Саламаттык сактоодогу көйгөйлөр: Досмамбетов эмнени өзгөртөт?

Каныбек Досмамбетов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Досмамбетов
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда өлкөнүн медицина тармагындагы бир катар көйгөйлөр боюнча билдирүү жасады. Бул министр кызматка келген эки ай ичинде кадрдык саясаттан баштап, айрым мекемелердин атын атап, алардын ишин ачык сынга алган биринчи учур. Каныбек Досмамбетовдун акыркы билдирүүлөрү жана кадамдары тармакта реформа башталганын билдиреби? Деги эле бул тармактагы көйгөйлөр эмнелер?

Онкологиядагы көйгөйлөр. Букуев эмне дейт?

30-январда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча кеңешмеде Каныбек Досмамбетов Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборундагы көйгөйлөрдү айтып жатып, учурдагы абалды "кооптуу" деп мүнөздөдү. Анын себеби катары онкология кызматын өнүктүрүү аракеттеринин жоктугун жана анын жетекчилеринин кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасоого каалоосунун болбогондугун белгиледи.

"Букуевди чакырып, маселе эмнеде деп сурасам, "бизде маселе жок" деп жооп берди. Демек ал өзүнө ыраазы же көйгөйлөрдү көрбөйт же көргүсү келбейт. Бул адамдын системага кайдыгер экенин, жан үрөбөгөнүн билдирет",-деди министр.

Кыргызстанда жыл сайын 6 миңден ашуун рак илдетине чалдыккан учур кездешет. Бейтаптар Улуттук онкология жана гемотология борборундагы медициналык аппараттардын жана дары-дармектердин жетишсиздигине, доктурлардын ишмердүүлүгүнө жана бейтапкананын шарттарына дооматтарын коюп келишет.

Нурбек Букуев, Улуттук онкология жана гемотология борборунун директору

Сүрөттүн булагы, socialmedia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Букуев, Улуттук онкология жана гемотология борборунун директору

Аталган мекемеге Нурбек Букуевди жетекчи кылып мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 3-декабрында дайындаган. Букуев Би-Би-Сиге азыркы министр Досмамбетовдун "сөздөрүнө кошулбасын", ал министр экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк болгонун билдирди.

"Мен министрдин айткан "онкологияда акыбал оор" деген сөздөрүнө кошулбайм. Мен азыр чет жакта жүрөт элем. Эмне үчүн абал оор, эмне үчүн ооруканада орун жок, поликлиникада кезек көп, эмне үчүн оорунун саны көбөйүп жатат, келгенде шашпай, статистика менен баарына жооп бергенге даярмын. Мен бир жыл гана директор болдум, бир жыл ичинде кандай иштер жасалганын да айтып берем. Бул жерде министрдин сөзү бурмаланып кетти. Менден "сенде эмне проблема бар?" деп сураганда, "менде проблема жок" дегем, бирок онкологияда албетте бар да, көп десек да болот. Анын баарын айтып отурганга көп убакыт керек. Министр экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк болуп калды",-деди Нурбек Букуев.

Өлкөдөгү рак ооруларын дарылаган жалгыз ооруканада система илгертеден калыптанып, ичинде башаламандык өкүм сүрүп келгенин айрым адистер кулак кагыш кылып келишкен. Алардын бири Бермет Барыктабасова өткөн жылы жайда онкологиялык борбордун ишин текшерген комиссиянын курамына кирген. Анын айтымында, бир жыл ичинде деле көп өзгөрүүлөрдү жасалса болмок.

Бермет Барыктабасова, эксперт

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бермет Барыктабасова, эксперт

"Мен комиссиянын өкүлдөрү менен бирге онкологиянын ичиндеги бардык бөлүмдөрдү, финансы , дары-дармектерден тарта бейтаптарды тейлөөчү бөлүмгө чейин текшерип чыктык. Жыйынтыгында биздин онкологиялык борбор эл аралык стандарттарга жооп бере албаган кызмат көрсөтөрүнө күбө болдук. Элементардуу оорулууларды каттай турган бирдиктүү реестр жок экен. Биринчи оорулуу келип түшкөндө катталат, андан кийинкиси белгисиз. Жогорку стадиядагы ракка кабылып келгендерди дарылабастан, үйүнө чыгарып жиберишет, алар үйүнөн көз жумат. Статистика көрсөтүп жатпайбы. Текшерүүнүн жыйынтыгында биз атайын чечим чыгарып, анда кандай кадамдар жасалышы керектигинен бери жазып бергенбиз. Андан бери алты ай өттү. Кантип "проблема жок" болсун",-деди Барыктабасова.

