Палестинада тынчтыкка карай жол узак жана татаал

Мындан 60 жыл мурда, 28-майда Палестина мамлекетин куруу милдетин мойнуна алган Палестинаны бошотуу уюму түзүлгөн. Балким ушул датага карата символикалык ишаратпы, Европарламентке шайлоодо добуш алуу кызыкчылыгы түрттүбү же башка себептерден уламбы, айтор Евробиримдикке мүчө эки мамлекет - Ирландия, Испания жана Норвегия Палестина мамлекетин таануу жөнүндө расмий чечим кабыл алганын жана бул акт 28-майда күчүнө кире турганын бир мезгилде жар салышты. Ушул чечимди жарыялап жатып, Испания менен Ирландиянын премьер-министрлери Палестинаны таануу израил-палестин жаңжалында нейтралитеттен баш тарткандыкка жатпайт деп шаша билдиришти. Ошентип Палестинаны тааныгандардын саны өстү.

Буга чейин Башкы Ассамблеянын сессиясында 143 өлкө Палестинанын БУУга мүчөлүгүн колдоп добуш берген. Палестина мамлекети түзүлгөндүгү тууралуу чечим 1988-жылы 15-ноябрда Алжирде Палестинанын Улуттук кеңешинин кезексиз жыйынында кабыл алынган. Учурда 146 өлкө тааныйт. Бирок Жапония, Евробиримдиктин көбү, айтор дагы эле бир топ мамлекет тааный элек. Андан тышкары, БУУнун толук кандуу мүчөсү болушу үчүн Коопсуздук Кеңешинин баардык туруктуу мүчөлөрү таанууга тийиш жана алардын бири дагы мындай чечимге вето койбошу керек.

Ал эми туруктуу мүчөлөр - АКШ, Улуу Британия, Франция Палестинаны тааный элек. Жогоруда айткандай, Европарламентке шайлоо өнөктүгү кызый баштаганда, Палестинаны таануу маселеси үгүттүн предметине айланды. Маселен, Палестинаны тааныйбыз деген Испанияда таануу менен чектелген жетишсиз, Израилди Газадагы геноцид үчүн катуу жазалаш керек деген ураандар чакырыла баштады. Францияда улам дабышы катуулап бараткан “Жеңилбес Франция” солчулдар партиясы Палестинаны таанууну талап кылды.

Палестинаны таанууну жактагандар "Эки мамлекет жөнүндөгү чечим — Израил үчүн дагы, Палестина үчүн дагы тынчтыкка жетүүнүн жападан-жалгыз жолу” деп түшүндүрүшөт. Калети жок. Бирок Палестинаны таанууга чейинки жол узак. Аныгында туура. Палестинанын да, Израилдин да суверенитетке жана өз алдынча мамлекетке тарыхый укугу бар, алардын аялуу улуттук идеясы, экөөнүн баш тартпай турган бийик максаты, экөө тең кымбат кун төлөгөн.

Евробиримдикке кирген мамлекеттердин Палестинаны тааный башташы, Израилдин Газа секторундагы согуштук аракеттерин дүйнөлүк коомчулук тарабынан айыпталышы, антисионисттик маанайдын күчөшү, палестин эли менен тилектештик акциялары, Гаагады Эл аралык соттун Израил жетекчилерин геноцидге айыптап, кылмыш ишин козгоо аракети палестиналыктарды шыктандырат жана дем берет. Кайсы бир денгээлде палестиндиктердин жеңиши, алардын жер-жерлердеги тарапташтарынын аракетинин натыйжасы.

Ал тургай Палестина жана анын тарапташтары дипломатиялык майданда жеңишке жетти деп да баалап жиберишти. АКШнын союздаштары Палестинаны таанып жаткан соң, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк өскөнүн, маселе бир гана Израилдин эмес, Палестинанын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилерин болжоп жатышат. Бирок Палестинаны дүйнө биротоло таанып, тынчтык орногонго чейинки чейинки жол али узак, дале татаал.

Колдон учкан шанс

Палестина байыртадан бери колдон колго өтүп келген аймак. Палестина мамлекетин таануу - жаңы маселе. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң 1947-жылы араб-израил талашынан тажаган Британия, эки тарап бир пикирге келчүдөй эмес деп, чырлуу аймакты башкаруу мандатынан өз ыктыяры менен баш тартат.

