Айсулуунун өлүмү ашкерелеген чуулгандуу иштер

Милициянын тасмасынан алынган сүрөт, Айсулуу Мукашева жана Камила Дүйшөбаева.

Сүрөттүн булагы, ELTR, COURTESY PHOTOS

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрдү деп айыпталган адам башка бир нече кыз-келиндерге кол салууга, анын ичинде 2014-жылы мартта киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да шектелүүдө. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов тастыктады.

"Азыр тергөө аракеттери жүрүп жатат. Кылмышкер өзү көрсөтмө берип жатат. Анын көрсөтмөлөрү боюнча кылмыш иштерди көтөрсөк, Камила Дүйшөбаеванын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө бүт баары дал келип жатат. Таксиден кайдан салып кеткени, кай жерден зордуктаганы – баары дал келип жатат. Андан башка дагы адам өлтүрүү боюнча эки кылмышка шектелип жатат. Бирөөсүндө сегиз айлык боюнда бар аял экен. Бул боюнча дагы тергөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалыматтарды дагы беребиз", - деди Макилов.

41 жаштагы шектүүнүн болжолдуу башка кылмыштары тууралуу 15-октябрда ЭЛТР телеканалы укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө жарыялады.

Анда шектүү бир канча жыл мурда 4 кызды зордуктап өлтүргөнү айтылат. Дагы экөө аман калып, анын бирөө окуяны айтып берген. Ал кыздын айтымында, кыз өзүн коргоп, колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып, кылмышкердин колун кесип жиберген. Экөө кыйлага алышып, шектүү киши кызды башына таш менен чаап, Ботаникалык бакчага алып барып каналга ыргыткан. Кыз шектүү кеткенден кийин тез жардам чакырып аман калган.

Иликтөөдө айтылгандай, шектүү дагы бир кызды арматура менен башка чаап, тоноп кеткен. Бул кылмыштар боюнча айыпталуучу убагында кармалган. Бирок көп өтпөй эле жазасы жеңилдетилип, эркиндикке чыккан.

ЭЛТР телеканалы жарыялаган видео иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, шектүү тергөө бөлмөсүндө апасы менен сүйлөшүп жатып, Камила Дүйшөбаеваны акча үчүн өлтүргөнүн туюнткан.

"Таксиге отурган болчу. Чөнтөгүндө акчасы бар экен. Акчанын айынан ошондой болуп калды", - деп айткан шектүү.

11 жыл бою бети ачылбаган өлүм

1995-жылы туулган Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү алты күндөн кийин Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. Тергөө маалында суракка алынган 400гө жакын адамдын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын атасынын бир тууганы Калыйбек Салянов (Элтуйбасов) жана башка айрым таанымал адамдар болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2017-жылы милиция "тергөөгө тоскоолдук жараткан" деген айып менен Саляновго издөө жарыялаган. Мурдагы башкы прокурордун агасы өлкөдөн чыгып кетип, кийин анын АКШда экени белгилүү болгон.

Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн көп өтпөй, 9-октябрда Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу иштин бети ачылганын ишарат кылган жана «Фейсбукта» кененирээк айтып берерин билдирген. Ошол эле күнү Салянова «Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу маалымат берүүнү жылдырганга туура келгенин» жазган.

15-октябрда Аида Салянова «Фейсбук» аркылуу түз эфирде Камила Дүйшөбаеванын өлүмү жана агасы Калыйбек Саляновго тагылган айыптар тууралуу маалымат берди. Ал ЭЛТРдин иликтөөсүндө айтылган, «агасы менен маркум кыздын байланышы болгон» деген маалыматтарды четке какты. Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын саясатын сындап чыкканы үчүн, агасына 2017-жылы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча «саясий максатта» иш козголгонун айтты.

"Ошол жагдайда, катуу саясий тиреш болуп жаткан кезде, 2017-жылы агамдын үстүнөн иш козгоп жатышат. Кыз 2014-жылы каза болсо, үч жылдан кийин агамдын үстүнөн иш козгоп жатышат. "Өлтүрүү" деп козгой алышкан жок. Анткени эч бир далил жок эле. "Өлтүрүү" деген күнөөнү койгондон коркушту. Бирок "тергөөгө тоскоолдук жаратты" деп иш козгоп коюшту. Ал кандай тоскоолдук? "Бир саунада бир видеону өчүргөн" дейт. Камила Дүйшөбаева эч качан ал саунада болгон эмес. Менин агам дагы Камила Дүйшөбаева менен эч качан саунада болгон эмес. Аны бүгүн деле ЭлТРдин сюжетинен көрдүңөр болушуңар керек. Андай факты эч качан болгон эмес. "Режиссерлор" кандай ой менен ишти козгошкон? Алар "эгер тергөөгө тоскоолдук кылды" деп козгосок, эл "эмнеге тоскоол болду, демек, өлтүрдү деп ойлошот" дешкен. Тек гана мени каралоо үчүн ошол иш козголгон", - деди мурдагы башкы прокурор.

Бир нече күн мурда Камила Дүйшөбаеванын ата-энеси "Азаттыкка" маек куруп, 11 жылдан бери маркум кызынын өлүмүнүн бети ачыларына дээрлик ишенбей калышканын айтып беришкен.

"Бир жакшы тыянак чыгар бекен деген үмүт менен күттүк, бирок андай болгон жок. Ошон үчүн ишене албай калдык. Табылат деген үмүтүбүз үзүлүп калган. Мунун айынан диабет болдум, жүрөк оорусун таптым. Азыр баса албай күйүгүп калдым. Ар ким ар кандай айтып жүрүштү, эл сүйлөй берет тура. Кээ бирөө көрүп, кээ бирөө көрбөй, кээ бирөө көрө албай айтат экен. Кызым жөнүндө ар кандай сөз чыгарышты. Бирок кызыбыз жеңил ойлуу эмес болчу. Кичинесинен эркелетип бактык эле. Үйдө бир күн түнөбөй калган эмес. Бир жакка кеткенде айткан убагында келип калчу", - деп айткан эле Камиланын апасы Арзыкан Мамбетова.

Ички иштер министрлиги азырынча Камила Дүйшөбаева жана Айсулуу Мукашева сыяктуу кыз-келиндердин өлүмүнө шектелген адамдын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталып жатканын билдирип, маалымат билгендерди милицияга байланышууга чакырды.

Өлүм жазасын киргизүү сунушу

11-класстын окуучусу Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Барскоондон Караколго курбусуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

30-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 17 жаштагы кыздын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылганын билдирген.

Милиция шектүү катары мурда соттолгон 41 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, алдын ала сурак учурунда ал кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.

Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров жаш балдарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартууну сунуштады. Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоору да коомдук талкууга чыгарылды.

Укук коргоочулар өлүм жазасы аялдарга жана балдарга жасалган оор кылмыштарды токтото албай турганын, сот системасына жана укук коргоо органдарына ишеним төмөн өлкөдө эң катаал жазаны киргизүүнүн тобокелчиликтери бар экенин эскертип жатышат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылы 14 жашка чейинки беш жеткинчек, 14 жаштан 18 жашка чейинки беш өспүрүм жана 34 аял киши колдуу болгон.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган.