Пахта жана мажбур эмгек. Орусиянын курал заводдорун чийки зат менен ким камсыздайт?

Орусияга ок-дары өндүрүшү үчүн ак алтын керек. Курал заводдору бул чийки затты Өзбекстандан сатып алат. Жергиликтүү компаниялар аны экспорттоп турушат. Алардын биринин кеңсеси Варшавада жайгашканын Би-Би-Си тактап билди.

Орусиянын курал чыгарган заводдору пахтаны Өзбекстандан сатып алышат

Сүрөттүн булагы, TIMUR KARPOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын курал чыгарган заводдору пахтаны Өзбекстандан сатып алышат

Украинадагы согуш башталгандан бери орус аскер заводдору өндүрүштү көбөйтүп жатат. Ал бир жагынан өзбек пахтасынын эсебинен көбөйүп жатат, анткени бул чийки зат ок-дары жана снаряд чыгарганга колдонулат.

Бул заводдордун баары санкция алдында, бирок алар кеңселеринин бири Варшавада жайгашкан компаниядан пахта сатып алып турушат.

Өзбекстанда пахта жыйноо үчүн он жылдан бери мажбурлап иштетүү ыкмасын колдонуп келишет. Аны өстүргөн дыйкандар дээрлик укуксуз, сатып алуучу фирмалар менен мамлекетке көз каранды.

Би-Би-Синин орус кызматы Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы пахта соодасы кандай жүрүп жатканы тууралуу айтып берет.

Өз ара пайдалуу кызматташтык

“Суук аба ырайы, жаан-чачын, температуранын өзгөрүшү - мунун баары пахтаны сортуна чоң таасирин тийгизет. Азыркы учурда биздеги пахтанын сапаты өтө эле начар, ошондуктан аны жогорку сапатта алыш үчүн сентябрь айында күн жылуу болуп турган учурда жаан-чачын болгонго чейин жыйнап алуу керек,”-дейт Өзбекстандагы пахта тармагына көп жылдардан бери көз салып келаткан өзбек документалисти жана журналист Тимур Карпов.

Пахта өлкөнүн экономикасы үчүн эң ири ресурстардын бири. 2019-2020-жылдагы сезондо бир миллион гектардан ашык жерди пахта ээлеген (бул өлкөдөгү бардык айдоо жерлеринин төрттөн бир бөлүгү), 2022-жылы экспортко кеткен пахтанын жалпы баасы 1,6 миллиард долларды түзгөн.

Өзбекстанда айдоо аянттарынын төрттөн бирин пахта ээлейт

Сүрөттүн булагы, TIMUR KARPOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстанда айдоо аянттарынын төрттөн бирин пахта ээлейт

Климаттык шарттарга байланыштуу Өзбекстанда өзгөчө пахта бышканда эки миллионго чейин адам оруп-жыюу иштерин бир мезгилде жасаш үчүн талаага чыгат. Бул дүйнөдөгү эң чоң сезондук мобилизация.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мамлекет көп жылдар бою бул тармакты көзөмөлдөп келет, азыр Өзбекстанда айдоо жерлерине ээлик кылып, түшүмдү көзөмөлдөп, пахта рыногунда негизги соодагер катары калууда.

2020-жылы Өзбекстандын коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитети Казан ок-дары заводу менен келишим түзгөн. Татарстандын Өнөр жай министрлигинин сайтында жарыяланган пресс-релизде айтылгандай, тараптар өз ара кызматташуу тууралуу макулдашты: Орусия Өзбекстанга ок-дары даярдап берип, өлкөдө өзүнүн өндүрүш ишмердигин жүргүзө берет, Өзбекстан болсо өз кезегинде Россияга пахта буласын берүүгө милдеттенди.

Талаада терүүчүлөр пахта сырьесун, иштетилбеген пахта буласы менен кошо аралаш эле жыйнашат. Кайра иштетүү учурунда тазаланып, коргоо өнөр жайларында колдонула турган пахта целлюлоза алынат.

Аскер заводу алгач ок-дарынын башка бир түрүн иштеп чыгуу үчүн чийки заттан нитроцелюллозаны алышат, экинчиден, целлюлоза танк куралы үчүн заряддарды өндүрүүдө колдонулат .

Целлюлоза Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилген - бул продукт аскердик муктаждыкка керек болбогон учурда гана Орусияга импорттолот.

“Өзбекстан ок-дары чыгарууга керектүү чийки заттарды өңдүрүп саткан өлкөлөрдүн бири. 2019-жылы биз келишимдерге кол койгонбуз, аны бул жылы ийгиликтүү ишке ашырдык жана келечектеги өз ара пайдалуу кызматташтыктын пайдубалын түптөп жатабыз,” - деди заводдун башкы директору Александр Лившиц.

