Numbeo: Кыргызстанда жашоо сапаты "эң төмөн"
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк деңгээлде кеңири колдонулган онлайн платформанын бири Numbeo Кыргызстанда жашоо сапаты "өтө төмөн" деп баалады. Изилдөө сегиз негизги көрсөткүчтү камтып, алардын дээрлик баары боюнча Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн артта калган. Ошол эле маалда, кыргыз бийлиги соңку жылдары экономикалык туруктуулукка жетишип, элдин жашоо шарттары жакшырып, жакырчылыктын көрсөткүчү төмөндөп жатканын айтып келет.
Numbeo платформасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо сапатынын жалпы индекси 99.10 баллды түзүп, өлкө жашоо сапаты өтө төмөн мамлекет катары көрсөтүлгөн. Көрсөткүч төмөнкү сегиз негизги параметр боюнча эсептелген.
- Сатып алуу жөндөмдүүлүгү – 40.93 (төмөн)
- Коопсуздук деңгээли – 48.00 (орточо)
- Саламаттык сактоо системасы – 57.48 (орточо)
- Климат шарттары – 58.11 (орточо)
- Турмуш-тиричиликтин наркы – 26.55 (Жашоо салыштырмалуу арзан, өтө төмөн)
- Турак-жай жеткиликтүүлүгү – 15.01 (суроо талап жогоруу)
- Жолго сарпталган убакыт – 37.00 (орточо)
- Айлана-чөйрөнүн булгануусу – 71.25 (жогорку булгануу)
Кыргызстан аталган рейтингде Борбор Азиядагы эң төмөн көрсөткүчкө ээ болгон өлкө катары көрсөтүлгөн. Коңшу мамлекеттердин көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
- Өзбекстан – 135.61
- Тажикстан - 116.28
- Казакстан - 105.18
- Түркмөнстан - 102.47
Реалдуу динамика

Сүрөттүн булагы, Facebook
Кыргызстандагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев эл аралык рейтингдерге этият мамиле кылуу керектигин белгилейт. Анын пикиринде, мындай көрсөткүчтөр көп учурда саясий өңүттө түзүлүп, объективдүүлүктөн алыстап кеткен учурлар жок эмес.
"Бул рейтингдердин көбү ашыкча саясатташтырылган. Ошол дүйнөлүк рейтингди жүргүзүп жаткандар Борбор Азияны дале постсоветтик, диктатура орногон регион катары карашат",- деди ал.
Айтымында, өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн түшүнүү үчүн эл аралык масштабдагы салыштыруу эмес, ички өзгөрүүнү талдоо маанилүү.
"Биз азыр Кыргызстанды Жапония же Финляндия менен салыштыра албайбыз. Аларга 100 жыл салыштырсак дагы айрым көрсөткүчтөр боюнча баары бир жетпейбиз. Андыктан мындай салыштыруунун бизге кереги барбы? Чыныгы прогрессти түшүнүш үчүн мен беш жыл мурун кандай элем, азыр кандай болдум деген суроону коюу зарыл. Ошондо гана реалдуу динамика көрүнөт. Негизги маселе өзүң менен өзүңдү салыштыруу. Динамика барбы же жокпу? Бар болсо, ал кандай деңгээлде?",- деди ректор.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Акматалиев эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнүн айрым учурларда төмөн болуп жатканын өлкөдөгү ачыктыктын жана маалымат жеткиликтүүлүгүнүн таасири менен байланыштырды:
"Бул рейтингдин жыйынтыгын карасак, коңшу мамлекеттерден дагы артта экенибиз көрсөтүлгөн. Чынын айтсам, мындай көрсөткүчтөргө толук ишене албайм. Бул жерде ойлончу жагдайлар бар. Рейтингди түзүп жаткандар кайсы булактарга таянып жатышат, ошол да маанилүү. Менимче, Кыргызстандагы ачыктык, сөз эркиндиги ушул өңдүү изилдөөлөргө терс таасир берип коюшу мүмкүн. Болбосо Кыргызстан элинин жашоо шарты Борбор Азия мамлекеттеринин башка өлкөлөрүнөн ашып түшпөсө дагы, артта калбайт. Элет жериндеги турмуш деңгээли коңшуларга салыштырмалуу жаман эмес".
Акматалиев Кыргызстандын өнүгүүсү салыштырмалуу абдан жакшы темп менен кетип жатканын кошумчалады.
