Кыргызстандагы Кытай долбоорлору, сандар жана антикытай маанайы

Кытай

Сүрөттүн булагы, Official

    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандагы кытай компанияларына мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматташы жеткирилип билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекке келген учурда айтты. Ван Инин сапары Кыргызстанда синофобиялык риторикалар күчөп жаткан маалга туш келди.

19-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини президент Садыр Жапаров кабыл алып, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү талкуулады.

Жолугушууда Ван И Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компанияларга мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери "тарыхый бийиктикте экенин" белгилеген.

"Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин, ал эми тышкы иштер министри Ван Инин ар бир сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча терең мазмун жана жаңы идеяларды камтыганын баса көрсөттү. Бул контекстте Мамлекет башчысы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда темир жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи", деп айтылат маалыматта.

Ван И өз кезегинде Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жеткирип, акыркы үч жылда Кыргызстандын олуттуу ийгиликтерге жетишкенине Кытай чын дилинен кубанычта экенин билдирген.

Ван И 19-ноябрдан 22-ноябрга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыра турганы айтылган. Кыргызстанды Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сапардын алкагында ал кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, кызматташтык маселелерин талкуулоо максатында Стратегиялык диалогдун Биринчи отурумун өткөрүү пландаштырылган. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ван Инин бул сапары Кыргызстанда синофобиялык риторикалар күчөп жаткан учурга туш келди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Бишкек, 19-ноябрь, 2025-жыл

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Бишкек, 19-ноябрь, 2025-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чүйдөгү кытай жарандары аралашкан чырлуу окуядан кийин күчөп кеткен талкууларды кыргыз бийлиги шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык деп баалап жатат.

18-ноябрда кыргыз президенти Садыр Жапаров улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигине маек куруп, күн тартибиндеги бул маанайга реакция жасады.

"Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан "Бизди жөн эле камап салышты" деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар", - деди Жапаров.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов да, Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да Чүйдөгү мушташтан кийин кытайларга байланышкан талкууларды чагымчылдык деп баалашкан.

15-ноябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылынын жанында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жол талашуусунан чыккан бул жаңжал боюнча 16 адам камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Мушташтын кесепетинен бир жергиликтүү жаран жаракат алып ооруканага түшкөн.

Антикытайлык маанайды эмнелер шарттап жатат?

Дегеле соңку кезде коомдук сайттарда "кытай жарандары массалык кирип жатат", "турак жайларды, жерлерди сатып алууда", "мыйзамсыз иштерге барууда" деген сыяктуу маалыматтар чыгууда.

Алардын чын-бышыгын ажыратуу карапайым адамдар үчүн кыйынга туруп жаткансыйт.

"Коомчулук, эл арасында Кытай тараптан элдин чочулоосу бар, алар каптап кетет, басып алат дешет. Экинчи тарабынан, албетте, биз кошуналар менен кызматташыбыз керек, дүйнө менен интеграция болушубуз керек. Бирок ошону бир чуулу окуя болгондо эмес, туруктуу жана системдүү коом менен коммуникация куруп, түшүндүрсөк болмок. Коомдон сигнал ала албай, аны менен жакшы коммуникация кыла албагандыктан кесепетин көрүп жатабыз" - дейт серепчи Руслан Акматбек.

Антикытайлык маанайга карата чочулоосун Чүйдөгү окуя боло электе эле айрым талдоочулар көңүл бура башташкан. Айталы, президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттик администрацияны жетектеген Досалы Эсеналиев «Кыргызстанда антикытай кампаниясынын учкундарын кимдер учуруп жатат» деп суроо коюп, "Фейсбуктагы" баракчасында буга өзү жооп бергенсиди.

"Ушундай эле көрүнүштөр, аракеттер 2018-2019-жылдары да көтөрүлүп, аягында бир канча мыйзамсыз массалык аракеттерге чейин жеткен. Ошол жылы Кыргызстан менен Казакстанда массалык антикытай кампаниясы кеңири жайылган эле. Эсиңиздерге салсам: ал кезде алгач ишке келүүгө жумушчу уруксаттарын чектөөнү талап кылып чыгышкан. 100 миң кытай жарандары кыргыз кыздарына нике кыйдырыптыр деген фейк-маалыматты удургутуп таратышкан", - деп эстеди Эсеналиев.

Мурунку аткаминер өз постунун алдына кытайларга байланышкан фейк маалыматтардын скриншотторун да бөлүшкөн.

