Европанын көз карандысыздыгы, Американын өзүм билемдиги жана Украинадагы согуш. Мюнхендеги коопсуздук конференциясында эмнелер айтылды?

Кир Стармер, Фридрих Мерц и Эммануэль Макрон

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Святослав Хоменко, Мирослава Пеца
    • Role, Би-би-си, Мюнхен
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Европадагы коопсуздук маселелери боюнча жылдын башкы форуму ажырымсыз жана ызы-чуусуз өттү. Жекшемби күнү жыйынтыкталган Мюнхен коопсуздук конференциясы эмнеге арналды жана анын жыйынтыгы боюнча эмнени түшүндүк деген суроого жооп берүү үчүн аны өткөн жылдагы Мюнхен менен салыштыруу керек.

Ал кезде дүйнө Ак үйгө жаңы кайтып келген Дональд Трамптан эмнени күтүүгө болорун билбей турган кез эле. Ал эми конференциянын темасы катары көп уюлдуу дүйнө тандалып, уюштуруучулар даярдаган "Мюнхен баяндамаcынын" мукабасында түрдүү түстөгү бөлүктөрдөн турган жер шары тартылган.

Бирок андагы Мюнхен конференциясы жаңы кызматка киришкен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин катуу сүйлөгөн сөзү менен эсте калган. Ал кескин сөздөрү менен Трамп бийликте турганда дүйнө мурункудай болбой турганын ачык билдирген. Айрыкча анда Европа сынга кабылган эле: америкалык конок Орусия менен Кытайдан көрө миграция жана сөз эркиндиги маселелери Эски континентке көбүрөөк коркунуч туудурат деп, АКШ Европаны коргоого каражат жумшабай турганын ачык эле кыйыткан.

Былтыр америкалык жаңы администрация дүйнөнү өз идеалына ылайык кайрадан түзүүгө чындап киришкенин көрсөттү. Трамп жана анын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү жолдоочулары ички жана эл аралык саясаттагы институттарды бузуп, алардын ордуна коомдун талабына жана доордун рухуна ылайыктуу жаңы институттарды түзүүгө аракеттеништи.

Быйылкы конференция алдында жарыяланган жаңы "Мюнхен баяндамаcы" дал ушул эскинин кыйраткачтарына арналды. Анткени, кааласак да, каалабасак да, дал ошолор дүйнөнү өзгөртүп, аны таанылгыс кылып жатышат.

Баяндамада айтылгандай, Дональд Трамптын көрсөтмөсү менен Американын эң символикалык имараты - Ак үйдүн тарыхый бөлүгүн бузуп, анын ордуна жаңы жана кооз бал залын куруу бир башка, ал эми 1945-жылдан кийин калыптанган дүйнөлүк тартиптин бузулушу, эрежелерге негизделген дүйнөнүн көз алдыбызда жок болуп кетиши таптакыр башка нерсе болууда.

Геосаясий жактан мындай багыттагы көрүнүштөрүнүн бири бул он жылдыктарда дүйнөлүк тартиптин негизи болуп келген батыш демократияларынын ортосундагы трансатлантикалык байланыштардын үзүлүшүн атоого болот. Вашингтондун Европага карата риторикасын жана союздаштарынын позициясына карабастан АКШнын (көбүрөөк Дональд Трамптын) Гренландияны колго алуу калоосунан улам чыккан жаңжалды мындан башкача түшүндүрүү кыйын.

"Эски дүйнө мындан ары жок", - деди Мюнхен конференциясына учуп бара жатып АКШнын мамлекеттик катчысы жана тарыхтагы америкалылк эң ири делегациянын башчысы Марко Рубио.

"Биз жаңы геосаясий доордо жашап жатабыз, бул ар бирибизден анын кандай болорун жана анда биздин ролубуз кандай болорун кайра карап чыгууну талап кылат" - деп Рубио Мюнхенде талкуулар баштала электе эле алардын өңүтүн белгилеп койду.

АКШ: Биз ар дайым Европанын балдары болобуз

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мюнхенде Рубионун келишин аралаш сезим менен күтүштү, быйыл европалык коопсуздук боюнча АКШнын жалпы багытын Жей Ди Вэнс эмес, Рубио өзү билдире турганына жеңилдөө, ошол эле учурда ал европалыктарга кандай билдирүүлөрдү алып келерине тынчсыздануу да болду.

Рубионун сөзү күтүлгөндөй эле конференциянын негизги окуясы болду.

Рубио деле Жей Ди Вэнс былтыр айткан айрым тезистерди кайталаганы менен, аларды урматтоо менен айтканы, ошондой эле өз сөзүндө Америка менен Европанын байланышын дайыма белгилеп турганы конференциянын маанайын түп-тамырынан өзгөртүп, европалык жогорку расмийлеринин жүзүнө жылмаюуну кайтарды.

Ал америкалыктарды Батыш жарым шарында жашаган Европанын балдары деп атап, Нью-Йорк шаары мурда Жаңы Амстердам деп аталганын эскерди.

