ТИМ: Казакстанда кыйраган учакта кыргызстандыктар да болгон

Учак кыйраган жер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учак кыйраган жер

Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташый турган учагы Бакудан Грозныйды көздөй учуп чыгып, Казакстандын Актау аймагында кулады. Коюу тумандан улам учак Актауну көздөй жиберилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, 28 киши аман калганы айтылууда. Учактын кыйрашы боюнча түрдүү божомолдор тарап жатат. Канаттуулардын тобу учакка кабылган болушу мүмкүн же техникалык жактан бузук болушу ыктымал дегендер да бар.

Казакстандын айрым бир маалымат каражаттарынын жазганына караганда, учакта кыргызстандыктар да бар. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалыматты тактады. Министрлик учакта үч кыргыз жараны болгонун, анын экөө аман-эсен экенин билдирди.

Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясынын Embraer E190AR учагы Бакудан жергиликтүү убакыт боюнча 07:55те AHY8243 рейсин аткаруу үчүн Грозныйды көздөй учуп чыккан. ТАСС агенттиги Грозный аэропортундагы булагына таянып, коюу тумандан улам рейсти Махачкаланы көздөй, кийин кайра Актауга учурган. Учак Казакстандагы аэропортко жете бергенде кырсыкка учурады.

Бортто жалпысынан 67 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон. Авиакомпания бортто жаш балдар болбогонун ырастады.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кыйроодон 28 киши аман калып, алардын жыйырма экиси ооруканага жаткырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мангистау облусу боюнча башкармалыгы аман калгандардын арасында 11 жана 16 жаштагы балдар бар экенин айтууда. ӨКМ дагы аман калган эки бала тууралуу айтып жатат. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Актауга санитардык авиациянын учагы менен травматологдордун жана хирургдардын тобун жиберди.

Казакстандын Транспорт министрлигинин алдын ала берген маалыматына караганда, бортто Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.

Кыйроодон кийин учак бөлүнүп кеткен. Куйрук жагы ажырап, оодарылып кеткенин РБК билдирди. Окуя болгон жерден тартылган фото жана видеолорго караганда, аман калгандар дал ошол куйрук жагында болгон.

Кыйраган учак

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйраган учак

Канаттуулардын үйүрү учактын кыймылдаткычына урунганын авиакомпания айткан, муну Sputnik Азербайжан агенттиги жазды. Ошол эле учурда "Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянып, негизги системалардын бири иштебей калганы себеп катары каралып жатат деди. Экипаж радардан жоголоордон мурун кырсык тууралуу сигнал берүүгө үлгүргөн.

"Росавиациянын" басма сөз кызматынан Артем Кореняко дагы канаттууларга байланышкан версияны айтып жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, канатуулардын тобу келип учакка урунган соң күтүүсүз кырдаал жаралып, учактын командири кошумча аэропортко конуу чечимин кабыл алган жана ал үчүн Актаудагы аба майданын тандаган",- деп айтылат билдирүүдө.

Кыйроого учураган Embraer E190AR учагы 11 жыл мурун пайдаланууга берилген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, учак ошондон бери AZAL авиакомпаниясынын туунду компаниясы Buta Airways компаниясына таандык болгон.