Орган алмаштыруу жана өлбөстүк: балким Путин менен Синин сөзүндө чындык бардыр?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Мишель Робертс
- Role, Би-Би-Си
Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуса болот.
Орган алмаштыруу аркылуу өлбөстүккө жетүүгө болобу? Бул суроо өткөн аптада Бээжиндеги аскердик парад учурунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда талкуу жаратты. Путиндин сөзүн которгон котормочу Си Цзиньпинге кытай тилинде кишинин органдарын көп жолу алмаштырса болорун, адам өз курагына кабарбай жашарып турушу мүмкүн экенин айтты. Ушундай жол менен карылыкты "белгисиз мөөнөткө" артка сүрүп таштоого ыктымал экенин да кошумчалады.
"Ушул кылымда 150 жашка чейин жашоо мүмкүнчүлүгү пайда болот деп болжолдонууда", — деген Путин.
Мамлекет башчыларынын жылмайып, күлүп койгону бул сөздөр өтө олуттуу түрдө айтылбаганын айгинелегендей болду. Бирок, балким, бул тамашанын ичинде да чындыкка жакын ойлор бардыр?

Албетте, орган алмаштыруу адам өмүрүн сактайт. Британиянын NHS Blood and Transplant уюмунун маалыматына караганда, акыркы 30 жыл ичинде бул өлкөдө орган трансплантациясынын жардамы менен 100 миңден ашык адамдын өмүрү сактап калууга мүмкүн болгон.
Медицинадагы жана технологиядагы туруктуу өнүгүүлөрдүн аркасында азыр алмаштырылган органдар жаңы ээсине мурдагыдан алда канча узак кызмат кылууда.
Мисалы, айрым бейтаптарда алмаштырылган бөйрөк 50 жылдан ашык иштеп келаткан учурлар бар.
Органдын канча убакыт туруштук берери донор менен реципиенттин саламаттыгына, ошондой эле алардын мурда жана кийин ден соолугуна кандай кам көргөнүнө жараша болот.
Маселен, эгер бөйрөк тирүү донордуку болсо, ал 20–25 жылга чейин иштеши мүмкүн.
Эгер бөйрөк маркум донордон алынса, бул мөөнөт 15–20 жылга чейин кыскарат.
Ошондой эле кайсы орган трансплантациялып жатканы да маанилүү. Journal of Medical Economics журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык: алмаштырылган боор орто эсеп менен 20 жылга, жүрөк 15 жылга, өпкө болсо болжол менен 10 жылга чейин кызмат кыла алат.
Өлбөстүккө билетпи?
Балким, Путин менен Си бир нече органды трансплантациялоо же аларды бир нече ирет кайра-кайра алмаштыруу аркылуу адам өмүрүн узартуу мүмкүнчүлүгүн айтышкандыр.
Бирок ар бир операция — бул чоң тобокелдик жараткан олуттуу медициналык кийлигишүү. Ар сайын операция үстөлүндө жатуу менен сен өмүрүңдү чоң коркунучка кептейсиң.
Азыркы учурда органын алмаштырган бейтаптар донордук органды организм четке какпашы үчүн өмүр бою атайын дары-дармектерди ичүүгө аргасыз. Бул дары-дармектердин олуттуу терс таасирлери бар: мисалы, кан басымдын жогорулашы. Мындан тышкары инфекцияларга кабылуу ыктымалдыгы да жогорулайт.
Органды четке кагуу процесси адамдын иммундук системасы алмаштырылган органды "чоочун" катары кабылдап, ага каршы чабуул койгондо башталат. Мындай реакция иммуносупрессивдик дары-дармектерди ичкенине карабай да пайда болушу мүмкүн.
Орган буюртма кылуу канчалык натыйжалуу?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Окумуштуулар азыр организм четке какпай турган органдарды жаратуунун үстүндө иштеп жатышат. Бул үчүн донор катары генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочколор колдонулууда.
Окумуштуулар CRISPR деп аталган геномду өзгөртүү технологиясын колдонушат. Анын жардамы менен чочконун ДНКсынын айрым бөлүктөрү алынат да, алардын ордуна адамга таандык ген кошулат. Мунун аркасында чочконун органын адамга жайгаштырганда четке кагуу коркунучу азаят.
Эксперттердин айтымында, бул максат үчүн чочколорду багуу туура чечим болмок, анткени алардын органдары адамдыкына абдан окшош.
Азырынча бул багыт толугу менен эксперименттик деңгээлде гана турат. Бирок окумуштуулар буга чейин чочкодон алынган жүрөктү жана бөйрөктү адамга көчүрүү боюнча алгачкы операцияларды жасашкан.
Буга чейин CRISPR технологиясын колдонуу менен чочконун органын трансплантациялоого эки эркек бейтап макул болгон.