Сөзүнүн таасиринин арттыруу үчүн Рубио өзүнүн ата-бабалары Италиядагы Сардиния аралынан жана Испаниядагы Севильядан чыкканын айтып берди.

Рубио Трамптын жетекчилиги астында Америка жакшы келечекти өзү да кура аларын, бирок аны "кымбат союздаштары жана эң эски достору" болгон европалыктар менен бирге курууну кааларын, ошол эле учурда Европа өзүн өзү коргой ала турган болушу керектигин айтканда, зал кол чапты жана жеңил дем алды.

Марко Рубио

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марко Рубио

Көпчүлүк үчүн Америка Европа менен калат деген таасир жаралды. Бирок баары эле андай ойдо болгон жок.

Биринчиден, Рубио өз сөзүндө төрт жылдан бери Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш жүргүзүп жаткан Орусияны бир да жолу атаган жок, Донбасстын оккупациясы менен Крымдын аннексиясы 12 жылга созулуп жатканы да айтылган жок. Ошондой эле ал америкалык президенттин аракеттери жана риторикасынан улам терең кризисти баштан кечирип жаткан коопсуздук түзүмүнүн негизи - НАТО жөнүндө да сөз кылган жок.

Экинчиден, Дональд Трамптын Гренландияга карата амбициялары да жоголуп кеткен жок. Бул тууралуу Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен билдирди. АКШынын аракеттеги администрациясынын бул дымагы Рубионун Европага багытталган биргелешкен келечек тууралуу билдирүүсүнө шайкеш келбей жатат.

Вашингтондун Дания падышачылыгынын автономдуу аймагы болгон Гренландияны тартып алууну каалоосу сакталып турганда, Европа коопсуздук маселесинде Америкага кантип ишене алат?

Рубионун сөзүндө эмне басымдуулук кылды - Конгресстеги орто мөөнөттүү шайлоодо демократтар жеңсе, Дональд Трамп "аксак өрдөккө" айланып, импичмент коркунучуна кабылышы мүмкүн, андыктан башкы создаштар менен урушпаш керек деген прагматикалык эсеппи же 25 жыл Сенатта иштеп, Республикалык партиянын жылдызына айланган мамкатчы Рубионун "кыргый" мүнөзүбү - бул ачык бойдон калды.

2028-жылы Марко Рубио президенттикке барууга даайбы же жокпу? Мамлекеттик катчы АКШнын тышкы саясатындагы аярлуу маселелеринде классикалык Маккейндик үлгүнү жактаганы менен, анысын MAGA духундагы риторика менен, жана да Трамптын дарегине мактоолор менен жымсалдап жатат.

"Биз Украинадан үлүш каалабайбыз"

Быйылкы Мюнхен конференциясы америкалык конгрессмендердин катышуусу боюнча рекорд коюшу керек эле, бирок өкмөттүн иши токтоп калуу коркунучунан улам баары келе алган жок. Болбосо сенатор Линдси Грэм Конгресстин эки палатасынан 50 эл өкүлүн баштап келмек.

Келгендердин арасында Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун авторлору Грэм менен Ричард Блюменталь жана демократтардан президенттикке потенциалдуу талапкерлер: Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортес, Мичигандын губернатору Гретхен Уитмер жана Калифорниянын губернатору Гевин Ньюсом болду.

Грэм менен Ричард Блюменталь Орусияга карата "азаптуу санкцияларды" киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу убадаларын кайталашса, Ньюсом Украинадагы согуш тууралуу позициясын кеңири аудиторияга дээрлик биринчи жолу билдирди. Демократтардын Ак үйгө кайтып келүүсүнүн башкы шансындай болгон Калифорниянын губернатору Трампты утурумдук көрүнүш катары сыпаттап келет. Мюнхенде ал Владимир Зеленскийдин сүйлөгөз сөзүн адаттан тыш болду деп сыпаттап, Трамптын администрациясынын Украинадагы согушту токтотуу боюнча тынчтык планына карата ишин сынга алды.

Ал Орусия уурдап кеткен эки украин кыздын кайтып келиши тууралуу видео аны төрт баланын атасы катары терең таасирленткенин айтты.

"Ушул согуш эмнеге болуп атат? Адамдык кадыр-барк, сөз эркиндиги, демократия, Европа жана биз үчүн кымбат болгон баалуулуктар үчүн", - деди ал.

Губернатор Калифорнии Гевин Ньюсом

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калифорниянын губернатору Гевин Ньюсомду кийинки президенттик шайлоого демократтардан көрсөтүлө турган потенциалдуу талапкер катары көрүшөт

Бирок калифорниялык губернатор сөздөн тышкары аракеттерди да убадалап жатат. Буга чейин Калифорния Украинага жети көчмө госпиталын жөнөткөн, ушул округда жайгашкан Direct Relief кайрымдуулук уюму 2 миллиард АКШ долларын жардам катары берген. Мюнхенде Калифорния Львов облусу менен ич ара түшүнүшүү меморандумуна да кол койду.

