You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кайрадан шайлоо: “600 агитатор жалдаган талапкерлер бар”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда өтө турчу кайрадан шайлоонун үгүт иштери башталды.
Биринчи май жана Свердлов району боюнча жалпы 52 талапкер БШК каттоосунан өттү. Үгүт башталбай жатып, талапкерлер арасында теңсиздик тууралуу талаш-талкуулар күчөп жатат.
Муратбек Султанбеков, Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер:
“Мен шайлоодо жеңип деле чыкпайм го. Анткени менин анча көп акчам деле жок. Билборддорго чыгып, миңдеген жарнама баракчаларын басып чыгарган жокмун. Врачмын, андыктан үгүткө алыма жараша эле акча бөлдүм. Эми элестеткиле, талапкерлер арасында 600 агитатор жалдагандар да бар экен. Анын ар бирине эле 10 миң сомдон төлөдү дегенде эле эле эмне деген акча кетип атат. Мындай агитаторлор армиясын түзгөн адам менен мен тең-тайлаша аламбы?”.
БШК өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, шайлоо мыйзамдары боюнча үгүтчү жалдоодо чектөөлөр каралган:
“Чек бар. Бир мандаттуу шайлоо округдарында агитаторлордун саны 500дөн ашпашы керек. Алардын айлык акысы ич ара келишим менен шайлоо фондунан которуу ыкмасы аркылуу төлөнөт. Колдон-колго нак акча менен төлөнбөйт. Баары БШК көзөмөлүндө, бирок шайлоодо оппоненттер бирин-бири байкап калса кайрылса болот, алар шайлоодон четтетилет”.
Үгүткө байланыштуу БШКга буга чейин эки арыз-даттануу түшкөн, алар боюнча териштирүү жүрүүдө.
Үгүт маалында талапкерлер 10 миллион сомдон ашпаган каражат жумшай алат. Талапкерлердин шайлоо фондусуна жеке адамдар 200 миң сомдон, юридикалык жактар 500 миң, ал эми талапкерлердин өздөрү 150 миң сомдон ашык каражат сала албайт. Ошондой эле сырттан каржылоого жол берилбейт.
Кайтадан шайлоо өтүп жаткан Бишкектеги эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 210 миңден ашат.
“28-ноябрда өткөн шайлоодо Биринчи май шайлоо округундагы 103 миң шайлоочунун 31%, ал эми Свердлов районунда 108 миң шайлоочунун 33% катышкан. Негизи Бишкекте шайлоодо шайлоочулардын 30-35% гана шайлоого келет”, -деди Боршайком өкүлү Узарбек Жылкыбаев.
Ошондо кайтадан шайлоо өтүп жаткан эки округдун ар биринде 26дан талапкер орточо эсеп менен 30 миң шайлоочунун добушу үчүн күрөшмөкчү. Бул шайлоо өтө курч атаандаштыкта өтүшүн шарттап жатат.
Экс-депутат, мурунку вице-премьер Элвира Сурабалдиева Биринчи май шайлоо округу боюнча талапкерлигин коерун биринчилерден жарыялаган. Өткөн шайлоодо өтпөй калган юрист Нурбек Токтакунов да ушул эле округдан кайрадан күчүн сынайт. Алардын катарында Elite House курулуш компаниясынын директорунун орун басары Айжан Абдыразакова, экс-вице-мэр Русланбек Акылбеков, “Арпа” заводунун директору Таалайбек Кермалиев, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев, аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев жана башкалар бар.
Ал эми Свердлов шайлоо округу боюнча экс-депутаттар Евгения Сторокова, Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов, мурунку баш прокурор Аида Салянова, журналист Элнура Алканова, Бишкек мэриясынын мурунку кызматкери Гуля Алмамбетова, Кыргыз улуттук университетинин окуутучусу Нуржан Жумагазиева, Аламүдүн шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо жыдып калган Азамат Аспек уулу жана башка талапкерлер күч сынаганы турат.
Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан кайтадан шайлоо дайындалган эле.
29-декабрда ишин баштаган ЖКнын VII чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланып, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.