Чубак ажы Жалиловго "КРнын баатыры" наамын ыйгаруу мүмкүндүгү каралууда

енот

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чубак ажы Жалилов 2020-жылы, 45 жашында дүйнөдөн кайткан
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президент Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алуу учурунда билдирди.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Талантбек Ташибеков Садыр Жапаровго дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар тууралуу айтып берди.

"Андан ары Талантбек Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу Мамлекет башчысынан эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү", - деп айтылат маалыматта.

Маркум Чубак ажы Жалилов Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң абройлуу жана таасирлүү ислам насаатчыларынын бири деп эсептелген. Анын медиа платформалар аркылуу берген диний сабактары жана насааттары өтө чоң аудиторияга ээ болгон.

Чубак ажы Тажибай уулу Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында төрөлгөн.

Өмүр баянында орто мектепти алтын медаль менен аяктаганы жазылган. 1992-1996-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде окуган, кийин ушул эле окуу жайда мугалим болуп иштеген.

Диний билимин Сауд Арабиясында улантып, Кыргызстанга 2008-жылы кайтып келген.

Ал 2010-2012-жылдар аралыгында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болгон. Андан кийин диний агартуучулук иштери менен алектенген.

2020-жылы 11-июлда Ковид пандемиясы тушунда пневмониядан улам көз жумган.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры"– Кыргызстандагы эң жогорку артыкчылык даражасы. Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы, гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган эрдиги жана коомго сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.