Ошол жылы 29-ноябрда БУУ Палестина боюнча чечим кабыл алат, тактап айтканда араб жана еврей мамлекетин түзүү, Иерусалим менен Вифлеем шаарларын эл аралык көзөмөлдөгү шаарлар деп жарыялоо планын бекитет.

Еврейлер мамлекет курууга киришет. Ал эми араб өлкөлөрү бир пикирге келе албай, Араб мамлекеттеринин лигасы БУУнун планын четке кагат. Израил көз карандысыздыгын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдагы №181 резолюциясына ылайык 1948-жылы 14-майда жарыялайт. Эртеси эле арабдардын лигасы Изарилге согуш жарыялап, Сирия, Египет, Ливан, Ирак жана Трансиордания (Британиянын мурунку протектораты, азыркы Иордания Хашимит королдугу) кол салат.

Израил бул согуштан утуш менен чыгат, территориясы кеңейет, Иерусалимдин бир бөлүгүн ээлеп калат. 1949-жылы Израил мамлекетин БУУ тааныйт. Ич ара ыйкы-тыйкыдан, пикир келишпестиктен улам араб мамлекети түзүлмөк тургай, Газа секторун Египет, Чыгыш Иерусалимди Иордания ээлеп алат. Палестинадагы 750 миң арабдын бир тобу коншу араб мамлекеттерине көчүп кетип, 160 миндин тегерегинде гана араб калат.

Тескерисинче, Йемен, Египет, Ливия, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө еврейлерге каршы маанай күч алып, агрессивдүү мүнөзгө ээ боло баштаганда, 800 миңге чукул жөөт жаңы түзүлгөн, жалгыз туруп беш өлкөгө туруштук бермек тургай, утуш менен чыккан Израилге качып келип, отурукташат. Ошентип Араб лигасы таянган калктын көпчүлүгүн арабдар түзгөндүктөн Палестина толугу менен арабдардыкы деген аргумент шоона эшпей калат. Израил арабдарга “силер биздин жаңы мамлекетке кол салдыңар, бизден 600 миндей араб көчүп кетти, араб мамлекеттеринен ошончо 880 миң еврей аргасыз качып келди, аймакка биз ээбиз” деген кошумча аргументке ээ болот.

Эми “палестин качкындары” деген жаңы проблема жаралып, конфликт күчөйт. Ар жылы жанжал чыгып отуруп, 1967-жылы июндагы Израил бир тарап, Египет, Сирия, Ирак, Иордания жана Алжир бешөө бир тарап “Алты күндүк согушта” Израил кайрадан жеңишке жетип, БУУ экиге бөлмөк болгон территорияны толук ээлеп алат. Же мамлекеттен жок, же жерден жок калган арабдар арасында радикалдык маанай өрчүп, террорчул күчтөр пайда болот. Палестинаны бошотуу кыймылы жаралат.

Израил менен Палестинаны бошотуу уюмунун Ослодогу 1993-жылдагы келишимине ылайык 1994-жылы Палестин улуттук администрациясы - Палестин автономиясы түзүлөт. Осло-1, Осло-2 аталган келишимдерде еврейлер көзөмөлдөгөн территорияларды Палестин автономиясы башкармак эле. Иш жүзүндө келишим кагазда калды. Палестин автономиясы эч бир аймакты толук кандуу контролдобойт жана башкарбайт. 2007-жылы Палестинаны бошотуу уюму Изарилге каршы бекем турбады, арабдарды мыктап коргой албады деп баркы кетип, ХАМАС (Харакати-аль-мукаута аль-исламия”) исламчыл уюму авансценага чыгат.

ХАМАС негизги күчкө айланат. Террорчул аракеттен кайра тартпаган бул уюм 2023-жылы 7-октябрда, Израилге арабдар биргелешип кол салган “Каардуу күн” же 1973-жылдагы араб-израил кагылышынын 50 жылдыгын туштап Израилге капыс кол салып, кыска убакыт ичинде оңбогондой зыян келтирип, еврейлерди туткундап алат.

Буга чейин топ араб мамлекеттерине моюн бербей келген, армиясы менен чалгын кызматы күчтүү делген Израил бир уюмдан катуу сокку жейт. ХАМАСтын араб дүйнөсүндө аброю көтөрүлөт. Конфликт эми жаңы өңүттө тутанып, ыза болгон Нетаньяхунун өкмөтү ХАМАСтан өч алам деп Газа тилкесине чабуул коюп, миңдеген киши кырылат, аймак гуманитардык катастрофага кептелет.

