"Дарыкана наркоманиясынан" куткаралы деп кенедей кызды чет өлкөгө алып кеттик... Эжесинин маеги

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Соңку жылдары мектеп окуучулары жана студенттер арасында “дарыкана наркоманиясына” берилип, андан чыга албай азап тарткандардын саны өскөнүн адистер байма-бай билдирип келишет. Бул көрүнүштүн курмандыгына айланган өспүрүмдөрдүн, жаштардын жакындары "дарыканалар рецеби жок сатылбай турган дарыларды эч тоскоолдуксуз эле сатып жатышат" деп зар какшоодо.

Улуттук статистика комитети 2021-жылы өлкөдө наркоманияга көз каранды 8 403 киши бар деп билдирген. Адистер баңгизатка көз карандылардын көпчүлүгү Чүй облусунун аймагында, анын ичинде баш калаа Бишкекте мектеп окуучулары арасында болуп жатканын билдирет.

Биз бул жолу дарыкана наркоманиясынан жабыркаган окуучу кыздын бир тууганы менен маек курдук. Ал “сиңдим жана башка туугандарыбыз билип калбасын” деген жүйө менен өзүнүн атын гана атап, толук аты-жөнүн жашырууну өтүндү.

Өзүн Мээрим деп тааныштырган 30 жаштагы аял ойго батып олтурду. Буга өтө чоң себеп бар эле. Ал 15 жаштагы бир тууган сиңдиси "дарыкана наркоманиясына" кантип байланып калганы тууралуу айтып берди. Мээрим бул тууралуу сиңдисинин жүрүм-туруму өзгөрө баштаганда гана байкаган.

Мээрим, сиңдиси башында дарыкана баңгизатынын жеңил түрүн колдонуп, кийин кан тамырга сайыла турган дарыларды колдоно баштаганына күбө болгон экен.

“Биздин үй-бүлөбүз дагы ушундай жаман окуяга туш болгонбуз. Мектепте окуган 15 жаштагы сиңдим жана анын курбулары болуп дарыканадан зыяндуу дарыларды колдонуп жүрүшчү экен. Алар наркотикалык препараттарды колдонушат экен. Анын ичинде тамырга сайган дарылар дагы бар. Менин билишимче ал күчтүүсү окшойт. Бара-бара жүрүм-туруму өзгөрүп баштаганда, анан бизге байкала баштады. Апам экөөбүз психологго алып барып, ошондо билдик. Окуусун токтотуп акыры чет өлкөгө чейин алып кеткенге аргасыз болдук. Себеби тегерегиндеги курбуларын ата-энелери көзөмөлгө албайт окшойт. Алар кайра-кайра чалып чакырышканынан, окуусун токтотуп чет жакка алып кеткенге туура келди. Бир күнү болбосо бир күнү кайра баштап алса деп коркот экенсиң. Бирөөнүн баласын кошо көзөмөл кыла албайт экенсиң да”, – дейт Мээрим.

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Деген мененМээрим сиңдисинин окуясынан кийин укук коргоо органдарына арыз жазбаганын кошумчалады. Анткени, анын бир тууганы "дарыкана наркоманиясына" байланып калганын үйүндө апасы экөөнөн башка эч ким билбейт.

*Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү оор кылмыштардын катарына кирет. Ал үчүн мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Бирок аптекада сатылган дарылар бул беренеге түшпөйт.

Жаап жашырбай баарын айткым келет. Бирок...

