Илхам Алиев: Азербайжан учагы Орусия тарабынан атылган

Илхам Алиев

Сүрөттүн булагы, president.az

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илхам Алиев

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Azerbaijan Airlines компаниясынын Казакстанда кыйраган учагы "Орусия тарабынан атылганын" билдирди. Орусиянын өкүлдөрү окуяны жашырууга аракет кылып, бул боюнча "суу кечпеген версияларды айтканын" Алиев айыптады.

"Албетте, чечүүчү версия кара кутуларды ачкандан кийин так белгилүү болот. Бирок алгачкы версиялардын дагы жетиштүү негиздери бар жана алар да фактыга негизделген. Фактылар болсо Азербайжандын жарандык авиациясынын учагы Грозныйга жакын, Орусиянын аймагында сырттан зыянга учурап, иш жүзүндө башкарууну жоготуп жатат. Ошондой эле биздин учак радиоэлектрондук күрөштүн каражаттары менен башкарылгыс абалга жеткирилгенин билебиз. Бул учакка келтирилген биринчи зыян",- деди президент Алиев.

Алиев учурда жоопсуз калган бир топ суроого учактын бортундагы автоматтык түрдө жазып ала турган жабдыкты ачканда жооп табылаарын белгиледи.

Катастрофадан кийинки маалыматтарга караганда, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Грозныйга конууга үч жолу аракет кылган. Учактын кыйроосунан аман калган жүргүнчүлөр конууга жасаган үчүнчү аракеттен кийин жарылуунун үнүнө окшош катуу добушту угушканын айтып беришкен.

Учууларга байкоо сала турган Flightradar24 онлайн сервистеги маалыматтарга караганда, Embraer E190AR учагы Бакудан Грозныйды көздөй J28243 рейсин аткармак. Бүткүл дүйнөлүк координацияланган убакыт боюнча 04:25 (Кыргызстандын убактысы боюнча 10:25) чамасында Каспийск шаары тараптан анын карааны жоголуп кеткен.

Бул учактын бортунда сөзсүз түрдө өзгөчө кырдаал болду дегенди түшүндүрбөйт. Учкучтар жөн гана транспондер жабдыгын өчүрүп коюшу мүмкүн эле.

Учууну каттоонун белгилери кайрадан бир жарым сааттай убакыт өткөндө болжолдуу 06:07 (жалпы координацияланган убакыт боюнча) пайда болгон. Ал учурда учак Каспий деңизинин үстүндө Актаудагы аба майданын көздөй учуп бара жатканы байкалган жана анын траекториясы абдан кызыктай болгон. Ал учуп бара жаткан багытын жана бийиктигин улам-улам өзгөртүп турган. Башкача айтканда учакты башкаруу кыйын болуп калган.

"Мисалы учак эмне себептен Грозныйга коно алган жок? Радиоэлектрондук күрөш каражаттары учакты башкарууга канчалык деңгээлде таасирин берди? Аба мейкиндигиндеги сокку жана учактын жанындагы жарылуу канчалык таасирин тийгизди? Айдан ачык фактыларды жокко чыгаруу аракеттери жана аны жашыруу фактылары абсурд жана макоолук экенин дагы белгилей кетүү керек",- деп билдирди Алиев.

"Биринчиден, Орусия тарап Азербайжандын алдында кечирим сурашы керек. Экинчиден, өз күнөөсүн мойнуна алуусу керек. Үчүнчүдөн күнөөлүүлөр жазаланып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек жана Азербайжан мамлекетине, жабыркаган жүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөнүп берилиши керек. Бул биздин шарттар. Булардын биринчиси аткарылды. Биздин башка шарттарыбыз дагы кабыл алынат деп үмүт кылам",- деди Азербайжан президенти.

Актауда кыйраган учак көп суроолорду пайда кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Актауда кыйраган учак көп суроолорду пайда кылды

Путин менен эки жолку сүйлөшүү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын президенти Владимир Путин "трагедиялуу инцидент Орусиянын аба мейкиндигинде болгону үчүн" Алиевден кечирим сурады. Ал Орусиянын аба чабуулдарынан коргонуу системасы иштегенин белгилеп, бирок учактын кулашына эмне себеп болгонун так айткан жок.