Ушул кыска тарыхый экскурстан көрүнгөндөй, Палестина мамлекетин каалаган араб мамлекеттеринин ичинде ырк жок. Еврейлер колдонгон реалдуу мүмкүнчүлүктү булар колдоно алган эмес. Палестина маселесинде палестиндик арабдар эмес, тышкы күчтөр көбүрөөк таасирге ээ. Нака Палестина уюмдары да бирдиктүү эмес. Факт жүзүндө эки субъект бар. Мисалы, Палестин администрациясы азыр оюндан четтеп, бир катар мамлекеттер террористтик деп атаган ХАМАС чечүүчү күч.

Кош миздүү проблема

Европанын үч өлкөсүнүн Палестинаны таанышы маселени чечеби? Чечилсе кана, атаганат. Бирок чечилиши кыйын.

Биринчиден, исламчыл күч аталган ХАМАСтын чечүүчү оюнчуга айланышы тынчтыккка карай жолдо тоскоолдук жаратат. ХАМАСтан бир топ мамлекеттер чочулайт. Террористтик деп эсептеген уюмдун өз алдынча мамлекеттин башына келишин каалабагандар арбын. Палестинаны четинен тааный баштаганда акырындап жыла бергендин ордуна ХАМАС кечээ Газанын түштүк калаасы Рафактан карай Израилге ракеталарын учурду.

Кечээ эле Германиянын "Welt am Sonntag" басылмасы ХАМАСтын террорчулары Израил элчилигине жана АКШ Рейнланд-Пфальцтагы аскерий базасына кол салуу даярдалгандыгы тууралуу билдирди. Мындай акциялар дүйнө Палестинаны эки мертебе тааныса да аймактагы тынчтыкка кесепетин тийгизгени тийгизген.

Экинчиден, ХАМАСТын 7-октябрдагы чабуулу, Израилдин Газа секторундагы аскерий катаал операциясы, бөөдө кыйылган өмүрлөр эки жакта тең – палестиналыктар менен еврейлер арасында өч алууну көксөгөндөр тынчтыктын орношуна кедергисин тийгизерин көрсөтүп турат.

Үчүнчүдөн, Палестина маселесинин чечилиши еврейлердин кызыкчылыгына шек келтирбеш керек деп бекем ишенген, арабдардын чок ортосунда турган жалгыз еврей мамлекети болгон Израил жана дүйнөдөгү еврейлер тим карап турабы. Тел-Авив дароо реакция кылып, Норвегиядагы, Испаниядагы жана Ирландиядагы элчилерин кеңешүүгө деп чакыртып алды. Дипломатиянын тилинде бул катуу каяша, эртең мамилелердин курчушуна же үзүлүшүнө алып келчү кадамдардын бири.

Израил –жаш мамлекет, бирок еврей мамлекети эзелки маселе, байыркы элдин кымбат эңсөөсү жана улуу кыялы. Насили бир тууган Палестина деле ушу сыяктуу. Израил дүйнөдө кубаттуу мамлекеттердин бири. Еврей мамлекети аталганы менен көп улуттуу өлкө – 10 миллионго чукул калктын 73,2 пайызы еврейлер (7,2 млн) 21 пайызы арабадар (554 миң) жана 6 пайызга жакын башка улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Израил бул жөн гана өлкө эмес. Еврейлер нечен ирет мисмилдирик аткан эл. Ар кай заманда геноцидди башынан кечирген карып эл, күн жүрүштө күн көрбөй, бирок күнөстүү жерге туу сайган журт, түркүн жерде түрдүү куугунтук жеп, бирок акыл таймашта жеңген улут. Дүйнөнүн интеллектуалдык, финансылык элитасынын бараанду өкүлдөрү. Сионизм – дүйнөлүк масштабдагы кыймыл. Еврейлер - дүйнөнүн булуң-бурчундагы юристтер, банкирлер, саясатчылар, көркөм өнөрдүн мыктылары.

Төртүнчүдөн, Израил элитасынын бир тобу Жакынкы Чыгыштагы тынчтык Палестинаны таануу менен орнобойт, анткени бул еврейлердин кызыкчылыгына каршы деп эсептейт.