"Үчүнчү күчтөр"

Эсеналиев алты жыл мурдагы окуялар ушундай майда нерселерден башталганына көңүл бурат.

"Жыйынтыгында, барыбызга белгилүү окуяларга алып келген: "Дордой" базарында, Солтон - Сарыда, альтернативдүү жолдун курулушунда, кен иштетүү ишканаларында мыйзамсыз аракеттер, нааразычылыктар орун алды, финалында 280 миллион долларлык Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу ушундай күчтөрдүн тукуруусу менен токтотулган", - деп жазды мурунку чиновник.

Эсеналиев, бул жолу, "кылым курулушу" атыккан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун ишке ашуусун каалабаган күчтөр жалган маалымат таратып, коомду улуттар аралык касташууга, жаңжалга, тирешүүгө, чек аралардын жабылышына алып келүүнү каалап жатканын айтты. Бирок эч кимдин ысымын атаган жок.

Сандар сүйлөсүн

Кантсе да Кыргызстанда соңку кезде кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу байма-бай айтылып, мындай байкоолорун бөлүшкөндөр да аз эмес. Бирок биз сандарга таяналы:

Былтыр, 2024-жылы Кыргызстанга Кытайдан 130 миңдей адам кирген. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 56% көп экени айтылууда. Эки жыл мурун Кыргызстанга 70 миң кытай жараны кирген.

Алардын канчасы турист катары, канчасы жумушчу виза менен кирип чыкканы тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Ал эми быйыл канча кытай жараны Кыргызстанга кирип чыкканы боюнча Чек ара кызматы Би-би-Синин суроосуна жооп даярдап жатканын билдирди.

Бирок өлкөдөгү кытай жарандарынын санынын өсүшү эмненин эсебинен болуп жатат?

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде Кыргызстанда кытайлыктардын саны "мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк" экенин ырастап, аны темир жолдун курулушу сыяктуу ири долбоорлор менен байланыштырган.

Ошентсе Кыргызстанда иштеп жаткан кытай жарандарынын саны тууралуу так расмий маалымат айтыла элек.

Юстиция министрлигинин ачык маалыматтарына таянсак, соңку беш жылда Кытайдын катышуусу менен Кыргызстанда 3,5 миңге жакын компания ачылды. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл июлда кытай капиталы менен иштеп аткан компаниялардын саны 3 миңден ашканын, былтыр эки өлкө ортосунда товар алмашуу 23 миллиард долларга жеткенин жар салган.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-мартта Кытай кыргыз экономикасына 288,7 миллион долларга тете тикелей инвестиция салган. Бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 43,8% көп.

Президент Садыр Жапаров маегинде "долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт" деп ишендирди.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

"Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: "Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла" деп катуу эскертүү бердик. Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт", - деди Жапаров.

Жогоруда айтылгандай, негизи жумушка иштөөгө келген кытай жарандары Кыргызстанга эркин кирип-чыга алышпайт. Бул үчүн виза алышы керек. Бирок былтыр кыргыз өкмөтү кытайлык жарандарга (туристтерге) жеңилдетүүлөрдү киргизген. Эгер туристтер 5тен 25ке чейин бир топ болуп келсе, визасыз 21 күн жүрө алат.

"Бул чара элдик дипломатия тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт" - деген эле анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Кыргыз бийлиги бул чагымчылдык деп баалап жаткан чакта, айрым учурдагы өкмөттүн саясатын колдойт делген активисттер бул окуянын кулагын тышкы күчтөрдөн көрөрүн ачык жазып жатышат.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу активдүү стадияга өткөн соң, адаттагыдай Кремлдеги бир топтун таасириндеги адамдар комплекстүү иштерин башташты", -деп жазды Атай Бейшенбек Фейсбуктагы коомдук баракчасында.

Кийинки аптада Бишкекке Орусия башында турган ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери келерин белгилеген Атай Бейшенбек, ал тургай соңку окуялар "бир кишинин позициясын бекемдөөгө, балким ошол учурда соодалашууга «кыртыш» даярдап жатышабы" деген ойду да кыйыта кетти.

Аймактагы антикытай маанайын чындап Орусия козутуп атабы так далилдер жок.