Кадрларды ротациялоо кардиологиядан башталган

Саламаттык сактоо министрлиги 12-январда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Самидин Шабыралиев кызматтарынан алынганын маалымдаган. Бул эки медициналык мекемеде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында көптөгөн эреже бузуу фактылары аныкталганын билдирген. Ошондой эле эки адис тең жетекчилик кызматтан бошотулганына карабастан, дарыгер катары ишин уланта алышары белгиленген.

Дарыгерлер Талантбек Сооронбаев, Самидин Шабыралиев жана министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгерлер Талантбек Сооронбаев, Самидин Шабыралиев жана министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ага чейин министрлик министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев аталган мекемелерди текшерип барган учурдагы 10 мүнөттүк видеону да жарыялаган эле. Анда Кадыралиев аталган мекеменин ичин кыдырып, шарттарды, айрым аппараттардын иштебей турганын сындаган.

Каныбек Досмамбетов өткөн апта соңундагы кеңешмеде борбор калаадагы медициналык мекемелердин кадрларын жаңыртуу керектигин да айтты. Анын белгилешинче, айрым клиникаларда адистер 20-30 жылдан бери кызматтык орундарды ээлеп, бул системанын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келишет.

"Бул кадрларды жаңыртышыбыз керек. Жаш адистерди даярдап, аларды заманбап ыкмаларга жана техникаларга үйрөтүү зарыл",-деген министр.

Ал арада 29-январда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору алмашып, Болот Жунусов жетекчи болуп дайындалды. 2025-жылдын март айынан бери бул мамлекеттик ишкананы Талант Султанов жетектеп келген. Ал 19-январда кызматтан кеткен. Мындан тышкары, Самарбек Болотбеков «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

«Кыргызфармация» 2023-жылы түзүлгөн. Ишкананын директорлору болуп Гүлмира Шакирова (2023-жыл, апрель — 2024-жыл, январь), Сүйүнбай Алиев (2024-жыл, февраль — 2025-жыл, январь), Талант Султанов (2025-жыл, март — 2026-жыл, январь) иштеген.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 1-февралдагы сөзүндө медицина тармагындагы абалга баасын берди.

"Медицина тармагында көрүп жатасыңар, кырдаал оорураак. Бүт имараттар, инфраструктура эскирген. Президент мага тапшырмаларды берип жатат. Мен айтып жатам, капиталдык ремонтко акча коротпой, жаңы салалы деп. Андан башка дагы реформалар абдан көп. Мага көрсөтүлгөн ишеничти толугу менен актап, бир-эки жылдын ичинде саламаттык сактоо тармагында олуттуу реформа кылышыбыз керек", - деди Досмамбетов.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов

Сүрөттүн булагы, regiontv

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов

Дагы кандай кадамдар керек?

Президент Садыр Жапаров Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кылып эки ай мурун дайындаган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жооптуу кызматтарды аркалап, Жалал-Абад облустук башкармалыгын да жетектеген. Атайын кызматтын өкүлүн саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоо бул тармак үчүн сейрек көрүнүш. Бул дайындоо медицина кызматкерлери арасында кызуу талкууланган. Ошондой эле атайын кызматтан келген адам кандай реформаларды жасайт деген күтүүлөр бар. Министрдин акыркы аракеттери реформанын башталышыбы? Дегеле тармакка кандай өзгөрүүлөр керек?

Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов тармакта өзгөрүү жасоо үчүн жетекчиликте эң биринчи эрк болушу керек дейт.

"Медицина тармагына байланышы жок адамдын министр болуп келиши бир жагынан жакшы болду. Анткени дарыгер жетекчиге ошол системанын ичинде иштеп жатканы үчүн айрым өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн эрк керек болмок. 30 жылдан бери ошол эрктин жоктугунан медицинабыздын абалы ушул күнгө келип жетти деп ойлойм. Албетте, буга дарыгердердин гана эмес, мамлекеттин дагы терс салымы болду. Бирок өзгөрүү үчүн кадрдык саясат жетишсиз. Бул жерге көп акча каражат бөлүнүшү керек. Адистердин айлыктарына, жабдыктарга жбус.",-деди Исмаилов.

