"Өз ара түшүнүшүү", "кансыз согуш менталитети": Путин катышкан ШКУ саммитиндеги негизги билдирүүлөр

Путин

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Дүйшөмбү күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышты. Сөз сүйлөп жатып Путин Аляскадагы жолугушууда Украинадагы согуш маселеси боюнча Дональд Трамп менен кандайдыр бир "өз ара түшүнүшүүгө" жетишкенин билдирди. Кытай төрагасы Си Цзиньпин Украинадагы согуш тууралуу кеп кылган жок, бирок лидерлерди ал "кансыз согуштун менталитети" деп атаган нерсеге каршы турууга үндөдү.

Путин Ак үйдүн башчысы менен жолугушуудан көп өтпөй Кытайга барды. Трамп аны менен катарлаш эле Украина президенти Володимир Зеленскийди жана Киевди колдогон Европа өлкөлөрдүн лидерлерин кабыл алган болчу. Бул саммиттин жыйынтыгында Трамп Украинанын коопсуздук кепилдигин камсыздоого катышууга макул болгон.

"Аляскадагы Орусия менен АКШнын жогорку деңгээлдеги жолугушуусундагы өз ара түшүнүшүүлөр Украинадагы тынчтыкка жол ачат деп ишенем",- деди ШКУ жыйынында Путин сөз сүйлөп жатып.

Орус президенти кандай "түшүнүүлөр" жөнүндө сөз болуп жатканын жатканын тактаган жок.

Путин дагы бир жолу Орусиянын агрессиясын 2014-жылы Украинада болуп өткөн окуялар менен байланыштырды.

"Бул кризис Орусиянын Украинага кол салышынан улам чыккан жок. Батыш тарабынан колдоого жана чагымга алынган Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн жыйынтыгында келип чыкты. Ошол төңкөрүштү кабыл албаган, колдобогон Украинадагы айрым аймактардын жана адамдардын каршылыгын күч менен басуу аракетинен улам келип чыкты", – деди Путин.

Путин

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER KAZAKOV/SPUTNIK/KREMLIN/POOL/EPA/Shutterstock

Кремль башчысынын жана орусиялык бир катар чиновниктердин билдирүүлөрүнө карабастан, орус армиясы Донецк менен Луганскта Украинага баш ийбеген аймактардын пайда болушунда чечүүчү роль ойногону тууралуу далилдер арбын. Москва ошондой эле сепаратизмди колдогон кыймылдарды уюштуруп, аларга көмөк көрсөтүп келген.

Өз сөзүндө Путин Трамптын ортомчулугу астында Украинанын президенти Володимир Зеленский менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө макул болорун айткан жок. Трамп болсо Путинге жооп берүү үчүн дүйшөмбүгө чейин убакыт берген. 22-августта CNN телеканалына курган маегинде Трамп АКШ кандайдыр бир чара көрөрдөн мурда Путинге "бир-эки жума" убакыт берилерин айткан.

Дем алыш күндөрү Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын Украинада ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн Орусияга берген эки жумалык мөөнөтү 1-сентябрда бүтөөрүн эске салды.

"Эки жума мурун Вашингтондо орустар ушул убакка чейин реалдуу сүйлөшүүлөргө, лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууга даяр болушу керек деп айтылган. Украина буга, албетте, даяр. Бирок Орусиянын жасап жаткан жалгыз иши — согушту улантуу. Алардан келип жаткан бардык сигналдар дал ушуну көрсөтүп жатат", — деди украин президенти.

Моди менен жолугушуу

Путин Кытайдагы сапарынын алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен да жолугушту.

Индия орус-украин согушунда бейтараптуулукту сактайт, бирок Батыштын Орусияга каршы санкцияларын колдобойт жана орус мунайынын эң ири сатып алуучулардын бири бойдон калууда.

Кытай да орус мунайын сатып алып, Москвага курал өндүрүүдө колдонулуучу көптөгөн товарларды, анын ичинде чийки зат менен электрониканы жеткирүүдө.

Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жакында Дональд Трамп мунай импортуна байланыштуу Индияга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизди. Бирок азырынча Индиянын да, Кытайдын да сатып алууну токтотуу ниети көрүнбөйт.

"Эң кыйын учурларда да эки өлкө бири-бирин колдоп келгенин",- деди Моди Путин менен Ritz-Carlton мейманканасындагы Орусиянын резиденциясында болгон жолугушууда.

Ошондой эле, Моди Украинанын аймагындагы согушту токтотууга багытталган аракеттерди кубаттады,- деп жазат Reuters.

"Биз бардык тараптар конструктивдүү багытта алдыга жылышын каалайбыз. Чыр-чатакты мүмкүн болушунча тезирээк токтотуунун жана туруктуу тынчтыкты орнотуунун жолун табуу зарыл",- деди ал.

Си Батышка альтернатива жөнүндө сөз кылды

Кытай лидери үчүн ШКУ саммити өзүн Батыш өлкөлөрүнө альтернатива катары көрсөткөн мамлекеттердин альянсын чыңдоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү болуп калды.

Си Цзиньпин уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин "мега базарын" пайдаланууга чакырды. Путин анын жаңы глобалдык тартипти түзүү каалоосун колдоду.

"Биздин замандын тынчтыкка, өнүгүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташууга болгон тенденциясы өзгөргөн жок. Бирок, кансыз согуш менталитетинин, гегемонизм жана протекционизм көлөкөлөрү жоголгон жок, жаңы коркунучтар менен чакырыктар өсүп жатат. Дүйнө жаңы туруксуздук жана өзгөрүүлөр мезгилине кирди, ал эми дүйнөлүк башкаруу бурулуш чекитине келип калды", - деди Си Цзиньпин.

ШКУ

Сүрөттүн булагы, SERGEY BOBYLEV/SPUTNIK/KREMLIN/POOL/EPA/Shutterstock

Шанхай кызматташтык уюму адегенде Евразиянын алты өлкөсүнүн мүчөлүгү менен түзүлгөн. Акырындап 10 туруктуу мүчө, 16 байкоочу мамлекетке чейин кеңейди.

Си Цзиньпин саммитте быйыл Кытай ШКУга мүчө өлкөлөргө 2 миллиард юань (280 миллион доллар) өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөрүн, ошондой эле ШКУнун банк консорциумуна 10 миллиард юань кошумча насыя бере турганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш жекшемби күнү жыйындын алкагында сүйлөп жатып, Кытай глобалдык көп тараптуулукту колдоодо "фундаменталдык" ролду ойноорун айтты.