Диний фанатизм: "Хизбут Тахрир", "Йакын Инкар" мүчөлөрү кармалды

Кыргызстандын УКМКсы соңку аптада өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган экстремисттик "Йакын Инхар" жана "Хизбут Тахрир-Аль Ислами" диний уюмдарынын жаңы топторун аныктады. Атайын кызмат шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү маалында диний адабияттар менен кошо эле ок атуучу куралдар табылганын кабарлоодо.

Өлкөдө 30-ноябрга дайындалган шайлоо алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатат.

УКМК 15-октябрда Талас облусунда "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн тобун аныктап, ал топко мүчө болгон тогуз адамдын үйүн тинтүүгө алган. Тинтүү учурунда диний адабияттар, ок атуучу куралдар, пневматикалык мылтык табылып, тартылып алынган. Кармалгандардын жетөөсү экстремисттик уюмду уюштуруу боюнча мурда соттолгон жарандар экени белгилүү болду.

16-октябрда Бишкекте "Йакын Инкарга" мүчө 14 адамдан турган топ аныкталып, экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле тыюу салынган маалыматтарды таратуу үчүн колдонулган уюлдук телефондор табылган. Атайын кызмат кармалгандар диний радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышканын кабарлоодо.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Күмүшбек Шабданов Би-би-сиге бул кармап-камоолор эки-үч жылдап жүргөн иликтөө иштеринин негизинде болуп жатканын тактады. Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси боюнча, экстремисттик уюмду уюштуруу айыбы коюлуп жатат.

20-октябрда Ош облустук милициясы маалымат таратып, анда Араванда "Йакын Инкарга" мүчө 41 жаштагы жергиликтүү жаран кармалганын билдирди. Шектүү "Экстремист" аттуу рейддин алкагында кармалган.

21-октябрда Ысык-Көл облусунда дагы бир А.Ч.К. жараны кармалып, ал Telegram мессенжери аркылуу Ислам мамлекети эл аралык террордук уюмунун тузагына түшүп, интернетте бул топтун идеологиясын изилдеп, окуганы аныкталган. УКМК шектүү согуш болуп жаткан аймактарга барууга аракет кылып, ал тургай курал сатып алууга да аракет жасаган.

Идеологиялык күрөш

Күч органдары шайлоо алдында экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн тыкыр бутага ала баштаганы байкалууда. Кыргызстанда жыйырмадан ашык уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм катары таанылып, ишмердиктерине тыюу салынган.

  • "Аль-каида"
  • "Талибан кыймылы"
  • "Чыгыш Түркистан ислам кыймылы"
  • "Курд элдик конгресси" ("конгра-гель")
  • "Чыгыш Түркистан боштондук уюму"
  • "Хизбут-тахрир-аль-ислами"
  • "Жихада тобу" ( Жихад ислам бирикмеси)
  • "Түркстан ислам партиясы" («өзбекстан ислам кыймылы»)
  • "Бирикме чиркөөсү" (муна чиркөөсү)
  • "Жайшуль махди"
  • "Джундь-аль халифат" ("Жунд-аль халифат")
  • "Ансаруллох" (ансарул аллах)
  • "Ат-такфир валь-хиджра" ("т-такфир ва-л-хиджра")
  • "Акромия"
  • Тихомирова а.а. – саида буряттын үгүттөө-пропагандалык материалдары жана пропагандалык ишмердүүлүгү
  • "Игил"
  • "Джабхат ан-нусра"
  • "Катибат аль-имам аль-бухари"
  • "Жаннат ошиклари"
  • "Жамаат ат-таухид валь-джихад"
  • Адвентисттер, жетинчи күндүн адвентисттери

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү Самат Осмонов булардын ичине соңку кезде так ушул эки: "Йакын Инхар" жана "Хизбут Тахрир-Аль Ислами" радикал диний уюмдарынын ишмердиги тынчсыздануу жатканын айтты:

"Булар аябай көбөйдү деп айта албайм, бирок алар идеологиялык иштерин тынбай жүргүзүп келе жатышат. Интернет өнүккөнү ал өтө ыкчам кетип атат. Өзгөчө "Хизбут-Тахрирдики" ушундай. Алар жашыруун тайпаларды, сайттарды колдонуп жатышат. Саясатка, динге тиешелүү ар кандай маалыматтарды тараткан фактылар болуп атат. Бирок булар Кыргызстанда эле эмес, колу жеткен аймакта иштерин жүргүзүп атпайбы".

Осмонов Кыргызстандын күч органдары өлкөдөгү тыюу салынган диний уюмдар менен бир гана күч ыкмалары эмес, идеологиялык жактан дагы күрөшүп жатканын айтты.

Мисалы, ал өзү учурда Баткен облусунда жер-жерлерде диний ишмер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүү менен шайлоо алдында коопсуздук жана эктремисттерге каршы түшүндүрүү иштери менен жүрөт.

Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган 21 радикал диний уюмдун төртөө экстремисттик, алтоо террористтик, калгандары экстремисттик-террористтик уюмдар деп табылган.

"Йакын Инкарлар" ким?

