“Яндекс.Такси” орус чалгын кызматына маалымат бөлүшөбү?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 1-сентябрдан тарта Яндекс кызматынын маалыматтык сервериндеги маалыматты Россиянын Федералдык чалгын кызматынын алуусуна жол ачкан документке кол койду.
Россиялык Яндекс кызматы Россия Украинага бастырып киргенден кийин деле дүйнөдөгү жыйырмадан ашык өлкөдө өз ишин улантып келе жаткан. Анын ичинде Борбор Азияда жана Кыргызстанда дагы бул сервистин такси кызматы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Яндекс таксинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Россияда күзүндө күчүнө кире турган жаңы эреже кыргызстандык кардарларына кандай таасири этээри боюнча азырынча Би-Би-Сиге комментарий бере элек. Бирок буга чейин компания бул мыйзам Россияда гана иштеп, ал тышкы кардарларга таасири болбойт деген таризде жооп берген.
Бирок орус басылмалары эми Яндекс колдонуучуларынын аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, банктык маалыматы ал түгүл жазган комментарийлерине чейин билгенге ФСБга жол ачылганын жазып жатышат.
Юристтин комментарийи
“Яндекс тиркемесинин жана кардардын ортосунда болгон бардык мамилелер, иш-аракеттерди жеке маалымат катары эсептесек болот. Эгер кардар ошол мамилелерди өзү коомчулукка жарыялабаса, демек, ал бир гана Яндекске ишенип, ошол маалыматтарын берип жатат. Андыктан Яндекс ал маалыматтарды купуя сакташы керек. Аны кардардын уруксаты жок жарыялаганга болбойт. Россияда Яндекс ФСБ менен маалымат бөлүшүүнү караган мыйзамдын бизге тиешеси жок. Эмне дегенде Кыргызстандагы Яндекс өзүнчө мекеме. Андыктан ал Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийиш керек эле. Бирок практикада бул кандай болот, аны убакыт көрсөтөт. Себеби, Яндекстин энелик компаниясы Россияда жайгашып жатпайбы, Кыргызстанда Яндекс бул жерде ачылган күндө дагы аны уюштуруп ачкан мекеме Россияда болуп жатат. Ич ара кандай маалыматтарды бөлүшүшү мүмкүн, аны өздөрү гана билиши мүмкүн. Алар маалыматты ФСБ менен бөлүшүп жатабы же жокпу, тыкыр иликтөө болбосо, ал билинбей деле калышы ыктымал”, - деди юрист Бексултан Оморов.
Кыргызстандын монополияга каршы органы бул жаңылыкка чейин Яндекс такси кызматынын баа саясатына байланыштуу нааразылыгын айтып, керектөөчүлөрдүн укугу тууралуу маселе көтөрүп жаткан.
Яндекс Бишкекте жүргүнчү ташуу рыногунда үстөмдүк кылган менен монополист эмес, ал Кыргызстандын рыногуна 2017-жылы кирген. Ал эми расмий каттоодон 2023-жылдын башында гана өтүп, мамлекетке салык төлөй баштаган.
Борбор Азиядагы реакция
Интернеттин кыргыз сегментинде Яндекстин эми ФСБга маалымат бөлүшөрү тууралуу жаңылык нааразылык жаратты. Кыргызстандыктар бул такси кызматы жүргүнчү ташуу рыногун ээлеп алгандан кийин бааларын көтөргөнүн, эми ал аз келгенсип алардын жеке маалыматтарын дагы ФСБге бериши мүмкүн экенине тынчсызданып жатышат.
“Мен Яндексти такай колдонот элем. Себеби, аны чакыруу оңой, машиналары таза. Бирок эми ойлонуп калдым, мен тууралуу маалыматты башкаларга берилишин каалабайт элем. Ага чейин деле баалары өтө эле асмандап кетип жаткан”,- дейт Бишкек тургуну Назик Алыбекова.
Азырынча кыргыз бийлиги маалыматтык коопсуздукка байланыштуу бул окуя тууралуу реакция жасай эле. Ал эми Казакстандын Санарип өнүгүү министрлиги 9-августта www.yandex.kz доменинин ишин токтотуп, бирок 10-августта кайра жандантты.

Өзбекстанда дагы жарандар Яндекске байланыштуу соңку өзгөрүүлөргө нааразы экенин жергиликтүү тургун Баходырхон Элибоев билдирди:
“Өзбекстандын аймактарында Яндекс таксиси жокко эсе, бирок Ташкентте бул таксини көп колдонушат. Бизде дагы Яндекс эми ФСБ менен маалымат бөлүшөт экен деген жаңылыктар талкууланып жатат. Ташкентте эл Яндекстин кызматынан баш тарта да баштады. Жарандар өздүк маалыматтары ФСБнын колуна түшүшүн каалашпайт. Ар ким эле анын жеке маалыматын башка бирөө билишин каалабайт да”.