Казан ок-дары заводу, Татарстандын Өнөр жай палатасынын сайтында айтылгандай, аткыч куралдарга, чакан калибрлүү артиллерияга, танк жана авиация замбиректерине, талаа жана деңиз арттиллериясына керектүү заряддарды чыгарат.

Пахта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өзбекстандан россиялык ок-дары чыгаруучу заводдорго пахта целлюлозасын түздөн-түз жеткирүүгө «Важные истории» басылмасы (Россияда «чет элдик агент» катары таанылган), Vlast.Kz жана OCCRP концернинин биргелешкен иликтөөсүндө биринчи жолу көнүл бурулду.

Би-Би-Синин орус кызматы да Казан ок-дары заводунун сатып алуулары менен таанышты. Import Genius компаниясынын маалыматы боюнча Казан ок-дары заводу 2019-жылдан бери Өзбекстандын чийки затын түздөн-түз сатып алып келатат, согушка чейин 2019-жылы завод 60 миң долларга 48 тонна пахта целлюлозасын сатып алган.

Согуш башталгандан кийин, завод 2022-жылы августта жана 2023-жылы декабрда жаңы жумушчуларды ишке чакырган. Мындай көрүнүш завод өндүрүштү кеңейткенинен кабар берет .

Керектүү сырьё менен камсыз кылуу да өстү. 2022-жылы жана 2023-жылдын башында завод Фергана химиялык заводунан 2,1 миллион долларга 1225 тонна пахта целлюлозасын сатып алган - бул 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 25 эсеге көп.

Фергана заводу пахта целлюлозасын башка россиялык ок-дары заводдоруна да берип турган. Import Genius компаниясынын маалыматы боюнча, 2022-жылы 26 тонна Пермь ок-дары заводуна 48 миң долларга сатылса, 2023-жылы 79 тонна 140 миң долларга ортомчу аркылуу Алексинге жеткирилген, ал жерде ок-дары чыгарган Алексин химиялык заводу бар.

Жалпысынан Important Stories, OCCRP жана Vlast.Kz басылмаларынын биргелешкен иликтөөсүнө ылайык, 2023-жылы завод Орусияга дээрлик 5 миллион долларга 2,7 миң тонна пахта целлюлозасын жеткирген. Алардын 2,2 миллиону ок-дары чыгаруучу заводдорго, калганы Орусиянын коргонуу заводдорун сырье менен камсыз кылган ортомчу фирмаларга кеткен.

Өзбекстандан пахта целлюлозасын сатып алган дагы бир ишкана - Котовск шаарында жайгашкан Тамбов ок-дары заводу. 2022-жылдын январь-июль айларында “Коммерсант” гезити маалымдагандай, завод өндүрүштү 34% кеңейтти. Азыр завод ачык вакансияларды үзгүлтүксүз жарыялап турат, алар заряд монтаждоочуларды жумушка активдүү чакырууда.

Пахта жыйноо Өзбекстандагы эң ири мобилизация

Сүрөттүн булагы, VALERY KHARITONOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пахта жыйноо - Өзбекстандагы эң ири мобилизация

2022-жылы Тамбов порошок өндүрүү жайы 485 миң долларга Өзбекстандын “RAW MATERIALS CELLULOSE” заводунан 253 тонна пахта целлюлозасын сатып алган.

Россиялык «Ярспецпоставка» дагы ошол эле соода компаниясынан чийки затты алган. 2022-жылы 139 тонна пахта целлюлозасын сатып алып, Тамбов облусунун Катов шаарына жөнөткөн. Тамбов облусу аркылуу сатып алуучу «Ярспецпоставка» жалгыз завод эмес. Би-Би-Синин орус кызматы "Феникс" компаниясынан Катовск шаарына жеткирип туруучу кеминде үч соода компаниясын тапты, алардын бири BAXTTEKS-FARMдан 63 тонна сатып алган.

Жалпысынан Important Stories OCCRP жана Vlast.kz басылмаларынын иликтөөсүнө ылайык, 2022-жылы Өзбекстандан келген фирмалар Орусияга 5 миллион долларга пахта целлюлозасын жеткиришкен. 2023-жылдын алгачкы тогуз айында- 8,7 миллион долларга жеткен. Иликтөөчү журналисттердин айтымында, Орусия чийки заттын жарымынан көбүн Өзбекстандан, калганын Казакстандан алып келет.

