АКШ: биринчи жолу республикачы спикер кызматтан алынды

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өз тарыхында биринчи жолу спикери, республикачы Кевин Маккартини кызматтан кетирди. Ага өзүнүн партиясынын оңчул-радикал мүчөлөрүнүн чакан тобу каршы чыгып, Демократиялык партия добуштары менен аларга өз лидерин кетирүүгө жардам берди.
Жыйынтыгында эки жүз он алты конгрессмен, анын ичинде сегиз гана республикачы Кевин Маккартинин кызматтан кетүүсүнө макул деп добуш берсе, эки жуз ону каршы добуш берди.
Кевин Маккарти ишемби күнү демократ Жо Байдендин администрациясынын “шатдаунга” кабылуу коркунучунун алдын алган убактылуу бюджетти кабыл алуу боюнча макулдаша алды. Бирок, ал ошол эле учурда өз партиясынын радикалдуу мүчөлөрүнүн кыжырын келтирди. Алардын бири Флориданын өкүлү Мэтт Гейтц дүйшөмбү күнү спикердин отставкасы боюнча резолюциянын долбоорун сунуштаган.
Добуш берүүдөн кийин Кевин Маккарти Гейтцтин жүйөсү чындыгында бюджетке эч кандай тиешеси жок экенин жана ал жөн гана өзүнүн атын чыгарууга аракет кылып жатканын айтты.
Маккарти кайрадан спикерликке талапкерлигин коюу ниети жок экенин да билдирди.
Демократиялык партиянын фракциясы бир аз акыл калчаган соң, спикерди куткарбоо чечимине келип, отставкага макул деп добуш берди.
Республикалык партия азыр Өкүлдөр палатасында бир аз көпчүлүккө ээ: аларда эки жүз жыйырма бир добуш бар, демократтарда болсо эки жүз он эки добуш.
“Жылдын башында Кевин Маккарти төрт күндүн ичинде он беш жолу өткөн шайлоо аркылуу келген Өкүлдөр палатасынын спикери катары Конгресстин тарыхында калган эле. Эми, тогуз айдан кийин Палата кызматтан четтетүү үчүн добуш берген биринчи спикер болуп кайрадан тарыхта калды”, - деп жазат Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы Энтони Зуркер.
"Бүгүнкү добуш берүү Маккартинин саясий алсыздыгын, ошондой эле палатадагы республикачылардын ортосундагы бөлүнүүнү көрсөттү," – деп эсептейт Зуркер.

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Башаламандыктын келечеги
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин АКШдагы дагы бир кабарчысы Кайла Эпстайн белгилегендей, спикерди кызматтан алуу менен Өкүлдөр палатасы биринчи жолу процессуалдык жактан белгисиз аймакта калган.
Азырынча айкын болгон нерсе - республикачы Патрик Макгенри убактылуу спикер болуп калды.
"Убактылуу спикер туруктуу спикердин бардык ыйгарым укуктарына ээби же ал административдик ыйгарым укуктарга жана кийинки спикерди шайлоону чакырууга гана укугу барбы, белгисиз", - деп түшүндүрөт Эпстайн. Ошол эле учурда АКШ парламентинин регламентинде убактылуу спикер канча убакыт отура ала турганы жана туруктуу спикер үчүн жаңы шайлоо качан өтүшү керектиги айтылган эмес.
“Өкүлдөр палатасы кийинки спикерди шайлаганга чейин башаламандыкка түшүшү мүмкүн. Республикачылардын арасындагы ажырымды эске алганда, бул процесс Маккартини шайлоо сыяктуу эле көйгөйлүү болуп калышы ыктымал”, - дейт Би-Би-Синин кабарчысы.
Республикалык партиянын бир нече өкүлү Маккартинин ордуна келчү адамды 10-октябрда талкуулап, жаңы спикерди 11-октябрда шайлоону пландап жатышканын айтышты.
Добуш берүүдөн кийин АКШ президентинин администрациясы Конгрессти мүмкүн болушунча тезирээк жаңы спикерди шайлоого чакырган.
"Президент Байден ар дайым Конгрессте эки партия менен тең иштешүүгө даяр жкенин көрсөтүп келген (...) жана элдин арасындагы актуалдуу маселелер күтпөйт. Президент байден палата жаңы спикерди тез арада шайлайт деп үмүттөнөт", - деди, Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер. (DO)












