Казакстанда кыйраган учак чабуулга кабылганбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстандын бийлиги Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыйрашы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Сөз болуп жаткан учак Бакудан Грозныйды көздөй учуп, авариялык абалдан улам Казакстандын Актаусуна аргасыз конууга мажбур болгон эле.
Орусиялык мекеме катастрофанын себептеринин бири "канаттуулардын учакка келип урунушу" болушу мүмкүн деп жатат. Бирок окуя болгон жерден тартылып, интернетке тарап кеткен кадрларга караганда, учакты каптап турган жука металлда көзөнөктөр пайда болгону көрүнүп турат. Теориялык жактан алганда бул тешиктер ракетаны жок кыла турган элементтердин таасиринен улам пайда болушу мүмкүн.
Учактын бортунда 67 киши болгон. Казакстан бийлигинин расмий маалыматына караганда, алардын отуз сегизи курман болду.
Би-Би-Синин Орус кызматы кырсыктын негизги себептери боюнча версияларды жана кырсыктын жагдайларын баяндап берүүгө аракет кылды.
Кыйроо кандайча болду?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Учууларга байкоо сала турган Flightradar24 онлайн сервистеги маалыматтарга караганда, Embraer E190AR учагы Бакудан Грозныйды көздөй J28243 рейсин аткармак. Бүткүл дүйнөлүк координацияланган убакыт боюнча 04:25 (Кыргызстандын убактысы боюнча 10:25) чамасында Каспийск шаары тараптан анын карааны жоголуп кеткен.
Бул учактын бортунда сөзсүз түрдө өзгөчө кырдаал болду дегенди түшүндүрбөйт. Учкучтар жөн гана транспондер жабдыгын өчүрүп коюшу мүмкүн эле.
Учууну каттоонун белгилери кайрадан бир жарым сааттай убакыт өткөндө болжолдуу 06:07 (жалпы координацияланган убакыт боюнча) пайда болгон. Ал учурда учак Каспий деңизинин үстүндө Актаудагы аба майданын көздөй учуп бара жатканы байкалган жана анын траекториясы абдан кызыктай болгон. Ал учуп бара жаткан багытын жана бийиктигин улам-улам өзгөртүп турган. Башкача айтканда учакты башкаруу кыйын болуп калган.
Учкучтар шассини чыгарышкан, бирок учакты кондура албай калышкан. Анын соңку мүнөттөрүн күбөлөр тартып калышкан.
Аман калган жүргүнчүлөрдүн айтымында, учак Грозныйга конууга аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Канаттуулар жөнүндөгү версия
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Росавиациянын" басма сөз кызматынан Артем Кореняко дагы канаттууларга байланышкан версияны айтып жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, канатуулардын тобу учакка урунган соң күтүүсүз кырдаал жаралып, командир кошумча аэропортко конуу чечимин кабыл алган жана ал үчүн Актаудагы аба майданын тандаган",- деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги "учак канаттуулардын үйүрү менен бет келип калышы" мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат тараткан. Окуя болгон соң Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы да билдирүү жарыялады.
Канаттуулар учактардын кыймылдаткычына урунган учурлар көп эле катталат, бирок жүргүнчүлөрдүн өлүмү менен коштолгон мындай учурлар өтө сейрек кездешет.
Жакынкы мезгилдеги тарыхты алып карасак, канаттуулар менен бет келип калган учурларда учкучтар чукул конууга аргасыз болгон мисалдар бар. Бирок андай окуяларда учак башкаруусун жоготпойт.
Мындан сырткары канаттуулар урунушу мүмкүн деген версия учакты каптап турган сырткы кабындагы тешиктердин пайда болушуна эч кандай түшүндүрмө боло албайт.

Сүрөттүн булагы, Flightradar24
Кыйратуучу элемент тийгенби?
Учак Актау аэропортунун аймагына кулаган соң интернетке бир нече видео тарады. Ал видеолордо учакты каптап турган жука металлда анча чоң эмес көптөгөн тешик бар экени көрүнүп турат.
