Суусамыр: Көчкүдө калган койчунун сөөгү табылды

Суусамырда жолгон койчуну издөө учурунда тартылган сүрөт.

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 18-февралда Суусамыр өрөөнүндөгү издөө иштери учурунда кар көчкү астында калган 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Издөө иштерине бүгүн 70 адам чыккан жана атайын заманбап издөө шаймандары тартылган.

Кырсык 12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда катталган. Анда 1967-жылы туулган эркек кишини 50 баш кою жана аты менен кошо капысынан түшкөн кар көчкү басып калган болчу. Ошол күндөн бери издөө иштери жүрүп жаткан.

Айыл тургуну Талат Темиралиев Би-Би-Сиге окуя түшкө маал болгонун, тоодон койлорду жалпысынан беш киши айдап келе жатканын, алардын бирин көчкү басып калганын айтып берген.

"Кар калың болчу. Жалпысынан 300-350 койду айдап келе жатканда көчкү жүрүп кетти. Беш киши болчубуз. Койлорду бөлүп-бөлүп, бир жол менен айдап келе жатканбыз. Орто жолдо бараткан шеригибизди көчкү алып кетти. Туман басып, кар жаап жаткан эле, көчкү келе жатканы билинбей калды. Көчкү суудай келип эле агызып кетет экен да. Кар алдында өзү, 40-50дөй жандык калып калды. Издедик, өзү да, аты да жок", - деген Талант Темиралиев.

Окуяга күбө болгон дагы бир жарандын келинчеги Элвира болсо буларды айтып берди:

"Эртең менен бул жактан төрт киши кеткен. Ал жакта койчу бар болчу. Кар калың жаагандыктан, койлорду айдап келебиз деп таң эрте кетишкен. Кечинде келишти. Окуя түшкү бир жарымдарда болуптур. Көчкү алдында калган киши менин жолдошумдан он метрдей алдыда бараткан экен. Анан кар көчкү түшүп келе жатканын көрүп, "байке" деп кыйкырыптыр. Ал артка бурулганда эле күр деген үн эки жолу угулуп, кар көчкү жүрүптүр. Артымды карасам жымжырт, эч ким жок экен деп айтты".

Маалыматка караганда, кар көчкү алдында калган жаран үй-бүлөлүү, үч баласы бар болчу.