Орусияга ок-дары чыгарууга чийки зат ташыган компанияларды ким көзөмөлдөйт?

2021-жылы Фергана химиялык комбинатынын 100% кожоюну, Өзбекстандын юридикалык жактарынын реестрине ылайык, Тышкы экономикалык ишмердиктин улуттук банкы болгон. Ал өлкөдөгү эң ири банк, 100% мамлекеттин колунда.

Бирок 2023-жылдан бери завод жеке менчикке өттү, “Важные истории” басылмасы белгилегендей, фабриканын ээси Орусиянын эки жараны- Рустам Муминов менен Михаил Глухов.

Муминов Россияга ок-дары үчүн чийки зат жеткирип турган башка дагы компанияларды башкарышы мүмкүн. Алардын бири «RAW MATERIALS CELLULOSE» ( компания Тамбовдогу ок-дары заводун кеминде 253 тонна зат менен камсыз кылган). «RAW MATERIALS CELLULOSE» заводунун негиздөөчүлөрүнүн бири Лариса Уктина. Өзбекстандын Интеллектуалдык менчик маалыматы боюнча ал 2021-жылы эки товардык белгини ("Альянс Капиталдын" бир бөлүгү жана "Химистри Интернешнл") каттаган.

"Альянс Капитал" сайтынын маалыматы боюнча, негиздөөчүсү Рустам Муминов ( Фергана химиялык комбинатынын ээсинин бири), анын негизги активдеринин бири Фергана химиялык заводу. Компаниянын сайтынын айтымы боюнча Alliance Capital компаниясынын штаб-квартирасы Варшавада жайгашкан. Би-Би-Си орус кызматы карап чыккан отчетто, анын Европа Биримдигиндеги негизги ишмердиги жолдорду, шосселерди жана көпүрөлөрдү куруу деп көрсөтүлгөн. Компания 2022-жылы киреше албай калган.

Отчетто компаниянын ээси 43 жаштагы Виктория Бонковска да көрсөтүлгөн. Би-Би-Синин орус кызматы Викториянын атасынын аты Рустамов экенин, анын туулган күнү жана жашаган жери, Москванын тургуну Муминова Виктория Рустамовнанын маалыматтарына толугу менен дал келээрин билдирген. Кыязы, бул бир эле адам.

Демек, Польшанын “Альянс Капиталынын” ээси Фергана химиялык комбинатынын кожоюну Рустам Муминовдун кызы болушу ыктымал. Виктория азыркы учурда кайда жашаганын билүү мүмкүн болгон жок, ал Би-Би-Синин каттарына да жооп бербеди.

Ак алтын, укуксуз дыйкандар жана зордоп иштетүү

Өзбекстандын пахта тармагы көп жылдар бою жарандарын мажбурлап иштетет, алардын ичинде жаш балдар дагы бар. Себеби, эгинди жыйноого бир эле убакта көп сандагы адам керек болот. Анткени пахта тез арада терилбесе, түшүм коромжу болушу мүмкүн, дейт өзбекстандык документалист Тимур Карпов.

Хьюман Райтс Вотчтун 2012-жылдагы отчетуна ылайык, балдар ооруканасынын кызматкерлери, мугалимдер, студенттер жана жакынкы райондордун мектеп окуучулары талаага жөнөтүлгөн - ар бир аймакта атайын милдеттүү өндүрүштүк норма болгон. Жаш балдар жана чоңдор үчүн бул норма 60 килограммды түзүп, жумуш күнү 12 саатка созулган. Ушул эле баяндамасында Хьюман Райтс Уотч уюму 18 жаштагы Навруз Муизиновду мисал келтирет - ал пахта терип жүрүп, талаадан уруксатсыз чыкканы үчүн сабалып өлтүрүлгөн.

Ошол эле учурда батыш бренддери Өзбекстан менен кызматташуудан баш тарта баштады – натыйжада Adidas, Puma, H&M жана башка бренддер өзбек пахтасын сатып алуудан баш тартышкан.

Пахта тергендер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Укук коргоочулар менен активисттердин активдүүлүгүн аркасында жана 2016-жылы Ислам Каримов каза болгондон кийин кырдаал өзгөрө баштады. Биринчиден, өнөр жай эгиндерин жыйноого балдарды жөнөтүү жоюлган. 2021-жылдагы түшүм жыйноодо Өзбекстандын адам укуктары форумунун укук коргоочулары мажбурлап иштетүүнүн системалуу түрдө колдонулушун байкашкан эмес.

