ЖОЖ ачууга мораторий: сапат, атаандаштык жана реформалар

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Билим берүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстан жеке менчик жогорку окуу жайларын ачууга убактылуу мораторий киргизип жатат. Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечим билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында кабыл алынып жатканын айтууда. Бул чечим билим берүү тармагына кандай таасир этет? ЖОЖдордун сапатын көтөрүү үчүн мындан башка кандай механизмдер болушу мүмкүн?

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев лицензиялоонун бирдиктүү мамлекеттик платформасын киргизүү үчүн жаңы жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоону тиешелүү министрликке тапшырды.

Мындан тышкары, аккредитациялоо боюнча кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгып, анын жол-жоболорун өркүндөтүү жана каттоодон өткөргөн агенттиктердин ишин жакшыртуу талабы коюлду.

Ошондой эле, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу маселеси көтөрүлдү.

Президенттин администрациясынын чечимдерди контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов өзгөчө жеке менчик медициналык окуу жайларда адистерди даярдоонун сапатынын төмөндөшү кооптуу тенденцияга айланганын белгиледи.

Анын айтымында, президенттин администрациясы бул тармакта олуттуу мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады.

Айрым жеке менчик жогорку окуу жайларда материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги жана квалификациялуу окутуучулардын тартыштыгы дагы деле чечилбей келет.

"Бир нече ЖОЖдордо окутуучуларды жасалма жумушка алуу фактылары да аныкталды.

Чет элдик студенттерге англис тилинде сабак өтүү талабы көп бузулууда. Тестирлөө жеке ЖОЖдордун мугалимдеринин үчтөн бир бөлүгү гана англис тилин жакшы биле турганын көрсөттү",- деди ал.

"Сандан сапатка"

Билим берүү министрлиги

Сүрөттүн булагы, Social media

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Билим берүү министрлигинин өкүлү Айнура Исираилова мораторий киргизүү чечими жогорку окуу жайлардын көбөйүшү жана айрымдарынын билим берүүнүн сапатына эмес, коммерциялык максатка басым жасаганы менен байланыштуу деди.

Айтымында, өзгөчө медициналык окуу жайлар боюнча маселе курч турат.

"Мораторий боюнча министрлик тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда. Учурда санга эмес, сапатка көңүл бурушубуз керек. Кыргызстанга жаңы ЖОЖдорду ачуу эмес, бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатын жакшыртуу маанилүү. Биз мамлекеттин билим берүү тармагындагы аброюн сактоо үчүн иштешибиз керек" – деди Билим берүү министрлигинин Жогорку, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Ошондой эле Исираилова ЖОЖдордо билим сапатын камсыз кылуу үчүн аккредитация процедурасы тууралуу буларды айтып берди:

"Мамлекеттик же жеке менчик экенине карабай аккредитациянын талаптары барына бирдей. Аларга үч жылда бир жолу лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүлүп турат. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окутуучулардын деңгээли, мугалимдердин илимий даражасы, китепкананын болуусу негизги критерий катары каралат. Андан тышкары медициналык окуу жайлардын клиникасы болушу шарт, анткени студенттер ошол жерде практикадан өтүшү керек",- деп түшүндүрдү Исираилова.

2023-жылы билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча департамент түзүлгөнүн, ал билим берүүнүн сапатын жакшыртуу механизмдерин иштеп чыгып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 89 жогорку окуу жай бар, анын ичинен 33 окуу жайы мамлекеттик болсо, 56 ЖОЖ жеке менчик, 34 окуу жай медициналык адистиктер боюнча билим берет.

Кыргызстандагы медициналык багыттагы жеке менчик окуу жайлар көп жылдан бери Пакистан жана Индиянын жарандарын окутуп, билим берүүнү экспорттоо тармагында ийгиликтерге жетишкенин белгилеп келет.

Бирок бир нече жыл мурун Пакистан Кыргызстандын айрым медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизген. Бул чечимди алар аталган ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы Пакистандын медициналык кеңешинде милдеттүү экзаменден өтпөй калып жатканы менен түшүндүргөн.

Учурда тиешелүү министрлик кара тизмеден канча окуу жай чыкканы жана канчоосу дагы эле тизмеде экени тууралуу маалымат берген жок. Бирок мындай жагдайдын кайталанбашы үчүн алдын алуу чаралары көрүлүп жатат дейт.

