You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Динаятчы Фетхуллах Гүлен көз жумду
АКШда дин ишмери Фетхуллах Гүлен көз жумду. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2016-жылы аны мамлекеттик төңкөрүшкө айыптаган.
Herkul (Гүлендин жолу улоочулардын сайты) Х социалдык тармагындагы баракчасына дин аалымы 20-октябрда ооруканада көз жумганы жазды. Ал 83 жашта эле.
Түркияда Гүлендин кыймылын "Хизмет" деп аташат. Ал сабырдуу исламды жайылтып, билимди биринчи орунга коёт жана түрдүү ишенимдер арасындагы өз ара кызматташууну, эрикн алаканы жактайт.
"Хизметтин" эң эле белгилүү ишмердиги — Түркияда жана чет өлкөлөрдө мектептерди түзүү жана башкаруу болгон.
Узак жылдар бою Гүлен Түркияда таасири жагынан Эрдогандан кийинки эле экинчи инсан катары эсептелген.
Мурда алар тарапташтар болчу, бирок кийин алардын жолу эки ача кетти.
2013-жылы Гүленге жакын бир нече министр коррупцияга айыпталган эле.
Көпчүлүк "Хизмет" кыймылындагы полиция кызматкерлери жана прокурорлор турат деп боолголошкон.
2014-жылы түрк бийлиги "Хизмет" кыймылын террористтик уюм деп таанып, Гүленге издөө жарыялаган.
Ал учурда динаятчы АКШда жашап жаткан эле. Гүлен америкага 1999-жылы дарыланууга барып, ошол ойдон кайрылып келген эмес.
2016-жылы Түрикяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп, эки жүздөн ашык киши курман болгон.
Эрдоган Гүленди козголонго айыптаган, бирок динаятчы аны четке каккан.
Ошондон кийин Түркия боюнча жалпы Гүлендин жактоочуларынын изине түшүү башталып, 150 минен ашуун киши (анын ичинде мугалимдер, журналисттер жана полиция кызматкерлери да болгон) ишинен бошотулуп же кызматынан четтетилген, 77 миңден ашуун киши камакка алынган.
Гүленге тишеси бар деген ММК ишин токтотуп, мамлекттин карамагына өткөрүлгөн.
Гюлен родился в деревне в провинции Эрзурум в 1941 году в семье имама.
Гүлен 1941-жылы Эрзурум провинциясындагы кыштакта имамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1959-жылы ал өзү имам болуп, 1960-жылы динаятчы катары Измирде кеңири таанылган.
2016-жылдын май айында Түркиянын өкмөтү расмий түрдө Гүлен кыймылын террордук уюм катары жарыялагандан кийин жагдай дагы бир топ өзгөргөн.
Гүлен төңкөрүш аракетине кандайдыр бир катышы бар экенин четке кагып келди. Анын айтымында, камакка алуу толкунун эске алып, окуянын артында Эрдоган жеке өзү турушу мүмкүн.
Бирок талдоочулар окуянын уюштуруучулары- гүленчилер болобу же динге негизделбеген режимдин жактоочулары болобу шашылышты деп эсептешкен. Анткени кандай болгон күндө да баары бир Эрдогандын аскерди тазалоо ниетине күмөндүү карашкан.
Камакка алынгандардын саны - аскердик элитанын дээрлик үчтөн бирине барабар болгон. Ошондой эле миңдеген кызмат адамдарынын камакка алынышы – Эрдогандын кайсы бир адамдарга карата тизмеси мурда эле даярдалганбы деген божомолдорду пайда кылган эле.
Түркия өз мекенинде сот алдында жооп бериши үчүн АКШга Гүленди өткөрүп берүү боюнча кайрылган. Бирок, Вашингтон аларга өткөрүп берүү үчүн Гүлендин төңкөрүш кылуу аракетине катыштыгы тууралуу керектүү далилдер зарыл экендигин билдирген.