Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: борттогу 181 кишинин дээрлик баары каза болду

Муан аэропортунда кырсыкка учураган учактын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Муан аэропортунда кырсыкка учураган учактын сүрөтү

Жекшемби күнү Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортуна конгон учак кырсыкка учурап, андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик баары каза болду.

Бангкоктон Түштүк Кореяга кайтып келаткан бул учакта 175 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен эки гана адам тирүү калды, 167 адамдын өлгөнү тууралуу расмий маалымат айтылды.

Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги кабарлагандай, Jeju Air компаниясынын учагы Бангкоктон учуп чыккан. Ал Сеулдан 288 км алыстыкта жайгашкан Муан аэропортуна конуп жаткан учурда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Учак тосмону сүзгөндөн кийин дароо өрттөнүп кетти, кореялык телеканалдар кырсыкка учураган учактын экиге бөлүнүп кеткенин көрсөтүп жатышат.

Өрт өчүрүүчүлөр жеринде куткаруу иштерин баштап, алгач 28 кишинин набыт болгонун кабарлаган эле. Бирок бир нече сааттан кийин курмандыктардын саны 62 адамга жеткени тастыкталды. Андан соң өлкөнүн улуттук өрт кызматы дээрлик бардык жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү курман болгонун жарыялады. Ошол эле маалда өлгөндөрдүн расмий саны 167 деп айтылууда.

Тирүү калган эки жүргүнчү бар деп кабарланды, бирөө жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Рейтер агенттиги экөө тең учактын артында болгонун жазды. Учурда алардын кандай абалда экени айтыла элек.

173 жүргүнчү Түштүк Кореянын жарандары, дагы экөө Таиланддын жарандары.

Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуянын себеби азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, учакка канаттуулар келип урунган, мындан улам учак башкарууну жоготкон болушу мүмкүн деп айтылууда. Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, конуу шассилерин башкаруу системасы ушул себептен иштен чыккан. Өлкө бийлиги тарабынан айтылган экинчи версия - аба ырайы.

2006-жылдан бери учуп келе жаткан Jeju Air компаниясынын тарыхында бул адам өлүмүнө алып келген биринчи окуя. 2007-жылы компаниянын учагы Кимхэ аэропортунда (Пусан) учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Андан алты жүргүнчү жеңил жаракат алган.