"Муну эч ким тана албайт. Муну башка чет өлкөлүк уюмдардын рейтингдери, объективдүү көрсөткүчтөр, экономикалык индикаторлор да көрсөтүп турат. Рейтингдер негизинен арифметикалык эсептөөлөргө таянат. Бирок реалдуу турмушта баардык факторлор математикалык формула менен эле чектелбейт. Албетте, мындай эсептер керек, бирок реалдуулук андан бир аз башкача. Мындай рейтингдерди такыр көңүлгө албай коюуга болбойт, алар дагы белгилүү бир индикатор. Ошол эле учурда алардын жыйынтыгын өтө чоң трагедия катары кабыл алуу туура эмес",- деди ал.
Философия илимдеринин кандидаты жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан Кыргызстан үчүн бул жыйынтык анчейин жаман эмес деген пикирде.
"Ал жерде бир-эки эле индикатор "өтө төмөн" деп көрсөтүлгөн, болбосо калгандары "орточо" деңгээлде деп турат. Биз дүйнөдөгү эң өнүккөн экинчи же үчүнчү өлкөбүз деп мактанып жаткан жокпуз да. Кыргызстан жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан мамлекет. Бул баалоодо жогорку упай алган өлкөлөр андай жыйынтыкка канча жылда жеткенин кээде унутуп коёбуз. Алар 150 жылда жеткен көрсөткүчкө биз 25–30 жылда жете албайбыз да",- деди ал.
Турмуш реалдуулугу

Сүрөттүн булагы, Facebook
Саясат талдоочу Эмил Жураевдин айтымында, жашоо сапаты боюнча рейтингдер көбүнесе сурамжылоолорго негизделип, кээ бир учурларда бул ыкмалар субъективдүү мүнөзгө ээ болушу мүмкүн.
"Дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдө да өзүнө кол салган, бактысыз адамдардын саны көп экенин ар кандай сурамжылоолордун жыйынтыгы аркылуу билебиз. Эмнеге мындай болуп жатканын окумуштуулар талкуулап, анализдеп келишет. Ошол эле учурда авторитардык, диктатордук режим өкүм сүргөн, жарандык эркиндиктер сакталбаган мамлекеттерде бактылуулук көрсөткүчү жогору болгон учурлар жок эмес. Бул жерде субъективдүү маселеден көз каранды болуп калып жатат. Ар кайсы элде жашоого болгон канааттануу ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, Индиянын чоң шаарларында күнүнө бир ууч күрүч жеп, эч ким менен тирешпей, зомбулук көрбөгөн адам өзүн бактылуу деп эсептейт экен. Андыктан мындай рейтингдерди ар дайым ишенимдүү изилдөө катары кароого болбойт",- деди ал.
Эмил Жураевдин пикиринде, экономикалык өсүштү же жашоо деңгээлин караганда, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн анчейин деле артта калган эмес. Тескерисинче, жарандык эркиндик боюнча Кыргызстанда артыкчылыктар байкалат.
"Азыркы бийликтин саясатын колдоп, кол чаап жаткандар көп, демек алар жашоо сапатына ыраазы, аларга жагып жатат. Бирок ошол эле учурда эл аралык стандарттарга таянсак, укуктук система боюнча олуттуу кемчиликтер бар. Сот адилеттүүлүгүнө жетүүдө да нааразылыктар токтой элек. Экономикалык жактан кемчиликтер дагы жок эмес. Бул кайра эле ким кайсы көз караш менен карап жатат деген маселеге келип такалат",- деди ал.
Айлана-чөйрөнүн булгануусу жана турак-жай жеткиликтүүлүгү сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан начар упай алганын эксперт азыркы турмуш реалдуулугу менен байланыштырды.
"Соңку жылдары кыш мезгилинде ыш маселеси өтө чоң нааразылык жаратып келет. Кыш келди дегиче эле адамдар кооптонуу, коркунуч сезими менен жашайт. Бул көйгөйлөр айрым коңшу өлкөлөрдө деле бар, бирок аларда доомат айтууга анчейин батына беришпейт",- деди Жураев.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылга карата жашоо минимумунун өлчөмү 7 963,72 сомду түзгөн. 2025-жылдын 1-кварталына карата 8 253,43 сомго жеткен.
Соңку үч жылда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандардын саны 40 пайызга төмөндөгөн.












