Кыргызстан менен АКШ Макмал-Каракол темир жол долбоорунун аткарылышын талкуулап жатат

вуаму

Сүрөттүн булагы, official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү америкалык All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар "Макмал – Каракол темир жолун куруу" долбооруун аткаруу маселесин талкуулашты.

"Талкуунун жүрүшүндө темир жол тармагында алдыңкы жана инновациялык технологияларды тартуу жана колдонуу, ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорду ишке ашыруу региондордун транспорттук байланыштуулугун жогорулатууга, өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө жана экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров бул долбоор өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, аны иш жүзүндө жүзөгө ашырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Былтыр 19-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Макмал аймагына чейинки темир жолдун курулушу жөнүндө макулдашууга президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана америкалык All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун өкүлдөрү кол койгон.

Курулуш жакынкы бир жыл аралыгында башталары, долбоордун наркы үч миллиард доллардай болору кабарланган.

2024-жылы декабрда президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун башталышына старт берип жатып, Макмал-Каракол темир жолу тууралуу айткан:

"Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолу курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот.Ошондой эле бул жаңы каттам аркылуу Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат".

еенктре

4-5-февралда Бишкек шаарында "Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү" темасында "B5+1" форматындагы экинчи диалог форуму өтөт.

Ага АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор да катышатт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Серджио Гор кыргыз тараптын чакыруусу менен 3-6-февраль аралыгында Кыргызстанда болот.

Сапардын алкагында Элчи Серджио Горду президент Садыр Жапаров кабыл алат.