Өзгөн: аламан улак маалындагы кырсыктарда бир киши өлүп, дагы бирөө жаракат алды

Өзгөндөгү аламан улак тартыш

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзгөндөгү аламан улак тартыш
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 8-февралда Ош облусунун Өзгөн районунда өткөн аламан улак маалында бир киши сууга чөгүп каза болуп, дагы бир жаран автокырсыктан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

Маалыматтарда Сузак районунун тургуну аты менен сууга кирип кеткен.

"Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Жазы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон" деп айтылат млициянын маалыматында.

Учурда аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция окуянын себептерин так аныктоо максатында маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады.

Алдын ала маалымат боюнча ал Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну экени айтылууда. Маркумдун сөөгү Жалал-Абад облустук клиникасынын майытканасына жеткирилгени кабарланды.

Улак тартыш маалындагы автокырсык

Ушул эле Өзгөндөгү аламан улак учурунда автокырсык катталып, андан жаракат алган киши Жалал-Абад облусутук клиникалык ооруканасына ооруканага жеткирилди. Окуя Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында болгон.

"Тергөөнүн берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 2000-жылы туулган А.А., өзүнүн автоунаасы менен Сузак районунан Өзгөн районуна аламан улакка бара жатып, рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен" деп билдирди Ош облустук милициясы.

Буга чейин социалдык тармактарда тараган видеолордо дөңдүн башына чыккан автоунаа катуу ылдамдыкта ылдый түшүп келип, жолдо токтоп турган машиналарды сүзгөнүн көрүүгө болот.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери жарандын колу-буту сынганын маалымдады.

"Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына 2000-жылы туулган Сузак районунун тургуну Абакиров деген бейтап кайрылды. Ал Ош-Бишкек трассасында, Кемпир-Абадга жетпей, машинасын кырга койом деп, 200 метр бийик жерге машинасы менен чыкканда жол кырсыгына учураган. Ал тез жардам менен бизге жеткирилди. Аны кабыл алып, алгачкы жардам көрсөтүлдү, баланын сөөгү 5-6 жеринен сынып, ички органдары жарылып кеткен. Жарылган, кан кеткен жерлерин тигип, жардам көрсөттүк. Оор операциялар үч күндөн кийин жасалат",-деп билдирди Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын дарыгери Адилбек Абдукадыров журналисттерге.

Бүгүн социалдык тармактарда Кыргызстандагы белгилүү улакчы Манас Ниязов Өзгөндө той берип, улак уюштурганы кабарланган. Манас Ниязов окуя боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин да аламан улак учурунда ар кандай кырсыктар катталган. Мындан улам коомдо аламан улактагы коопсуздук маселесин камсыздоо боюнча бир канча жолу ар кандай сунуштар жана кызуу талаш-тартыштар болгон.