Экологиялык катастрофа: Кара деңизге төгүлгөн мазуттун азабы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мазут ташып бара жаткан эки кеменин Керч кысыгында кыйраганына үч аптадан ашуун убакыт өттү. Ошондон бери ыктыярчылар экологиялык катастрофанын кесепеттерин азайтууга аракет кылып, сууга төгүлгөн мазутту тазалоо менен алек. Алардын иши муну менен эле бүтпөйт. Мазуттун азабын тарткан канаттууларды жууп-тазалагандан кийин эле дароо табиятка коё берип жаткандарга каршы турууда.
Би-Би-Си Кара деңиздин жээгиндеги катастрофа кандай кесепеттерге алып келери, экологдордун тыянактары тууралуу баяндап берет.
Ыктыярчы Анна Лаврова кышкы эс алуу күндөрүн өткөрүүгө Москвадан Анапага келген. Анын эс алуу күндөрү күн сайын эрте туруп алып респиратор менен коргоочу кийимдин жардамы менен кумдуу жээктен мазут чогултмай менен өтүп жатат.
Экологиялык катастрофа керек десе абадан да байкалууда. Анна бир ирет жээкке респиратору жок келип алып, жыйырма мүнөттөн кийин эле дем ала албай кыйнала баштаганын айтып берди:
"Кадимкидей эле көкүрөгүм кысылып, оозума жаман даам келди. Байкуш жергиликтүү эл кантип жашап жатышканын билбейм".

Сүрөттүн булагы, Sergei Malgavko/TASS
Ыктыячылар эки саат сайын тыныгуу алып, полисорб (уулануудан коргоочу каражат) ичип турушат. Жер-жерлерде түзүлгөн штабдар чай ичкендин ордуна ушул каражатты ичкиле деп сунуш кылат.
Жаңы эле тазаланган жээк кайрадан мазутка чулганып жатып калат.
"Биз бир эле жерди кайра-кайра тазалай бербегидей бир ыкма болсочу. Мазут жээкке жетип кумга урунаары менен эле майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп кетип жатат. Андайды чогултуу кыйын. Жергиликтүү тургундар колунда бар элек менен мазутту кумдан ажыратып жатышканын көрүп жатам. Аларды карап туруп зээниң кейийт",- дейт ыктыярчы Анна.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Feoktistov/TASS
15-декабрда Керч кысыгында, Кара Деңиз жээги менен Краснодар крайынын ортосунда жана Орусия аннексиялап алган Крымда эки танкер кыйраган. "Волгонефть-212" жана "Волгонефть-239" танкерлери 9,2 миң тонна мазут ташып бара жаткан эле.
Краснодар аймагында мазутту Анапага жана Темрюк районуна чогултуп жатат. Эколог Георгий Каваносяндын жазганына караганда, Крымда мазут Феодосия портунун аймагын, Такилди булгаган жана алдын ала божомол боюнча Судак шаарына чейин жеткен болушу мүмкүн. Бул спутниктен тартылган сүрөттөргө карап жасалган божомол.
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, негизинен Анапа жана Темрюк райондору көбүрөөк жапа чекти. Ал тараптагы жээктерден 102 миң тонна булганган кум жана топурак ташылып чыкты.

