"Алтын глобус" сыйлыгын кимдер алышы мүмкүн?

"Алтын глобус" премиясы 77 жылдан бери берилип крлп келет

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Алтын глобус" сыйлыг 77 жылдан бери берилип келет

Бенедикт Камбербэтч ойногон автобиографиялык "Белфаст” жана “Иттин бийлиги" тасмалары "Алтын глобус" сыйлыгынын эң көп номинацияларына ээ болушту. Талапкерлердин арасында “Дюна”, “Кальмар оюну”жана “Вестсайд окуясы” да бар. Сыйлыкка талапкерлердин тизмесин жарыялоо ызы-чуусуз болгон жок.

"Белфаст" жана "Иттин бийлиги" ар бири жетиден номинацияга ээ болушту, анын ичинде мыкты драмалык тасма номинациясы дагы бар.

Голливуддун «Алтын глобус» сыйлыгына талапкерлерге добуш берген чет элдик басма сөз ассоциациясы сынга кабылды. Тең укуктуулук үчүн күрөшкөн активисттер аларды расизм, сексизм жана коррупцияга аралашты деп айыпташты.

Адатта АКШнын популярдуу таңкы телекөрсөтүүсүндө көрсөтүлүүчү талапкерлердин жарыясы бул жолу “Алтын глобустун” YouTube каналында көрсөтүлдү. NBC телеканалы "Алтын глобус" кара түстүүлөр менен аялдарды айланып өтүп, кинокомпаниялардын таасири астында чечим кабыл алышы мүмкүн" деген бир катар айыптоолордон кийин салтанатты көрсөтүүдөн баш тартты.

Бенедикт Камбербэтч "Иттин падышачылыгы" тасмасында ковбойдун ролун ойнойт

Сүрөттүн булагы, KIRSTY GRIFFIN/NETFLIX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бенедикт Камбербэтч "Иттин бийлиги" тасмасында ковбойдун ролун ойнойт

Талапкерлердин арасында:

  • “Эң мыкты драмалык тасма”: Денис Вильневдун "Дюна", "Иттин бийлиги", “Белфаст”, “Король Ричард”
  • “Мыкты драмалык сериал”: Хван Донг Хёктун “Кальмар оюну”, “Люпен”, “Таңкы Шоу”, “Пост”
  • “Мыкты мюзикл же комедия”: “Вестсайд окуясы”, “Cирано”, “Өйдө караба”, “Лакрица кошулган пицца”
  • "Чет тилдеги мыкты тасма": Юхо Куосманендин "Купе №6", "Унаамдын рулуна отур", "Кудайдын колу", "Баатыр"
  • “Драмалык тасмадагы эң мыкты актер”: Махершала Али (“Ак куу ыры”)
  • “Мюзикл же комедия жанрындагы мыкты актриса”: Марион Котийяр (“Аннет”), Кирстен Данст (“Иттин падышачылыгы”), Леди Гага (“Гуччи үйү”)
  • “Эң мыкты режиссёр”: Кеннет Бран (“Белфаст№), Джейн Кэмпион (“Иттин падышачылыгы”)
  • “Эң мыкты сценарий”: Кеннет Бран (“Белфаст№), Джейн Кэмпион (“Иттин падышачылыгы”)
  • “ Эң мыкты минисериал же телефильм: “Алакет”, “Импичмент”: “Американын кылмыштар окуясы”, “Тазалоочу аял”, “Исстаундук Мэйр”

Талапкерлердин толук тизмеси "Алтын глобус" сыйлыгынын сайтында жайгашкан.

Леди Гага "Гуччи үйү" тасмасындагы Патрисия Реджианинин ролу үчүн "Алтын глобуска" талапкер болду

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF MGM PICTURES INC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Леди Гага "Гуччи үйү" тасмасындагы Патрисия Реджианинин ролу үчүн "Алтын глобуска" талапкер болду

«Алтын глобус» — 1944-жылдан бери Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясы тарабынан кино жана телекөрсөтүү иштери үчүн ыйгарылган америкалык сыйлык.

Бул сыйлык жыл сайын январь айында Голливудда жашап жана иштеген 90го жакын эл аралык журналисттердин добуш берүүсү менен тапшырылат.

Сыйлык буга чейин анын номинацияларында кара түстүүлөр жана азиялык актерлор, ошондой эле аял режиссерлор болбогону үчүн сынга алынган.

Ызы-чуу жана реформа

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Февраль айында Los Angeles Times гезити калыстар тобунда кара түстүүлөр жок экенин жазып, шайлоочуларга промоутерлер жана кинокомпаниялар таасир этиши мүмкүн деп божомолдогон.

Сынчылардын жылуу кабыл алганына карабай, күтүүсүздөн эки номинацияга ээ болгон “Эмили Парижде” комедиялык сериалын гезит мисалга алган. Кийин Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясынын мүчөлөрү Парижге Netflixтин чакыруусу менен учуп кетишкени белгилүү болду.

Натыйжада Том Круз үч сыйлыгын кайтарып берип, ал эми Скарлетт Йоханнсон «Алтын глобусту» радикалдуу реформалоого чакырды.

Буга жооп кылып, ассоциация 20дан ашык жаңы мүчөлөрдү, анын ичинде ар кандай расадагы адамдарды кабыл алды, көп түрдүүлүктү жайылтуу боюнча атайын позицияны киргизди жана анын мүчөлөрүнүн арасында инклюзивдүүлүк, теңдик жана көп түрдүүлүк боюнча тренингдерди өткөрдү.

Быйыл бул сыйлыкка бир нече кара түстүү актерлор, анын ичинде "Макбеттин трагедиясы" тасмасындагы Дензел Вашингтон, "Ак куулардын ыры" тасмасындагы Махершала Али жана бир нече аял режиссёрлор көрсөтүлгөн. (MD)