"Январда министрдин катышуусунда медициналык окуу жайлардын жетекчилери менен бирге Пакистанга барып келдик. Ал жерде PMDC (Пакистандын медициналык жана стоматологиялык кеңеши) деген бар. Биздин медициналык окуу жайды бүтүрүп барган Пакистан жарандары ошол комиссиянын сынагынан өтөт. 200дөн ашуун суроону камтыган тест тапшырат. Дал ошол комиссиянын, медициналык билим берген окуу жайлардын жетекчилери менен жолуктук. Бүтүрүүчүлөр тесттен өтпөй калбашы үчүн, бирдиктүү критерийлерди иштеп чыгууну сунуштадык. Биздин университеттер дал ушул талаптарга ылайык студенттерди даярдашы керек. Аларды май же июнь айында өтө турган форумга чакырдык. Биздин медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жана окутуу процессин жеринде көрүп кетсин деп жатабыз",- деди Айнура Исираилова.

"Лицензияга тыюу салуунун зарылдыгы жок"

Мырза Каримов

Сүрөттүн булагы, Social media

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Мырза Каримов жаңы жогорку окуу жайларын ачууга лицензия берүүгө тыюу салуунун зарылдыгы жок эсептейт.

Айтымында, билим берүү рыногунда атаандаштык болушу керек жана ага туруштук бере албаган окуу жайлар жакынкы 5-10 жылда өзү эле жабылып калуу ыктымалы бар.

"Лицензияны чектөөнүн кереги жок, себеби рынок өзү эле окуу жайларды иргеп чыгат. Ошондуктан, негизги маселе лицензияны чектөө эмес, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү анализдеп, рыноктун кайсы багытка бара жатканын түшүнүүдө",- дейт ал.

Каримовдун айтымында, лицензия берүүнү чектегендин ордуна, аккредитациянын сапатын жакшыртууга көңүл буруу керек.

"Айрым ректорлордун өзүнүн менчик аккредитациялык агенттиктери бар. Аларга конкреттүү талап коюлушу зарыл. Жеке менчик ЖОЖ ачам десе, ал кайсы негизде ачылып жатат? Кайра эле юрфак, экономфак, инфакты ачабы же жаңы багытта иш алып барабы? деген маселени коюу керек"- деди Каримов

Кыргызстандын билим берүү тармагы 30 жылдан ашык убакыттан бери чоң секирик жасай албай жатканын кошумчалады.

ЖОЖдор билим берүүнүн заманбап ыкмаларына ылайыкташып, кыска мөөнөттүү курстарды өнүктүрүүгө басым жасашы керектигин айтты.

"Азыр дүйнө жүзүндө университеттер онлайн жана оффлайн форматта микро-креденциалдык курстарды ачып жатат. Маселен, IT адистигин окуу үчүн 4 жылдык бакалавриаттын кереги жок. Эгер университетте мугалим болом десе окуса болот. Бирок жөн гана IT адиси болом десең, 6 айдан 1 жылга чейин гана окуу жетиштүү. Биздин ЖОЖдордо бакалавр, магистр, доктор даярдоого гана басым жасалат. Мисалы, англис тили мугалими болуш үчүн 4 жыл окуйт. Бирок бүтүрүүчү диплом алгандан кийин сүйлөгөндү үйрөнүш үчүн акча төлөп жеке курстарга барат. Ошону университеттер заманбап рыноктун талабына ылайыктап, кыска курстарды да ачса болот да. Рынокко ылайыктуу механизмдерди кое бериши керек да",- деди ал.

Каримовдун айтымында, айрым ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда кыска мөөнөттүү курстарды бүткөндөр менен атаандаштык жарата албай жатат.

Мырза Каримовдун айтымында, Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери билим берүү тармагында өзгөрүүлөр жана заманбап реформалар жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн жок. Айрым учурда ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда кыска мөөнөттүү курстарды бүткөндөр менен атаандаштык жарата албай жатат.

" Биз дагы эле эскиче иш алып барып, ошол эле моделдин тегерегинде айланып жүрөбүз",- дейт ал.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жалпы 220 миңдин тегерегинде студент жогорку окуу жайларында билим алат.