“Негизи ачыкка чыгып, арыз жазып баарын ачык айткым келет. Мындайды башка ата-энелердин башына салбасын дейм. Бирок, кадимкидей эле колу-бутуң байланып калат экен. Муну көрүп бир күнү болбосо бир күнү өзүнө кол салып жиберсе эмне болот дейсиң. Жада калса арыз жаза албадык. Ал эле эмес, атама, башка бир туугандарыбызга бул тууралуу айткан да жокпуз. Жок дегенде бийлик башкасын көзөмөлдөбөсө да, ушул дарыканаларды көзөмөлгө алышса болмок. Мисалы, биз сыяктуу бир тууганы ден-соолугунан ажырап, дары баңгизатына байланып сыздап отургандар толтура да. Себеби бир тараптуу көзөмөлдөн натыйжа чыгышы кыйын экен. Аптекада оңой эле сатып алышат. Билинбей канча өспүрүмдөр ошол нерседен чыга албай келет”, – деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда канча өспүрүм, жаштар "дарыкана наркоманиясына" байланганын так айтуу кыйын. Анткени көпчүлүк ата-энелер жана өспүрүмдөр ачык айтып, наркалогия борборуна каттоого турушпайт. Эгерде рецеби жок эле дары-дармек сатып жатканы тууралуу арыз, даттануу түшсө, дары-дармек департаменти дароо эле барып текшере албайт. Мыйзамга ылайык, экономика министрлигинен “ошол дарыканага баланча күнү барабыз” деп алдын ала уруксат алып, анан гана бара алат.

Мээримдин айтымында, ал сиңдиси бул дарыкана наркоманиясынын курмандыгы болуп калганда, өзү дарыканаларды текшерүүнү туура көргөн. Жыйынтыгында чоң-чоң фирмалар ачык эле сатып жатканын аныктаган.

“Сиңдим бул окуяга кабылгандан кийин мен дагы, өзүнчө изилдөөнү туура көрүп, акырын сураштырдым. Бишкекте өспүрүмдөрдү азгырган топтор бар окшойт. Алар улам жаңы балдарды өз тобуна кошушат экен. Сиңдим жана анын курбулары дагы аларга алдангандар окшойт. Ага киргендер бири-биринен угуп, дарыканага барып эркин эле сатып алышат экен. Бишкекте рецеби жок, сатууга тыюу салынган дарыларды чоң-чоң фирмалар сата берет экен. Мен дагы бир-эки дарыканага барып, сурасам, рецеби жок эле сатаарын айтышкан. Бийлик эмне үчүн мындайларга чара көрбөйт? Анан албетте өспүрүм балдар бат эле алданат да. Улам-улам күчтүү дозаларына өтө баштайт, кийин ошол нерсеге дайыма көз каранды болуп калат. Кырчындай, он гүлүнүн бири ачыла элек балдар ушул нерсеге азгырылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Дагы жакшы сиңдимди убагында байкап калып, дарылатып жатабыз. Акырындап жакшы болуп келе жатат”, – деди ал.

Ата-эне, чөйрө менен болгон түшүнбөстүк, мамиледеги келишпестиктер баңгизат колдонууга түрткөн себептердин бири

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ата-эне, чөйрө менен болгон түшүнбөстүк, мамиледеги келишпестиктер баңгизат колдонууга түрткөн себептердин бири

Мээрим азыр бир тууганынын башынан өткөргөн окуясынан кийин ага окшогондорго жардам берүүнү туура көрүп, азыр башка ата-энелер менен байланышып жардам берүүнүн үстүндө иш алып барып жаткан учуру. Ал муну башынан өткөргөндөр гана жакшы түшүнөрүн белгиледи.

“Мен бул нерсени эч кимдин башына салышты каалабайм. Канча деген азап күндөр өттү? Ошон үчүн башка өспүрүмдөргө жардам бергим келди. Негизи бул нерседен арылса болот. Ал үчүн талыкпай күрөшүш керек. Ошол өспүрүмдү ата-энеси жана бир туугандары жемелебей, тескерсинче колдоо көрсөтүп, жашоосун жакшы жакка бурганга жардам бериш керек. Эң негизгиси, бала өзүн таштап салганга жеткирбеш керек. Баарын жеңсе болот”, – деп сөзүн жыйынтыктады Мээрим.

Дилде Шатанова, эркин журналист.