Зомбулуктун азабы: ондогон аял көз жумду

Сүрөттүн булагы, Getty images
2023-жылы үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун кесепетинен 26 аял каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов Би-Би-Сиге билдирди.
Узаган жылдын он бир айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 11783 учур катталган. Анын ичинен аялдарга 9786, жашы жете элек балдарга 184 убактылуу коргоочу ордер берилген.
Үй бүлөлүк зомбулукка байланыштуу он бир айда 539 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 350сү сотко кеткен, калгандары өндүрүштө.
Андан башка, укук бузуу фактысы боюнча 2604 иш сотко жетип, үй-бүлөлүк зомбулука шектелгендердин миңден ашыгы коомдук жумушка тартуу боюнча чечимдер чыккан. Анын ичинен 872 адам 3-7 күнгө камалган.
Кулак-мурду кесилген Аселдин аянычтуу окуясы

Сүрөттүн булагы, Social Media
Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асель Ногойбаеванын окуясы чоң көйгөй бар экенин ашкере кылды. Үрөйдү учурган зомбулук аялдардын коопсуздугу деген маселени кабыргасынан коюп, эрежелер, мыйзамдар тууралуу дагы бир жол ойлонууга жем таштаган окуя болду.
2023-жылдын 20-сентябрь күнү, Бишкек четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асель Ногойбаева аттуу аял кулак, мурду кесилген абалда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү сегиз сааттык операция жасалган. Алдыда дагы бир нече операция жасалуусу күтүлүүдө.
Күнөлүү деп табылган, Ногойбаеванын отуз тогуз жаштагы мурдагы күйөөсү сегиз жылга эркинен ажыратылды. Ал буга чейин эки ирет “зордуктоо” фактысы менен кармалып, кайра бошонгону аныкталды. Биринчисинде, келиндин тосмо арызы менен бошотулуп, экинчи жолу былтыр апрель айында эле “пробациялык көзөмөлгө алуу” чечими менен сот залынан бошотулганын маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул чечимге макул болбой, жабырлануучу тарап доо арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылышкан. Бул арыз боюнча иш 27-сентябрга белгиленип, бирок, ага жети күн жетпей, Ногойбаева мыкаачылык менен бычакталды.
Коомчулуктун соттун учурундагы бул чечимине болгон нааразычылык жана судьялар кеңешинин президентке берген сунушуна ылайык, Ногойбаеванын күйөөсүн бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук соттун судьясы Кыялбек Токтомаматов, 2023-жылдын 14-ноябрында кызматтан алынды.
Андаракта асынган аялдар

Сүрөттүн булагы, AZATTYK.ORG
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Лейлектин Андарак айылында бир жыл ичинде он аялдын суицидге барганы тууралуу кабар коомчулуктун үрөйүн учурду.
Жергиликтүү милиция аялдардын суицидге барган жети учурун расмий билдирүүдө. Бир жылда он аял өз өмүрүнө кол салып, алардын алтоосу көз жумган. Төртөөнө убагында жардам көрсөтүлүп, өмүрүн сактап калышкан.
Аялдардын өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда. Милиция ар бир окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, жакындарынын баары убагында суракка алынган деп билдирди. Бирок бир дагы киши күнөөлүү деп табылган эмес.
Суицидге барган аялдардын эң жашы жыйырмада болсо, эң улуусу кырк үчтө болгон. Өлүмгө барууга негизги себеп жана ага күнөөлүү кишилер али күнгө чейин табыла элек.
Би-Би-Си каза болгон эки аялдан жакындары менен байланышканда, үйдө уруш-талаш болгон эмес деп, шайтан, жин кирип кетиши мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.
Андарак айыл башчысы жер үлүштүн тартыштыгынан бир үйдө көп бүлө жашаганга туура келип жаткандыгын, бул дагы бир себеп болушу мүмкүн деген пикирин билдирген.
Үч бала энесиз калды
2023-жылдын 3-апрелинде Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 1995-жылы туулган А.Х. 2000-жылы туулган Р.Ш. аттуу жубайын кызганычтын айынан бычактап, өлтүрүп алган.
Экөөнүн ортосунда үч бала бар.
Кылмышка шектүү камакка алынып, 122-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча иш козголгон. Учурда бул кылмыш сотто каралып жатат.
Бул ИИМдин резонанстуу иштеринин катарына кирген.
Түркияда кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Сүрөттүн булагы, getty images
Жыл соңунда Түркиянын токоюнда, үч айдан бери дайынсыз болуп жаткан элүү бир жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылганын "Демирөрен" агенттиги жазды.
Бул ишке байланыштуу 10 киши суракка алынып, аялдын 52 жаштагы таанышы камакка алынды. Шектүү аял өз ажалы менен каза болгонун, сөөктү өз үйүнүн жанына алып барып, көмгөнүн айтып берген.
Каза болгон аялдын 25 жаштагы кызы, "Демирөренге" маек берип жатып, "кылмышкерлердин жазалануусун каалайм" деп билдирген. Аялдын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги азырынча билдирүү тарата элек.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көп катталып жаткандыгына байланыштуу айрым кылмыш-жаза кодекси жана мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деген сунуштар айтылып келет.
Былтыр октябрь айында Жогорку Кеңеште «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору» комитетте жактырылган.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Динара Ашимова.
“Бул мыйзамдар жана өзгөртүүлөр сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндерге комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдардын жазасыз калуусун жоюу максатында иштелип чыккан. Алар укук бузуулардан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылууга, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга, ошондой эле жазык иши жана сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулук бөлүгүндө укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Тергөө жана сот практикасы көрсөткөндөй, үй – бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана балдар процесстик кепилдиктерге-алардын укуктарын камсыз кыла турган жана жазык ишин жана укук бузуулар жөнүндө ишти адилеттүү чечүүгө кызмат кыла турган Мыйзамда белгиленген каражаттарга жана ыкмаларга муктаж".
2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 8225 аял жабыркаган. Былтыр бул сан миңге жогорулады.