Кыргызстандын эгемен тарыхында үч диний концепция кабыл алынган. Алгачкысы 2006-жылы кабыл алынса, кийин 2014-2020-жылдардын концепциясы ишке кирген. Соңкусу, 2021-2026-жылдарга карата Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын аныктайт.

Теолог Элмурат Кочкор уулу улам жаңыланып келе жаткан дин тууралуу концепцияларда диний радикалдык чыңалуу сакталууда деген тынчсыздануулар жазылганына көңүл бурат:

"Демек, бизде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жылыш бар, бирок убакыттын өсүшүн эсепке алсак, глобалдык өзгөрүү болуп жатат деп айта албайм. Себеби, дин тууралуу концепцияларда чыңалуу ошол эле бойдон турат деп жазылып атат. А бирок андан кийин алып барган иштеринде жеткиликтүү иш-аракетти көрө алган жокмун".

"Мисалы, ошол эле муфтият, Дин иштери боюнча комиссия уруксат бербеген уюмдарга тиешелуү китептер, кийин жаңысы жазылганда кайра эле окутулуп атат. "Хизбут-Тахрир" же Йакын Инкарды коркунуч катары көрүп атканыбыз туура. Бирок коркунучтуу топтор бизде ушулар эле эмес. Аталган уюмдардарды коркунучтуу деп табууга негиз болгон бир топ диний түшүнүктөр, принциптер, биз коркунучту эмес деп уруксат берип койгон диний агымдардын колдонмо булактарында кездешет", - дейт теолог.

Эксперт Элмурат Кочкор уулу өлкөдө тарапкерлери эң эле көп болгон диний уюм бул - "Таблигии Жамаат" уюму экенин белгилейт.

"Йакын Инкар" деле ошол "Таблигии Жамааттын" ичинен бөлүнүп чыккан. Пайгамбардын түшүнүгүн, дүйнө таанымын "силер эмес биз жакшыраак түшүндүк, бир оригиналдуу түрдө алып жүрөбүз" деп өзүнчө бөлүнүп чыгып кеткен топ. Алардын принциби бул дүйнөнүн жашоосунан болушунча обочолонуу менен жашаш керек. Технологиянын өнүккөнүн таанышпайт, заманбап буюмдар колдонушпайт. Пайгамбарыбыз чатырда жашаган ушинтип эле жашаш керек дешет. Бул мамлекет үчүн кооптуу. Ар бир жаран өндүрүшкө катышышы керек. Башында үч-беш-он киши болсо эчтеке эмес, масштабдуу болуп, он мин, жүз миңге жетсе тарапкерлери эмне болот?".

"Йакын Инкар" 2017-жылга чейин Кыргыстанда кулачын жайып, бирок муфтият жүргүзгөн жалпы дин саясатынан радикалдуу четтей баштаганы үчүн тыюу салынган. ИИМ бул кыймылдын мүчөлөрү эч бир мыйзамга баш ийбей, динди жайылтуу иштерин мечиттин имамдары менен макулдашпастан ишке ашырып жатканын, натыйжада мечиттерде вертикалдык кош структура пайда болгонун да айтып чыккан.

"Йакын инкардын" тарапкерлери балдарын мектепке жөнөтпөйт, Ошондой эле социалдык, медициналык кызматтардан үй-бүлөсү менен баш тартышат.

Олуттуу сурамжылоо, күтүүсүз жыйынтык

Кыргызстанда экстремисттик-террористтик уюмдар көбүнчө аштарды бутага алышат. Былтыр Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалганы эсте. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.

Буга чейин 2019-жылы Кыргызстандагы Ислам институту жаштар жана диний экстремизм темасында иликтөө жасап, сурамжылоого 1050 кыргызстандык жаштар тартылган.

Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жаштардын дээрлик 34% шариат мыйзамдары боюнча жашаган мамлекетти колдору аныкталган. Сурамжылоого катышкан жаштардын дагы үчтөн биринин мамлекеттик башкаруу кандай болушу керектиги тууралуу так ою жок болгон. Жаш кыргызстандыктардын 32 % коомдун ашкере диндешүүсүнө каршы экени билинген.

Ислам илимий изилдөө институту 29 жашка чейинки окуучу, медресе тарбиялануучулары, студент, иштеген жана жумушсуз жаштарды сурамжылап, ушундай күтүүсүз жыйынтыкка келди.

"Жаштар арасындагы светтик бийликке ишенимдин азаюсу дагы иликтене турган маселе. Иликтөөдө аныкталган шариат менен жашагысы келген жаштардын саны дагы өзгөрүшү мүмкүн. Ал биздин светтүүлүктү бекемдөө боюнча иш-чараларга байланыштуу болот. 34 пайызы арсар абалда турган жаштар менен иштешүүнун жол жобосу зарыл",- деген эле Ислам изилдөө институнун директору Маметбек Мырзабаев.

Социологиялык сурамжылоого катышкан жаштардын көбү коррупция жана коомдогу адеп-ахлактын төмөндөшүн коомчулуктагы негизги маселе деп аташкан.

Мамлекетти талап-тоноо жана жемкорлук жаштарды радикалдуу идеяларга түрткөн негизги себептер болуп жатат. Кейиштүүсү, экстремисттик уюмдар жаштардын бул нааразылыгын өз кызыкчылыгына колдонуп, аларды өз тарабына тартып кетүүдө.