Сүрөттүн булагы, NEWS.ru
Төгүлгөн мазуттун масштабы тууралуу эмне белгилүү?
Кара деңизге 2,4 миң тоннага жакын мазут төгүлдү. Greenpeace уюмунун Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча эксперти Дмитрий Маркин иш жүзүндө андан да көп төгүлдү деп эсептейт.
"Толук көзөмөлдүн жоктугунан улам орус бийликтерине бир беткей эле ишенип алганга болбойт",- дейт ал.
"Жабык деңиз жана такай мунай заттары менен булганууга дуушар болгон бул аймак үчүн өтө олуттуу кырсык жана анын кесепети бир жыл эмес, ондогон жыл бою сезилиши толук мүмкүн".
Эколог Георгий Каваносян белгилегендей, жайында мазут калкып чыгып, кайрадан жээкти булгайт. Ал буга чейин Би-Би-Сиге курган маегинде төгүлгөн мазуттан толугу менен арылууга он жылдай убакыт кетет деген эле.
Жээкте иштеп жаткан ыктыярчылар аймакты тазалоого атайын техника жетпей жатканы тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эколог Дмитрий Маркиндин айтымында, мазут төгүлгөн жерди тазалоо "дээрлик мүмкүн эмес", дүйнөдө азырынча аны жөндөп коё тургандай технология жок. Транспорт министрлиги болсо жээк бойлой мазутту чогултуп алуу негизги чечим деп жатат.
Мекеме отун катары пайдаланыла турган "оор формадагы" М100 маркасындагы мунайдын төгүлүшү тарыхта биринчи жолу болуп жатат деп белгиледи.
"Мындай мазут +25 градуста уюп, тыгыздыгы суунукундай жана башка мунай заттарына караганда салмактуу болуп, жогору калкып чыкпайт. Чөгөт же катмар болуп сууда жүрө берет",- дейт министрлик.
Краснодар крайынын башчысы Вениамин Кондратьев жайкы туристтик сезон үзгүлтүккө учурабайт жана ага эч кандай коркунуч жок деп бир нече жолу ишендирип келүүдө.
Мунай продукциялары уулуу зат болуп саналат. Ал аз эле өлчөмдө организмге кирген учурда ууланууга алып келиши мүмкүн. Жээкти тазалап жүргөн ыктыярчылар дагы дем алуу көйгөйлөрү тууралуу айтып жаткандыгы жөн жерден эмес.
Мазуттун төгүлүшү жээктин табиятына олуттуу зыян алып келди. Катастрофа деңиз жандыктарынын санынын азайтууда, биринчи кезекте балыктар кырылууда. Демек балык уулоого кедергисин тийгизет.
Булгануунун деңгээлин азайтуу ондогон жылга созулушу ыктымал.
"Мунай заттары акырындап жоголуп, алардын бир бөлүгүн бактериялар сиңирип алышат. Алардын бир бөлүгү тамак-аш чынжырына кошулуп, тирүү организмдерди уулантат. Муну менен табият алектенет. Мында адамдын колунан көп деле иш келбейт",- дейт Дмитрий Маркин.

Куткарылган канаттуулар кайра кырылып калууда
Экологиялык катастрофа башталгандан тарта эле ыктыярчылар жээктерден мазутка чыланып калган канаттууларды кармап, аларды жууп жатышат. Куткарылып калгандарын багуу жайларына жөнөтүшөт. Алар жууп койгондон кийин эле өз алынча жашап кете алышпайт. Анткени ошончолук кагынып, жабыркап калышкан. Жада калса канаттарындагы суу жугузбай турган майлуу челинен бери жарактан чыгып, мурдагыдай денесинин жылуулугун сактай албай, суу тартып, ээн-эркин жүрө албай калууда.
Өткөн аптада эле бул боюнча чыр-чатак чыкты. Убактылуу кармай турган жайга тиешелүү министрликтин өкүлдөрү келип, куткарылып калган жүз алтымыштай канаттууну алып кетишкен. Аларды жээкке алып барып коё беришкен. Ошонун эртеси күнү эле жээкке келген ыктыярчылар көптөгөн канаттуунун өлүгүн табышты.
Ыктыярчы Маргарита Стадниченко канаттуулар даяр боло электе эле аларды учуруп жиберүүгө каршы чыкканын айтат. Ошондон кийин аны полиция жана Федералдык коопсуздук кызматы суракка алганын өзү айтып берди. Бул окуяны SOTA басылмасы (Орусияда "иноагент" деп жарыяланган) байкап калган.
"Куткарылган канаттууларды жуугандан кийин дароо коё берүү тууралуу көрсөтмө берилип жатат. Мындай аракеттерге канаттууларды мажбурлап кармоо шарттарынын оордугу жана штабдардын толуп калгандыгы деген жүйөө айтылып жатат",- деп жазды борборлордун биринин интернет аккаунту.
"Пеликан" кайра калыбына келтирүү борборунун адистери мазуттан жапа чеккен канаттуулардын диагноздорун санап жатышат. Негизинен терилери жана былжыр челдери күйүп, ууланып калган. Анткени алардын тамак-ашынын базасы - деңиз фаунасы. Фауна дагы мазуттун төгүлүшүнөн булганган. "Пеликан" борборундагылар сууда сүзүүчүлөрдүн көпчүлүгү эркиндикте жашап кетүүгө азыр даяр эмес деп жатышат.