Бешинчиден, тынчтык келишими түзүлө баштаганда азыр анча бекем эмес ишенбөөчүлүк ого бетер күчөйт. Мисалы, Египет азыр Израил – ХАМАС талашында ортомчулардын бири. Египеттин чалгын кызматы Израил менен ХАМАСтын ортосундагы келишимдин дорбоорун өзгөртүп жибергени дагы бир оюнчу Катарга билинип, ал Моссадга шыбырап коёт. Бул эл аралык дипломатиялык жаңжалга айланбаса да, болочок келишимди дагы арылатты. Мындай оюндар боло келген, болбостугуна эч ким кепилдик кыла албайт.

Алтынчыдан, исламчыл аталган күчтөр да тынчтыкка карай жолдо кыйла тоскоол болоору буга чейинки окуялар тастыктады. Токтоп калышы кыйын го, анткени дегеле тынчтыкты каалабаган, исламдын атын жамынган же өзүн исламчыл атаган псевдоисламчыл уюмдар еврейлерге каршы жихаддан баш тарта элек, тартышы да кыйын.

Анткени каапырларга, демократияга, светтик түзүлүштөргө каршы куралдуу жихад алардын негизги идеологиялык өзөгү, мотивациялык урааны. “Ансар-Аллах” аталган хуситтер уюму Израил портторуна багыт алган кемелердин баарына кол салабыз деп жарыялады. Дүйнөлүк деңиз соодасына катуу таасир этип, ири мамлекеттердин айласын алты кетирип жаткан хуситтер Палестинанын таанылышын жана тынчтыктын орношун жакындатпайт.

Жетинчиден, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тике тиешеси бар жана таасири күч ири державалар, аймактагы оюнчулар бир позицияда эмес. Ар ким өз көмөчүнө күл тартат, тигил же бул тараптьы, ал тургай Палестинанын ичиндеги тигил же бул күчтү колдоп, кутум уюштурат, анан жаңжал ырбайт. Мисалдар жетиштүү. Жыкынкы Чыгышта дагы, башка жаңжалдуу аймактардагы чырларда тышкы факторлор себепкер болгонун бүгүн эч ким жокко чыгара албайт. Эки башка элдин журт талашы, жер талашы тургай, бир элдин кырды-бычак эки мамлекетке бөлүнүшү, бир улуттун узак жылдар бою аёосуз согушу (корейлер, вьетнамдар, камбоджалар, Африканын ондогон өлкөлөрү) ошол азап чеккен элдердин каалоосу эмес, тышкы күчтөрдүн саясатынын натыйжасы болгону ким танат.

Сегизинчиден, маселенин калыс чечилиши кыйын, эки тарапты тен канааттандырган мунасага келүү оор. Демекм эзелки талаштын жаңы айлампасына айланат. Келечектеги конфликттердин фактору болушу ыктымал. Ылайым боосу бекем болсун. Палестинаны баары таанып, БУУга толук кандуу мүчө болушу зарыл. Мамлекеттин территориясы, чек арасы, ордосу болууга тийиш. Бирок да ошол таанылган мамлекеттин территориясы кандай болот, азыр еврейлер ээлеп турган территориясын береби палестиндерге, эки мамлекеттин чек арасы кай жерден чектешет, жаңы мамлекет Палестинанын ордосу кайсы шаар болот? Бул сыяктуу оор суроолор кыска убакытта чечилбейт.

Акырында, Палестина маселесинин чечилишине, Жакынкы Чыгышта тынчтыктын орношуна кедергиси тие турган дагы негизги фактор – бул эл аралык укуктун болуп көрбөгөндөй кризиси. Дегеле дүйнөдө эл аралык мыйзамдардын жана мамлекеттер аралык келишимдердин аткарылышы соңку кездеги эң оор проблемага айланды. Мамлекеттер согушту согуш деп атабай туруп согушуп жатышат. Дал ушундай шартта келишимдин түзүлүшү кыйын, түзүлсө да милдеттенмелердин аткарылышы проблема.

А аткарылбаган соң, Палестина менген Израил эңсеген жана дүйнө коомчулугу каалаган тынчтыктын орношу, Палестина көксөгөн мамлекеттин реалдуулукка айланышы – оор, түйшүктүү жана татаал проблема. Бири бирин укпай, улам бири кайсы бир формуланы сунуштап, улам бири ортомчу болом дей бергенден майнап чыкпайт, кызыктар тараптардын баары катышкан эл аралык конференцияда макулдашып, бир отурушта маселени биротоло чечпесе да, кур дегенде принциптерин жана шарттарын тактап алуу зарылчылыгы талашсыз. Тарыхый тажрыйба бар, зарылчылык калдайып маңдайда турат.

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.