишем деп турам. Келечекте Кыргызстанга кайтып барып, билим берүү тармагында салымымды кошкум келет",- деди Альбина.

Альбина Кыргызстанга кайтып келип, билим берүү тармагында эмгектенгиси келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альбина Кыргызстанга кайтып келип, билим берүү тармагында эмгектенгиси келет

Эквадорго жакын жайгашкан Танзания өлкөсү – дүйнөдөгү экономикасы өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөрдүн бири деп саналат. Ага карабай, Килиманжаро чокусу, сафари чөлдөрү жана Занзибар аралы менен туристтик жер катары да белгилүү.