Азербайжандын президентинин басма сөз кызматынын версиясы боюнча, Алиев сүйлөшүү учурунда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагынын сырткы бетиндеги көптөгөн тешик, жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн алган жаракаттары "сырттан физикалык жана техникалык таасир" болгон деген фактыны бекемдеп турарын айткан. Ал "авариялык кондуруу учкучтардын кесипкөйлүгүнүн жана каармандыгынын натыйжасында гана ишке ашканын кошумчалаган.

Президенттердин сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү Кремлдин сайтына учак кырсыгына үч күн болгондон кийин, 28-декабрь күнү пайда болду. Телефон аркылуу сүйлөшүү Орусия тараптын демилгеси менен жүргүзүлдү.

"Азербайжандык жүргүнчү ташуучу учак так белгиленген тартип боюнча Грозный шаарындагы аэропортко конууга бир нече жолу аракет кылган. Ошол учурда Грозный, Моздок жана Владикавказ Украинанын дрон чабуулуна кабылган жана Орусиянын аба чабуулдарынан коргонуу системасы ошол чабуулдардын мизин кайтарып жаткан",- деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

29-декабрда Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен Алиев дагы бир жолу телефон аркылуу байланышканын билдирди. Анда кыйраган учакка тиешелүү ар түрдүү суроолор талкууланганы айтылат. Бул тууралуу Алиев интервью бергенден кийин белгилүү болду.

Баку, 29-декабрь. Кыйраган учактын экипаж мүчөлөрүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда стюардесса Хокума Алиеванын мүрзөсүндө кишилер аза күтүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баку, 29-декабрь. Кыйраган учактын экипаж мүчөлөрүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда стюардесса Хокума Алиеванын мүрзөсүндө кишилер аза күтүүдө

"Орусия бул маселени жаап салгысы келет"

Учак кырсыгынан кийин Азербайжан аза күттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учак кырсыгынан кийин Азербайжан аза күттү

Алиев жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде Орусиянын айрым расмийлери болуп өткөн окуя боюнча маалыматтарды токтотуу үчүн катастрофа боюнча жалган версияларды жайылтууга аракет кылганын айтты.

Учак кыйраган соң Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев орусиялык диспетчерлерге шилтеме берип, учакты кондураар алдында кычкылтек баллону жарылышы мүмкүн экендигин айткан эле. Бул маалыматты орусиялык медиалар таратып, бирок ошол эле учурда учак жерден атылган болушу мүмкүндүгү тууралуу версияны кошкон эмес.

"Бизди азапка салган жана таң калтырган жагдайлардын бири орусиялык расмий түзүмдөр кандайдыр бир газ баллону жарылганы тууралуу версияны жүйөө келтиришкени болду ("Интерфакс" агенттигинен алынган цитата). Башкача айтканда Орусия тарап маселени жокко чыгарууга аракет кылганы ачык эле көрүнүп калды жана бул эч кимге эч кандай абийир алып келбейт",- деди Алиев.

"Росавиациянын" басма сөз катчысы Артем Кореняко дагы канаттууларга байланышкан версияны айтып чыккан:

"Алдын ала маалыматтарга караганда, канаттуулар учакка урунган соң күтүүсүз кырдаал жаралып, командир кошумча аэропортко конуу чечимин кабыл алган жана ал үчүн Актаудагы аба майданын тандаган".

Ошол эле тушта Euronews Азербайжан өкмөтүндөгү булактарына шилтеме берип, алардын пикири боюнча учактын экипажы аргасыздан чукул конууга уруксат сурашканына карабай Орусиянын аэропортторуна конууга уруксат бербей коюшканын билдирген.

Бул практикага карама-каршы келет. Адатта учак кырсыкка кабылган учурда кайда конуу керектигин учактын командири тандайт жана андай учурда ага каршылык көрсөтүлбөйт.

Азербайжандын президенти учак атайылап атылбагандыгына ишене турганын билдирди.

"Алгачкы үч күндө биз тилекке каршы Орусия тараптын суу кечпеген кептерин гана угуп жаттык",- деди Алиев.