Бирок дагы деле дыйкандар менен пахта тергендер өкмөттүн кысымына кабылууда.

2017-жылдан баштап мамлекет менен дыйкандардын ортосунда жаңы ортомчу пайда болду, кластерлер деп аталган ишканалар – дыйкандардан пахтаны чийки сатып алып, кайра иштетип, аны чет өлкөгө же ички рынокко сатууга жөнөтөт. 2018-жылга карата бул топ пахта ээлеген бардык айдоо жерлеринин жарымына жакынын көзөмөлдөп турган.

Адам укуктары боюнча Өзбекстан форумунун негиздөөчүсү Умида Ниязова кластерлердин кесепетинен жер иштетүүчүлөр көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болсо дагы, дыйкандар үчүн жеңилдиктер каралбаганын белгилейт.

“Дыйкандар кандай түшүмдү албасын, пахта же дан эгүү милдеттенмеси менен жерди ижарага алышат. Бирок азыр дыйкандар пахтаны мамлекетке эмес, өз аймагындагы белгилүү бир кластерге сатууга милдеттүү. Кайсыл кластерди тандоо укугуна ээ эмес. Ал эми дыйкандар менен кластерлердин ортосундагы мамилени биз эксплуататордук деп атайбыз: фермер баарына жана ар бирине милдеттүү – дыйкандардын эч нерсеге укугу жок, чынында бул адилетсиз көрүнүш, себеби кластерлер болгону пахтанын буласын тазалоочу заводдору бар жеке ишкерлер».

Анын пикирине Каракалпакстандан (Өзбекстандын курамындагы автономиялуу республика) укук коргоочу, “Чирок” демилгелүү тобунун жетекчиси Азимбай Атаниязов да кошулат. Ал дыйкандар бир жылдан ашык убакыттан бери кластерлерден төлөм ала албай жаткан аймактарды санап өттү:

«Амудария районунда, Тахиаташ районунда да көрүнүш ушундай. Кегейли, Караузяк райондорунда дыйкандар акчасын ала албай жатышат, анткени кластерлер банкрот болгон. Эмне үчүн алар банкрот болду? Бул мамлекет көзөмөлдөгөн жеке бизнес болсо дагы, чиновниктер бизнесмендердин көйгөйүнө башы оорубайт».

Коңшу аймактарда да абал ушундай – январь айында EFFECT.UZ телеграм каналы Сырдарыя облусундагы дыйкандар кластерден 52 миллиард сом (4 миллион долларга жакын) ала албай жатканын кабарлаган.

Атаниязов кластерлерди түзүү процесси ачык-айкын болбой, ишканалар мамлекеттик чиновниктердин же алардын жакындарынын колуна өтүп кеткенин белгилейт. Адам укуктары боюнча өзбек форуму 2020-жылы Өзбекстандагы көрүнүктүү кластерлерди талдоого алган изилдөөсүн жарыялады: 71 кластерди изилдегенден кийин, изилдөөчүлөр жарымын өтө кооптуу деп эсептешип, “кызыл” менен белгилешкен. Буга менчиктин талаштуу болушу, саясий өңүттөгү адамдар менен байланыштар, адам укуктарынын же колдонуудагы мыйзамдардын бузулушу жана башка факторлор себеп болушу мүмкүн.

Кластерлер мамлекеттин тымызын макулдугу менен тыгыз байланышта иштеп жаткандыгы 2023-жылдын оруп-жыюу маалында жарыяланган селектордук жыйындын видео жазуусу менен тастыкталат. Анда президенттин кеңешчиси Шухрат Ганиевге түспөлдөш адам кол алдындагыларды түшүм жыйноо планын аткарбаганы үчүн урушуп, дыйкандардан сурабай эле талаадан пахта терүүгө буйрук берген.

Жалпысынан 2023-жылдагы пахта терүү маалында ушул сыяктуу төрт видео жарыяланган – аларда президенттин кеңешчисине абдан окшош адам пахта терүүнүн күнүмдүк планын аткарбаган облус жетекчилерин (акимдерин) сынга алып, Авазбек Якубжонович деген бирөөнүн куйругун жуларын убада кылып, [кеп Анжиян облусунун акиминин орун басары Авазбек Эргашев тууралуу болушу мүмкүн] Самаркандга прокурорду текшерүүгө жиберем деп коркутуп, башка облустун акимине кылмыш ишин козгойбуз деп, калган төртөөнү камак менен опуза кылган.

Өзбекстандын президентинин жана "Альянс Капиталдын" кеңселери Би-Би-Синин орус кызматынын суроосуна жооп берген жок. (АК)