Учактын куйрук тарабындагы тигинен жана туурасынан кеткен бөлүктөрүндө тешип өтүп кеткен көзөнөктөр бар экени билинет.
Мындан сырткары фюзеляжканын көрүнүп турган жагындагы тешиктер учактын куйрук жагындагы стабилизаторлордогу тешиктерге караганда майда экени байкалып турат.
Мындай тешиктер ракетаны жок кылуучу элементтердин тийишинен улам пайда болушу мүмкүн.
Бул азырынча логикага эң эле ылайык келе турган түшүндүрмө. Бирок мунун кемчилиги башка фактылар менен тастыкталбаганында. Мисалы аба мейкиндигине жана ракеталардын коё берилишине байкоо сала ала турган мүмкүндүгү бар тиешелүү кызматтардын атайын билдирүүлөрүнүн жоктугу.
Ошондой эле экипаждын диспетчерлер менен сүйлөшкөндөрү жөнүндө комментарийлердин жоктугу.
Учак Грозныйга конууга аракет кылган маалда жарылуулардын үнүн угушканын борттогу эки жүргүнчү RT мамлекеттик порталына айтып беришкен.
Актаудагы авиакатастрофадан аман калган Субхонкул Рахимов учкучтар учакты үч жолу Грозныйдагы аэропортко кондурууга аракет кылышканын, бирок үчүнчү жолкусунда бир нерсе жарылганын айтып берди.
"Жарылуу болду, бирок мен ал жарылуу учактын ичинде болду деп айтпайт элем. Мен отурган жактагы капталып турган бөлүк ыргып кетти",- деди Рахимов.

Сүрөттүн булагы, EPA
Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык бул учактын сырткы таасирден улам кыйрашы мүмкүн экенин ошол учурдагы дагы бир окуяга байланыштырууга болот. Борддо өзгөчө кырдаал келип чыккан учур менен Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн украин дрондорун токтотууга аракет кылган убактысы дээрлик бир учурда болуп жатат.
Reuters агенттиги орус бийлиги Каспий деңизинин үстүндө учуп бара жаткан учак эмне үчүн Орусиянын түштүгүндө дрондордун чабуулунан кийин кыйраганы боюнча түшүндүрмө бере электигин жазды.
Мурда бул региондо дрондордун активдүүлүгүнөн аэропортторду жапкан. Учактын багытындагы Орусиянын жакынкы аэропорту шаршемби күнү эртең менен жабылган.
Кээ бир адистер учактын сыртын каптаган жука металлдагы тешиктер учак жарылгандан улам пайда болушу ыктымал деген версияны да айтып жатат. Жарылуу күбөлөр тартып калган көптөгөн кадрда даана көрүнгөн.
Кыйроого учураган Embraer E190AR учагы 11 жыл мурун пайдаланууга берилген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, учак ошондон бери AZAL авиакомпаниясынын туунду Buta Airways компаниясына таандык болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Негизги системалардын иштен чыгышы
Катастрофадан көп өтпөй орусиялык чукул кызматтардын өкүлдөрү башкы версиялардын бири "негизги системалардын биринин иштен чыгышы" экендигин "Интерфакс" агенттигине билдирди.
"Кырсык тууралуу сигнал берип, андан соң учак радардан жок болуп кеткен. Ошондон улам азыр техникалык бузулуу деген версия кырсыктын негизги себеби катары каралууда",- деди маалымат берген адис.
Бирок ал техникалык бузулуунун себеби эмне болушу мүмкүндүгүн тактап айткан жок.
Embraer ERJ-190-100LR учактары негизинен жаңы учак деп эсептелинет жана коопсуз деп саналат.
Бул маркадагы учактарды пайдалана баштагандан тарта жүргүнчүлөрдүн өлүмү менен коштолгон эки учур гана белгилүү жана ал окуялар техникалык себептерден эмес, учкучтардын катасынан улам келип чыккан.
Кыйраган учак 2013-жылы чыгарылганын жана соңку ирет техникалык кароодон 2024-жылдын октябрында өткөнүн Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы ТАСС агенттигине билдирди.












