Шыкмаматов: Мишустиндин опузалоо дегени – одоно түрдө аша чапкандык

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин Кыргызстанда орусиялык компанияларга кысым көрсөтүп жатканы жөнүндө дооматына жооп кайтарды. Шыкмаматовдун "Акипресс" агенттигинде жарыяланган билдирүүсүндө чарбалык иштерге саясий боек берилгени, Мишустиндин "опузалоо" деген сөзү одоно болгону айтылган.
"Өлкө жетекчилиги деп Мишустин мырза туура эмес айтып алды. Ал эми опузалоо дегени – одоно түрдө аша чапкандык. Чарбалык иштерге саясий боек берилип кетти десек болот. Бул Михаил Мишустиндин колунда объективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн", - деп айтты Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Шыкмаматов бардык тармактарда коррупциялык иштерди жоюу максатында олуттуу иш жасалып жатканын билдирди. Ал кыргызстандык салык төлөөчүлөр же чоң державаныкы, же болбосо кичинекей мамлекеттики деген түшүнүк жоктугун, баарына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар менен салык чегерилерин айтты.
"Мыйзам баарына бирдей. Ал эми салык төлөө бул – ыйык милдет. Салык жашыруу аракеттери болсо, тийиштүү органдар иш алып барышат. Орусияда да бул эреже өкүм сүрөт. Михаил Владимирович Орусиядагы эң ийгиликтүү салык реформасынын "атасы" катары муну жакшы түшүнөт деп ойлойм", - деген Шыкмаматов.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Мишустиндин опурулганы – Касымалиевдин жообу
Мындан мурдараак Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин кыргыз бийлигин опузага айыптаганы, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин ага "жумшак" жооп кайтарганы коомчулук арасында нааразылык жаратты.
Кызуу талкууга алынган сүйлөшүү 31-январда Алматыда болгон. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Казакстанга Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган. Иш-сапардын алкында кыргыз-орус өкмөт башчылары жолуккан.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын жетекчилиги орусиялык компанияларга административдик кысым көрсөтүүнү токтотуп, орус инвесторлорунун укугун жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоосу керектигин айткан:
"Кыргызстандын экономикасын өнүктүргөн, жаңы жумуш орундарын түзгөн жана ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирген абройлуу, абийирдүү орусиялык компанияларга карата Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку өкүлдөрүнүн негизсиз дооматтары жана мыйзамсыз билдирүүлөрү бизди тынчсыздандырып жатат. Айрым учурда опуза менен коштолгон мыйзамсыз аракеттери Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык нотасында көрсөтүлгөн. Биз Кыргызстандын жетекчилигинен биздин компанияларга административдик кысым көрсөтүүнү токтотуп, орусиялык инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоону сурайбыз".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул сүйлөшүүлөрдүн стенограммасы орус өкмөтүнүн сайтында жарыяланган. Көп өтпөй Мишустиндин сүйлөгөн сөзүн орусиялык медиалар да көрсөтүшкөн. Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев коюлган доомат жөндүү же жөнсүз экенин айткан эмес.
"Буга чейин да сиз менен орусиялык компаниялардын укуктарын коргоо боюнча сүйлөшкөнбүз. Биз макулдашкандай, баргандан кийин да бул тууралуу сүйлөшүүгө аракет кылам. Анан сизге өзүнчө маалымат берем", - деген Касымалиев.
Белгилүү блогерлер, активисттер, саясатчылар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин орусиялык кесиптешине убагында татыктуу жооп кайтарбаганын сынга алышкан. Филология илимдеринин кандидаты, профессор Венера Сайпидин Кыргызстан Орусияга эгемен өлкө экенин эске салып турушу керек деген пикирде:
"Биринчиден, эгемен бир өлкөнүн Министрлер кабинетинин башчысына мындай орой тон менен сүйлөгөнгө болбойт. Экинчиден, анын орус компанияларына кысымды токтоткула деген дооматы суу кечпейт. Биз эч кандай кысым көрсөткөн жокпуз. Бул олуттуу доомат, демек, буга сөзсүз жооп бериш керек. Албетте, сөзсүз эле дипломатиялык нота түрүндө эмес, кандайдыр бир жыйындарда жогорку кызмат адамдарынын оозу менен жооп бериш керек. Эч кандай кысым болбогонун, эки тараптуу кызматташууга дайым кызыкдар экени айтылышы керек".

Сүрөттүн булагы, gov.kg
"Дооматка далил менен жооп кайтаруу керек"
Бул арада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда да, Шыкмаматовдун билдирүүсүндө да кайсы компанияларга жасалган кысым жөнүндө сөз болуп жатканы айтылган жок. Кыргызстандагы медиалар мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан тинтүүгө алынган "Яндекс. Такси" кызматынын ишмердүүлүгү талкуу бутасында экенин боолголоп жатышат. Саясат таануучу Эмил Жураев кайым айтышка негиз болгон компаниялардын ысымдарын ачык айтып, коюлган дооматтарга далил менен жооп кайтаруу туура болорун белгилейт:
"Менимче, туура жооп берүүнүн бир гана легитимдүү жолу бар. Мишустин бул маселе боюнча нота тапшырылганын айтып жатат. Кыргыз өкмөтү да өз далилдерин келтирип, кайсы ишкерге же бизнеске кандай доомат коюлганын, ким текшергенин ачык көрсөтүп, так жооп бериши керек. Эгер жооп болбосо, кыргыз бийлиги рейдерлик кылып, ишкерлерди каалагандай тоноп жатат дегендей пикир жаралат. Демек, буга каяша айтып, Мишустиндин сөзүн төгүнгө чыгаргыдай жооп берүү керек. Балким, орусиялыктардын эле эмес бардык бизнестин ошондой дооматы бардыр. Демек, президент баш болгон бийлик жетекчилери бизнести текшерип жаткан органдар менен иш жүргүзүшү керек. Мүмкүн чындап аша чапкандык болуп жаткандыр. Ашкере, орунсуз айып чаралары көрүлүп жаткандыр".

Сүрөттүн булагы, social media
29-ноябрда УКМК "Яндекс.Такси" компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Атайын кызмат компанияга ири көлөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Жашырылган салыктын көлөмү канча экени айтылган эмес.
Салык кызматынын төрагасынын соңку билдирүүсүндө да бул жөнүндө сөз жок. Болгону 2023-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жалпы казынасына 50 миллиард 932 миллион сом төккөнү, кайра бул казынадан 25 миллиард 481 миллион сом алганы белгиленген. Муну менен Шыкмаматов өлкө 2022-жылдан тарта бажы өнүмдөрүнөн чогулган каражаттан жалпы казанга көп төгүп, аз ала баштаганын айткан.
Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктеринин Борбор Азия өлкөлөрүнө үстөмдүк көрсөтүп, улутчул маанайдагы билдирүүлөрдү жасап келген учурлары арбын. Бул чөлкөмдөгү жетекчилер Кремлге ачык каяша айтпайт. Бирок айрым саясатчылары аркылуу жооп кайтарып жүргөн учурлар белгилүү. Маселен, Өзбекстандын "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Алишер Кадыров советтик пропагандага каршы туруу керектигин такай билдирип келет. Ал 2023-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Евгений Федоровдун "32 жыл мурун эгемендик алган мурдагы советтик республикалар эртеби-кечпи Орусия менен эсептешүүгө же согушууга аргасыз болорун" айтып, аларды "Кремлге тынчтык жолу менен кошулууга чакырган" билдирүүсүн "келесоолук" деп атаган. (AA)