Эрмек Исмаилов, жаш дарыгер

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрмек Исмаилов, жаш дарыгер

Ошондой эле Эрмек Исмаилов электрондук система менен профилактикага көңүл өзгөчө бурулушу керек деп эсептейт.

"Мисалы, Баткенден келген бейтаптын оорусунун тарыхын билбейбиз, кагаздары жоголуп кеткен, өзү болсо айтып бере албайт. Бул үчүн сөзсүз түрдө электрондук система керек, баары компьютерде, базада сакталуу болушу керек. Анан дагы бир маселе, профилактика. Мамлекет профилактиканын маанилүүлүгү тууралуу иш-чараларды жүргүзүп, соцтармактардан, журналисттер аркылуу маалыматтарды таратыш керек. Себеби бейтап оорусу күчөп кеткенде гана дарыгерге кайрылганда, жоопкерчилик дарыгерде гана болбой, бейтаптын өзүндө да болорун эске салып турушубуз керек",-дейт жаш дарыгер Исмаилов.

"Реформаны байкап жасаш керек"

Медицина тармагындагы белгилүү адис Айбар Султангазиев өзгөртүүлөрдү колдорун, бирок дарыгерлер абдан гумандуу калк болорун эскертти.

Айбар Султангазиев, эксперт

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбар Султангазиев, эксперт

"Мамлекет кадрларды он жылга жакын убакыт окутуп, даярдап, андан соң алар жылдап иштеп, тажрыйба топтошот. Алар абдан керектүү кадрлар, аларды жоготкон болбойт. Ошондуктан, батыл-батыл врачтарды ордунан алып, ары-бери которуудан абайлаш керек. Алардан гумандуу болушат. Унчугушпайт, бирок акырын эле жумуштан кетип калышат. Башка мамлекетке, жеке ооруканаларга чыгып кетишет. Ошол себептен медицинада өзгөрүүлөрдү байкап жасаш керек",-деди Султангазиев.

Эксперт министрдин медициналык инфраструктураны жаңылоо максатын колдорун кошумчалап, бирок андан да маанилүүсү - кадр маселеси экенин белгиледи.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, regiontv

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 1-февралда Нарындагы медицина кызматкерлерине автоунааларды тапшырып жатып, саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү мамлекеттеги эң көйгөйлүү тармактар деп атады.

"Мындан ары, айрыкча, саламаттыкты сактоо министрлигине көп көңүл буралы деген ойдобуз. Каныбек Моңолдорович, силер дагы элди жакшы карап, жакшы кызмат көрсөтүңүздөр. Азыр биз эки тармакты алып чыгып кетсек, мамлекетибиз алдыга жылып кете тургандай болуп турат. Эң жылбай, бирок эл муктаж болгон тармак - бул саламаттыкты сактоо тармагы. Ушул тармак реформа кылынбай, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, кыйналып калган. Президентибиз да ушуга көңүл буруп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, 1-апрелден баштап, айлык-акылар 100% көтөрүлүп жатат. Каныбек Моңолдорович келип, азыр өтө жакшы өзүнүн пландары бар", - деди Ташиев.

Бул тармактагы маяна 20-40 миң сомдун тегереги экени айтылып келет. Расмий маалыматтарда кабарлангандай, Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагына 23 миң медицина кызматкери жетишсиз. Тармакта жалпы 88 миң штат каралган, бирок бүгүнкү күндө 65 миңи гана эмгектенет. Жалпысынан 23 миң кызматкер жетишпейт, алардын ичинде 6,5 миң дарыгер, 8,5 миң медайым, 3,5 миң санитар жана 2 миңге жакын техникалык адистер бар. Кадрлардын жетишсиздигинин негизги себеби катары айлык акынын аздыгы айтылып келет.

Жаңы жылдын алдында тармакты колдоо максатында беш миң дарыгерге жана медицина кызматкерине кезексиз ипотекалык батирлер берилери да айтылган.