Экөө тең кийин каза болушкан. Ошентсе да бул операциялар ксенотрансплантациянын, башкача айтканда, тирүү клеткаларды, ткандарды же органдарды бир биологиялык түрдөн экинчисине алмаштыруу ишинин өнүгүшүнө чоң салым кошту.
Илимдеги дагы бир багыт — адамдын өзүнүн башталгыч (бышып жетиле элек) клеткаларынан жаңы органдарды өстүрүү. Башталгыч клеткалар организмдеги каалаган клеткага айлана алат.
Азырынча бир дагы изилдөөчү топ жаңыдан өстүрүлгөн, толугу менен алмаштырууга жарактуу орган жарата алган жок. Бирок окумуштуулар бул максатты ишке ашырууга жакындап келе жатышат.
2020-жылдын декабрында Лондон университеттик коллежи (UCL) менен Фрэнсис Крик институтунун окумуштуулары адамдын иммундук системасындагы маанилүү орган — тимусту башталгыч клеткалар жана биоинженериянын жардамы аркылуу кайра түзө алышты. Экспериментти чычкандарга жүргүзүшкөн жана ал ийгиликтүү болгон.
Лондондогу Грейт-Ормонд-стрит ооруканасынын окумуштуулары болсо бейтаптардын ткандарынан алынган башталгыч клеткаларды колдонуу аркылуу адамдын ичегисинин трансплантаттарын өстүрө алышканын билдиришти. Бул келечекте ичеги жетишсиздиги синдрому менен ооруган балдар үчүн трансплантаттарды жаратууга жол ачышы мүмкүн.
Бирок бул жетишкендиктердин баары ооруларды дарылоого багытталган. Алардын максаты адамдардын өмүрүн 150 жашка чейин узартуу эмес.

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
Бул аралыкта америкалык IT-миллионер Брайан Жонсон биологиялык жактан жашаруу максатында жыл сайын миллиондогон доллар жумшайт.
Ал азырынча орган алмаштырууга кайрылганы маалым эмес. Бирок плазма куюу ыкмасын колдонгон. Ал кезде 17 жаштагы уулу донор болгон.
Бирок ишкер бул ыкмадан эч кандай оң таасир көрбөгөндүктөн, плазма куюу идеясынан баш тарткан. Бул арада анын мындай тажрыйбасы АКШдагы Тамак-аш жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) сыяктуу органдардын көңүлүн бурган.
Лондон шаарындагы Королдук коллеждин өкүлү Жулиан Мутц белгилегендей, чынында эле орган трансплантациясынан тышкары плазма куюу сыяктуу ыкмалар изилденүүдө, бирок алар азырынча толугу менен эксперименттик деңгээлде калып жатат.
"Бул стратегиялар адамдардын өмүрүнө, өзгөчө максималдуу жашоо узактыгына канчалык таасир эте алары так белгисиз. Бирок бул тармак илимий жактан чоң кызыгуу жаратууда", — деди Жулиан Мутц.
Эдинбург университетине караштуу Рослин институтунун иммунопатология адиси, профессор Нил Мабботт адамдын максималдуу өмүр узактыгы 125 жылга жетиши мүмкүн деп эсептейт.
Ал Би-Би-Сиге: "Жашы тастыкталган эң кары адам франциялык аял Жанна Кальман болду, ал 122 жаш жашады. Ал 1875-жылы туулган жана 1997-жылы көз жумган", — деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орган жабыркап же ооруп калганда, бейтапты трансплантация аркылуу сактап калууга болот. Бирок жаш өткөн сайын организм операция сыяктуу олуттуу стресстерге мурдагыдай туруштук бере албай калат. Инфекцияга каршылык көрсөтүү жөндөмүбүз начарлайт, денебиз морт болуп, стресстен кийин калыбына келүү да кыйындайт.
"Өтө улгайган курактагы бейтаптар үчүн стресс, жаракат жана трансплантациялык операциянын кесепеттери, мындан тышкары органды четке кагууну алдын алуу үчүн өмүр бою ичүү керек болгон иммунодепрессанттардын баары олуттуу терс факторлор болуп саналат", — дейт Нил Мабботт.
Анын пикиринде, жашоону узартууну эмес, тескерисинче, ден соолукту чыңдоону максат кылуу туура.
"Өтө узак жашап, бирок карылыкты коштоп жүрүшү мүмкүн болгон көптөгөн ооруларга кабылып, ар бир жаңы трансплантация үчүн дайыма ооруканага жатуунун кереги барбы? Менимче, бул пенсиядагы жашоо үчүн анча жагымдуу вариант эмес!" — дейт Нил Мабботт.