Тажикстанда Яндекс такси кызматы расмий рынокко кире электиги белгилүү болду. Ал эми Түркмөнстанда Яндекс сервиси иш алып барабы же жокпу, бул өлкө жабык болгондуктан айтуу кыйын.
ФСБ Яндексти кантип колуна алды?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ФСБ Яндекстен анын кардарлары тууралуу шифринин ачкычын 2019-жылдан тартып эле талап кылып келген. Яндекс сервис тиркемелеринин дүйнө боюнча канча колдонуучусу же кардары бар так айтуу кыйын. Бирок мындан он жыл мурун эле аталган Яндекс сервис тиркемелеринин 30 миллиондой колдонуучусу бар экени айтылган.
Тиркемеге кошулган колдонуучулардын ич ара маалымат алмашуусу криптографикалык ачкычтар менен корголуп келген. Бул чара тиркеменин колдонуучуларынын фото, жеке маалымат, каттарынын сыртка чыгып кетүүсүнө бөгөт болуп келген. Ошону менен Яндекстин кызматын пайдалангандардын жеке маалыматтарын уурдап алуу мамлекеттик органдар үчүн дагы, жеке хакерлер үчүн дагы оңой-олтоң иш эмес эле. Бул себептүү тигил же бул адам тууралуу маалымат алгысы келсе, ФСБ буга чейин Яндекске кайрылып, конкреттүү шектүү тууралуу гана маалымат ала алчу. Эми ФСБ Яндекстин бардык колдонучуларынын маалыматына ээ болгону жатат.
“ФСБ ушундай эле талапты Телеграм мессенжерине да койгон. Бирок Павел Дуров башындагы компания колдонуучуларынын жеке маалыматы жана крипторафикалык ачкычтары менен бөлүшүү талабын аткаруудан баш тарткан. Жыйынтыгында Роскомнадзор бул мессенжерди Россия аймагында блоктогонго аракет кылган. Бирок ал ишке ашкан эмес, Телеграм иштеп эле жатат. Бирок Яндекстин мисалы такыр башкача болуп жатат. Яндекс Телеграмдан айырмаланып Россияда расмий иш алып барат, анын мыйзамдарына баш иет. Орус бийликтери менен кандай гана конфронтация болбосун ал бизнеске кедергисин берет”, - деген эле буга чейин Би-Би-Си Орус кызматынын киберкоопсуздук боюнча мурдагы кабарчысы Андрей Сошников.
Орус басылмалары Яндекстин дата-борборлору Россияда сакталарын жазып жатышат. Ошондой эле Яндекстин технологиялар боюнча мурунку директору Григорий Бакунов ФСБ эми Украинада согуш башталганы Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Грузия чыгып кеткен орус жарандарынын жеке маалыматтарына ээ боло аларын жана бул кооптуу экенин орусиялык “Медуза” басылмасына айткан.
Буга чейин Кыргызстандан согушка каршы болуп качып келген активист Алексей Рожков депортацияланган. Дагы бир орус жараны, “Левый блок” коомдук кыймылынын өкүлү Лев Скорякин июнда Бишкекте кармалган. Бул экөөнө тең Россияда издөө салынган.
Жеке маалымат – купуя болуш керек
GDPR (General Data Protection Regulation) – бул Евробиримдик 2018-жылы кабыл алган маалыматтарды коргоо регламенти. Анын башкы максаты – интернет колдонуучулардын купуялуулугун коопсуздоо.
Жарандардын жеке маалыматына алардын жашаган дареги, электрондук почтасы, документтери, геолокациясы, IP-адреси, интернеттеги браузердеги изи, ден соолугу тууралуу жана башка маалыматтар кирет.
GDPR Евробиримдик аймагында жашаган жарандардан маалымат чогулткан сайттарды көзөмөлдөйт.
Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда жарандардын интернеттеги жеке маалыматтары канчалык корголот айтуу кыйын. Аймакта GDPR өңдүү регламент иштебейт. Бирок буга чейин Кыргызстанда бул тууралуу маселе көтөрүлүп, ал тургай иликтөө да жүргөн.

“Кыргызстандагы компаниялар веб-сайт аркылуу маалымат топтогондо жарандар ошону билиши керек. Жаран кайсы сайтка кирсе ошол сайт айтышы керек “биз силердин маалыматыңарды топтоп атабыз, макулдугуңарды бересизби же жокпу” деп. Биз иликтеген компаниялардын аз эле пайызы ошондой уруксатты сурайт экен. Биз нес болгонбуз, анткени аз эле компания муну сурайт экен. Маалыматты ким топтоп жатат, аны кантип колдонуп жатат биз бул маалыматты билишибиз керек. Бирок азыр Кыргызстанда иш жүзүндө андай эмес”,- деди Кыргыз интернет коомунун негиздөөчүсү Талант Султанов.
Ошентип Яндекс сервисине байланыштуу маселе Кыргызстанда дагы бир жолу киберкоопсуздук маселесин көтөрдү.