Калифорния - АКШнын эң бай штаты. Мюнхенде Ньюсом менен Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жолугушканын да ушуну менен түшүндүрүүгө болот.

Калифорниянын губернатору Украинадагы согуш тууралуу сүйлөп жатып "тынчтык" жана "үлүш" сөздөрү менен ойноп жатты, англисче бул сөздөр дээрлик бирдей (peace жана piece) угулат.

"Президент Жаред Кушнер, Уиткофф жана Орусиянын суверендүү фондусунун башчысы менен менен ишке ашырган тынчтык планынын бир бөлүгүндө кайрадан калыбына келтирүү боюнча маселе бар жана бул иште ким үлүшүн ала алат деген да суроо бар болгонун эстетким келет. Бул мен туулуп өскөн Америка эмес. Биз тынчтыкты каалайбыз, биз калыс келишимди каалайбыз, биз Украинадан үлүш каалабайбыз".

Европа: Өзгөр же өл

Европа үчүн геосаясий жаңы реалдуулуктагы бурулуш учур былтыркы Гаагада өткөн НАТО саммити болду. Анда Дональд Трамп альянстын бардык мүчөлөрү коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5% чейин көбөйтүү тууралуу анын "суранычына" макул болбосо, АКШ Европанын коопсуздук системасынан чыга алат деген маселе койгон эле.

Украинадагы кандуу согуш жана Орусия тараптан коркунучтун өсүшү европалык өлкөлөргө тандоо калтырган жок, андыктан 5% тууралуу чечим кабыл алынган.

Бирок ошондо эле "коргонууга" жөн эле акча бөлүп коюу аздык кылары, ал каражат кайда жана кайсыл максатта колдонулуп жатканын билүү кажет экени тууралуу талкуулар жүргөн. Европанын коргонууга салган акча каражатынын көлөмүнүн өсүшү анын жаңы геоаясий реалдуулуктагы ордуна таасирин бермекчи, бул тууралуу Мюнхенде Британиянын премьер-министри Кир Стармер "азыркы доордун валютасы бул - кара күч" деди.

Европанын кубаты чынында көз алдында өсүп жатат. Еврокомиммисянын төрайымы Урсулы фон дер Ляйен 2025 жылы Европанын коргонууга болгон чыгымы Украинадагы согуш башталганка чейинкиден 80% өскөнүн билдирди. Ал эми 2028-жылы карата бул сан АКШ бул максатка короткон былтыркы суммасынан ашып түшмөкчү.

Бирок ошол эле Стармер белгилегендей Европа менен Орусиянын ИДПсынын суммардык көлөмүндөгү он эселеген айырма Европа аскердик жактан орусиялыктардан он жолу кубаттуу дегенди билдирбейт.

"Бизде абдан чоң коргонуу мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок көп учурда алар өз-өзүнчө бөлүктөрдүн суммасынан да аз натыйжа берет. Пландоо жана сатып алуу системаларындагы кемчиликтер айрым тармактарда алешемдиктерди жаратып, башкаларында ашыкча кайталоолорго алып келди. Европада фрегаттын 20дан ашык түрү жана истребителдердин он түрү бар, негизги согуштук танктардын да ондон ашык түрү колдонулат, ал эми АКШда болсо бир гана түрү бар. Бул өтө натыйжасыз жана биздин жамааттык коопсуздугубузга зыян келтирет. Американын коопсуздук "калканы" ушул зыяндуу өзгөчөлүктөрдүн өнүгүшүнө жол берди, эми болсо биз алардан арылууга тийишпиз", - деди Мюнхенде Стармер.

Конференциянын спикерлери Европаны күчтүүрөөк жана көз карандысыз кылууга мүмкүндүк бере турган "рецепттерди" берип атышты. Ошол эле учурда алар мындай күчтөнүү Европанын Америка менен болгон трансатлантикалык байланыштарына эч кандай каршы келбеши керектигин дайыма белгилеп жатышты. Анткени, Мюнхендеги баяндамачылардын айтымында, Вашингтон үчүн керек учурда колдоо көрсөтө ала турган күчтүү өнөктөшкө ээ болуу, коргоого олуттуу ресурстарды сарптоону талап кылган алсыз өнөктөшкө караганда алда канча пайдалуураак.

Так эмне кылуу керектиги жалпысынан баарына эле түшүнүктүү. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, улам өсүп жаткан европалык бюрократия менен күрөшүү, машина куруу, авиация-космос тармагы жана жасалма интеллект технологиялары сыяктуу багыттарда жарандык жана коргонуу секторлорунун ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу. Бул сунуштардын баары сахнадан айтылды. Ал эми Европа бул милдеттердин баарын аткара албайт деп эсептеген скептиктерге Урсула фон дер Ляйен украиндерден сабак алууну сунуштады: "Алар: өзгөр же өл, дешет. Биз да ушул принципти кабыл алышыбыз керек".

Макаланын толук версиясын бул жактан окуй аласыздар.