Дүйнө боюнча ковиддин жаңы варианты XEC тарап жатат. Ал эмнеси менен айырмаланат?

Окумуштулар дүйнө жүзү боюнча ковиддин XEC деп аталган жаңы варианты таралып жатканын эскертишүүдө. Вирустун дал ушул түрү негизги коронавирус катары калып, мурункусун сүрүп чыгарышы ыктымал.

Жугуштуу илдеттин дал ушул варианты алгач ушул жылдын июнь айында Гермнаияда аныкталып, андан бери Улуу Британияда, АКШда, Данияда жана башка бир нече мамлекетте катталды. Америкалык Scripps Research институтунун директору, окумуштуу Эрик Топол буга кылдат көңүл бурууда.

Ал XEC жаңыдан гана жайыла баштаганын жазды. “Дагы бир нече аптадан, айлардан соң ал чындап таралып, жайылып алган соң өз толкунун баштайт”,- деди Топол LA Times гезитине.

“XEC негизгиси болуп калаары айдан ачык. Ал кийинки вариант болчудай болуп калды. Бирок анын таралышынын жеткен чегине чыкканга чейин бир нече ай өтөт”,- деди Топол.

XEC буга чейинки варианттардан өзүнүн айрым бир мутациялары менен айырмаланат. Жаңы мутациясы анын тез таралышына өбөлгө болуп берет деп эсептейт окумуштуу. Деген менен азыркы вакциналар анын адам саламаттыгына тийгизе турган олуттуу кесепеттерин токтотууга жардам бере алат деп эсептешет.

Фармацевтка индустриясы коронавируска каршы вакциналары жаңы варианттарга адаптация болмоюнча такай жаңылап турушат. Бирок бул учурдагы вакциналар XEC вариантына каршы иштебейт дегенди түшүндүрбөйт.

Лондондогу Генетика институтунун жетекчиси профессор Франсуа Балу, XEC варианатынын мурдагыларга салыштырмалуу “таралуу жагынан алып караганда бир аз артыкчылыгы” бар экенин Би-Би-Сиге айтып берди. Бирок азыркы вакциналар мурдагыдай эле андан коргонууда жарамдуу бойдон кала берет.

Балунун болжолуна караганда так ушул XEC келе жаткан кышта Covid-19 вирусунун негизги варианты болуп калышы ыктымал.

Симптомдору кандай?

Ковиддин жаңы вариантынын симптомдору буга чейин бегилүү болгон түрлөрүнөн айырмаланбайт деле. Температуранын жогорулашы, дененин ар кайсы жеринин ооруксунуусу, шалдыроо, жөтөл жана тамактын оорусу.

Көпчүлүк ишилер ковидден бир нече аптадан соң сакайып кетет. Бирок айрымдардыкы узакка созулат.

Бүткүл дүйнө боюнча коронавирус менен ооругандардын статистикасын талдап жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ковид пандемиясы 2022-жылы бүткөнүн билдирди.

Ковид 19 башталгандан 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин 775 млн киши вируска чалдыкканы, 7 млн киши көз жумганы тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

ДСУ жарыялаган маалыматка караганда, майдын аягынан июндун аягына чейин 135 миң киши вирус жуктуруп алганы аныкталган. Бул мурунку айлардын көрсөткүчтөрүнөн дээрлик айырмаланбайт. Ошол эле уучрда 2 миң киши көз жумган. Бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 3 пайызга аз дегенди билдирет.

Пандемия аяктап, өлүм-житимдин саны кескин кыскарган соң ковидге карата тестти тапшыргандар да азайды. Ошондуктан коронавирустун азыркы чыныгы масштабын так анализдеп, талдоо кыйын.

Эмдөөгө кантип даярдануу керек?

"Адам биринчиден психологиялык жактан даярдануусу керек. Кооптонуу менен барууга болбойт. Мындай абалдын өзү эле терс таасирин берет. Мисалы, кан басымы жогорулап же реакция болуп кетиши ыктымал. Ошонун алдын алып, "мага бул вакцина зарыл, зыяны жок" деп оюн калыптандыруусу абзел.

Эмдөөгө барганда абалын, илдеттери болсо анын баарын жашырбай айтып бериши керек. Мурда кандай оорулар менен ооруган, келээрден мурун дене табын түшүрүүчү дарыларды ичкенби же жокпу, гормондорго таасир этчү дары ичти беле? Жүрөгү ооруду беле? Ушунун баарын баяндап бергени туура болот.

Негизи эле турмушта ичкилик ичпеген, чылым чекпеген оң. Колдон келсе такыр эле мындан алыс болсок. Эмдөөгө келе турган болгон соң ичпей, толук бойдон таза келсин. Керек болсо ошол күнү чылым чекпей туруп келсе дейм. Себеби, эмдөөгө чейин тамеки чексе ал кан басымды өзгөртөт. Анан эмдөөнүн алдында ченегенде чыныгы көрсөткүч так чыкпай калышы толук ыктымал"- деген эле дарыгер Азим Кыргызбаев.