Кытай долбоорлорунун айланасындагы ача пикирлер

Соңку жылдары Украинадагы согуш менен алпурушуп жаткан Орусиянын Борбор Азия аймагында таасири азайып бара жатканы тууралуу талаш-талкуулар орун алып келет. Ал арада аймактын баалуу минералдарынан улам геосаясаттагы салмагы өсүп жатат. Региондо башынан Орусия менен Кытайдын кызыкчылыктары кесилишет. Европага карай Орусияны кыйгап өтчү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну Москва анча колдобой турганы айтылып келет.

Анткен менен Борбор Азияда, анын ичинде Кытайдын инвестициясы же кытайлык компаниялардын иши шайма-шай деп айтууга болбойт.

2019-жылы NBER же Экономикалык изилдөөлөр боюнча улуттук бюро "Кытайдын чет өлкөлөрдү насыялоосу" тууралуу баяндамасын чыгарып, анда Кыргызстан Кытайга карызы көп бешилик өлкөгө кирери да айтылган эле. Ушул эле документте авторлор Кытай жалпы эле башка мамлекеттерге берип жаткан кредиттердин жарымы Кытай Эл Республикасынынын бул маселеде ачык-айкын эмес экенинен улам коомчулукка кеңири белгилүү эмес экенин да айтышкан.

"Кытай капиталынын экспорту тууралуу документтер бери дегенде ачык эмес. КЭР өкмөттү кредиттер тууралуу маалымат бербейт, сыртка агылып жаткан насыялардын көлөмү же карызга акча берүү тууралуу стандартташырылган, так маалымат жок", -делет" - NBER докладында.

Кытайдын мындай саясатынан улам Кыргызстанда деле алынып жаткан насыя же инвестициялардын шарты, көлөмү тууралуу коомчулукка көп суроолордун башы көп учурда ачык калат.

Ошол үчүн Борбор Азиянын башкаруучулары кытай капиталынын келишин колдоп жатышканы менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине кабылган учурлар жок эмес.

Мисалы, 2019-жылы Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай жумушчулары менен жергиликтүү эл кагылышып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Жыйынтыгында, кытайлык ишкана Zhong Ji Mining окуя болгон жерден кызматкерлерин, техникасын алып чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы саясий олку-солку абалда Кыргызстанда тоо-кен тармагында иш алып барган сегиз ишканага чабуул жасалып, кеңсе, мүлктөрү өрттөлүп, талап-тоноо орун алган эле.

Анын ичинде кытайлык инвесторлор каржылаган Ала-Букадагы Full Gold Mining кеңсеси өрттөлгөн. Талды-Булак Левобережныйдагы "Алтынкен" ишканасы да жабыркаган.

Бул окуялардан кийин Кыргызстандагы мурдагы кытай элчиси Ду Дэвень жаңы кыргыз бийлигинен өлкөдөгү кытай ишкерлеринин кызыкчылыктары жана укуктарын коргоп берүүнү суранганы эсте.

Кыргызстандагы мурдагы кытай элчиси Ду Дэвень

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы мурдагы кытай элчиси Ду Дэвень

Шиңжаңдагы мусулмандар үчүн тарбия лагерлери дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстандын коомчулугунда терс кабыл алынганы белгилүү. Карызды төлөй албай, жерибизди тарттырып жиберебиз деген коркунуч да антикытайлык маанайды курчутат. Жергиликтүү элде кен иштетүүдөн экологияга зыян келет деген чоң тынчсыздануу бар.

Кыргызстандагы дагы бир эксперт, кытай таануучу, экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев 1960-жылдары Советтер союзу маалында Кытайга каршы кубаттуу анти-пропаганда жүргөнүн, бул да болсо бул кыргыздардын Кытайды таанып билүүсүнө олуттуу таасирин бергенин айтып келет:

"Дагы бир маанилүү нерсе, кытай эмигранттарынын жергиликтүү элден обочолонуу жүрум-туруму бар. Кытайлар кайда болбосун өзүнчө болуп, чайнатаун болуп жашашат. Мисалы, Нью-Йоркто такыр англис тилин билбеген кытайлар бар", -деген эле Иманалиев.

1,4 млрд калкы бар Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Ошол эле кезде Бишкектин эң көп карызы Кытайга. Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 5 миллиард 232,88 миллион долларды чапчыйт. Анын дээрлик үчтөн бири Кытайга туура келет. Башкача айтканда, тышкы карыздын 30,3 пайызын түзгөн 1 миллиард 587,76 миллион доллар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын алдындагы милдеттенмелерден турат.