Орусиянын коргоо министри Путинге ядролук сыноолорду жандандырууну сунуштады. Жаңы өзөктүк жарыш башталабы?

Путин

Сүрөттүн булагы, Gavriil Grigorov/Russian Presidential Press Office/TASS

    • Author, Жаңылыктар бөлүм
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы

Орусиянын президенти Владимир Путин бир нече министрликке АКШ өзөктүк сыноолорго толугу менен тыюу салуу келишиминин жоболорун бузуп жатабы же жокпу – ушуга талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Эгерде бул маалымат тастыкталса, анда Москва "акылга сыярлык жооп кайтарышы керек болот" деди ал.

Дональд Трамптын жакында эле жасаган билдирүүлөрүнө жооп катары Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында өзөктүк курал темасы көтөрүлдү. Жыйындын айрым катышуучулары "АКШнын өзөктүк куралын сыноону жандандыруу" тууралуу сөздөрү менен Ак үйдүн башчысы эмнени айткысы келгени азырынча түшүнүксүз экенин моюнга алышты. Анткен менен, Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Новая Земляда толук масштабдуу өзөктүк сыноолорго даярдыктарды баштоону сунуштады. Ушундан улам "мындан ары өзөктүк эскалация болобу?" деген суроо күн тартибине чыкты.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны транспорттогу коопсуздукту камсыздоого арналышы керек эле, бирок талкуу башталганча эле Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин сөз алды.

Ал АКШнын лидери Дональд Трамп Вашингтон "өзөктүк куралды сыноону жандандырып жатканын" билдиргенин, ушундан улам Путинден Орусиянын мындан аркы "кадамдары жана иш-аракеттери" кандай болорун тактап коюуну өтүндү.

Октябрдын этегинде Ак үйдүн башчысы өзүнүн Truth Social платформасына "башка өлкөлөр жүргүзүп жаткан сыноо программаларына байланыштуу" Коргоо министрлигине АКШнын өзөктүк куралын "тең укуктуу негизде" сынай баштоону тапшырганын жазган. Трамптын постунда процесс "токтоосуз" башталышы керектиги айтылат.

Путин Володинге жооп кайтарып, "бул олуттуу суроо" экенин мойнуна алып, жыйындын башка катышуучуларын угуп көрүүнү сунуштады.

Ушундан кийин коргоо министри Андрей Белоусов, Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов, ФСБнын директору Александр Бортников, Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу жана Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин жыйындын баштапкы күн тартибине кирбеген маселе боюнча кыйла кеңири баяндама жасашты.

Орусия эмнеге жооп кайтарганы даярданууда?

Дональд Трамптын бул постунан эмнени айткысы келгени белгисиз бойдон калууда. Трамп өзөктүк жардырууларды жандандырууну каалайбы же өзөктүк түзмөктөрү бар ракеталарды учуруп сынагысы келеби – бул азырынча беймаалым.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин бир нече катышуучусунун баяндамаларынан белгилүү болгондой, орусиялык тарап да муну түшүнгөн эмес.

Мисалы Тышкы чалындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин бир нече күн мурун Орусиянын АКШдагы элчиси Александра Дарчиевадан телеграмма келгенин айтты. Телеграммада орусиялык дипломаттар президент Трамптын сөздөрүнө түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, Улуттук коопсуздук кеңешине жана АКШнын Мамлекеттик департаментине кайрылышканы кабарланат.

Нарышкиндин айтымында, жооп катары Ак үйдүн да, Мамдепартаменттин да өкүлдөрү "предметтик реакциядан качып", "эгерде маңызы боюнча түшүндүрмө берүү зарыл деп табышса, орусиялык тарап менен байланышарын" ырасташкан.

"Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин АКШнын вице-президенти Жей Ди Дэнс да, Өкүлдөр палатасынын төрагасы Майк Жонсон да өзөктүк сыноолор темасына пикирлерин айтышты", - деп кошумчалады Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу. "Бул билдирүүлөрдү талдап чыкканыбыз менен, АКШнын мындан аркы кадамдарын жана иш-аракеттерин көп жакшы түшүнө албай жатабыз", - деп мойнуна алды Шойгу.

Коргоо министри Андрей Белоусов сөзүнүн башында "билдирүүлөргө жана сөздөргө" эмес, биринчи кезекте АКШнын "иш-аракеттерин" байкап көрүүнү сунуш кылгандай болду.

Бирок ушундан кийин эле ал Путинге Новая Земляда толук масштабдуу өзөктүк сыноолорго даярдыктарды баштоону сунуштады.

Видеонун түшүндүрмөсү, Эмне үчүн айрым өлкөлөрдө өзөктүк курал бар, башкаларында жок?

Мунун алдында ал АКШ курал-жарактарды кыскартуу жана чектөө чөйрөсүндөгү келишимдерден ырааттуу түрдө чыгып, Sentinel ядролук дүрмөттүү жаңы ракетаны иштеп чыгып жатканын жана келечекте өзөктүк сыноолорду жандандырышы ыктымал экенин айткан.

"Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен толук масштабдуу өзөктүк сыноолорго даярдыкты тезинен баштоо максатка ылайыктуу болот деп эсептейм. Новая Земля архипелагындагы Борбордук полигондун күчүнүн жана каражаттарынын даярдыгы сыноону өтө чукул аралыкта өткөрүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдирди Орусиянын коргоо министри.

Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов өз кезегинде "эгерде азыр тиешелүү чараларды көрбөсөк, анда АКШнын аракеттерине өз убагында жооп кайтаруу үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүктөр колдон чыгарылат, себеби өзөктүк сыноолорго даярданууга кетчү убакыт сыноонун түрүнө жараша бир нече айдан бир нече жылга чейин созулат", -деп белгиледи.

Путин болсо Орусия Келишим боюнча өз милдеттенмелерин "кынтыксыз аткарып жатканын", бирок АКШ же келишимдин башка катышуучулары мындай сыноолорду жүргүзсө, анда Орусия да "акылга сыярлык жооп кайтарышы керектигин" белгиледи.

Жыйынтыгында Орусиянын президенти Тышкы иштер министрлигине, Коргоо министрлигине жана атайын кызматтарга "бул маселе боюнча кошумча маалыматты чогултуп, Коопсуздук кеңешинин аянтчасында талдоо жүргүзүп, өзөктүк куралды сыноого даярдануу боюнча иштин ыктымалдуу башталышы тууралуу макулдашылган сунуштарды киргизүү үчүн колдон келгендин баарын жасоону" тапшырып жатканын билдирди.

Ракеталарды сыноо

Шаршемби күнү АКШ Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнү белгилүү болду. Бул ракета өзөктүк дүрмөттү алып жүрүүгө жөндөмдүү, бирок ансыз эле учурулган.

Орусия сыяктуу эле АКШ да ракеталарды үзгүлтүксүз учуруп турат. Мисалы, 2025-жылы америкалыктар 19-февралда жана 21-мартта континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учурушкан.

Трамптын "өзөктүк сыноолорду жандандыруу" жөнүндөгү билдирүүсүнүн алдында Орусия "Буревестник" канаттуу ракетасын жана суу астында жүрүүчү "Посейдон" учкучсуз аппаратын сынаган.

1996-жылдан бери Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишими (ӨСТТСК) күчүндө. Аны АКШ да, Орусия да ратификациялабаганы менен, 1990-жылдардан бери өзөктүк сыноолорду өткөрүшкөн эмес.

СССР акыркы өзөктүк сыноосун 1990-жылы, Улуу Британия 1991-жылы, АКШ андан бир жылдан кийин, ал эми Франция менен Кытай 1996-жылы өткөргөн.

серая линия

Орусиянын коргоо министринин өзөктүк сыноолорду жандандырууга даярдыкты баштоо сунушун Би-Би-Синин орус кызматынын аскерий серепчиси Павел Аксенов талдады:

Өзөктүк тиреш көйгөйү бир тарап экинчи тараптын аракеттерине жооп иретинде кадамдарды жасаганда чыкпайт. Ар бир тарап алдын алуучу чараларды көрө баштаганда көйгөй жаралат – себеби, каршылаш тымызын эмне кылып жатканы тууралуу өз божомолуна таянат.

Бул логиканы Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты:

"Америкалык тарап мындан ары да расмий түшүндүрмөлөрдү бербеши мүмкүн, бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт, себеби биз азыр тиешелүү чараларды көрбөсөк, анда Кошмо Штаттарынын аракеттерине өз убагында жооп кайтаруу убактысы жана мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгарылат".

Мындай жагдай СНВ-III аттуу негизги документти колдогон келишимдер системасы (РКК, Ачык асман, ӨСТТСК боюнча) токтотулгандан кийин жаралды. Анын мөөнөтү февраль айында бүтөт, бирок Орусия ага катышуусун 2023-жылы эле токтоткон.

Келишимдер жана учурдагы верификациялоо системасы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде ишенимди сактоого жардам берип келген. Дал ушул ишеним стратегиялык туруктуулуктун өзөгүн түзчү, бирок учурда кырдаал олку-солку болуп турат.

Өзөктүк сыноолордун башталышы – өзөктүк согушка жол ачкан эскалацияга карай шилтенген кадам.

Бул кыйла олуттуу кадам, себеби ал башка өлкөлөрдү өзөктүк куралды сыноого түртүшү мүмкүн, бул болсо өз кезегинде өзөктүк куралды иштеп чыгууну тездетет.

Азырынча тараптар башка мамлекеттер муну жасабаса, өз полигондорунда өзөктүк дүрмөттөрдү жардырбай турганын ырастап келишет.

Бирок алар ансыз деле бул сыноолорду тымызын даярдап жатат деп бири-биринен шектенишүүдө. (ZMa)