Украинадагы согуш талаасында дрондор адамдын ордун баса алабы?

Сүрөттүн булагы, ВВС/ЕРА/Reuters
- Author, Олег Черныш
- Role, Би-Би-Синин украин кызматы, Киев
Орусия менен Украинанын ортосундагы кандуу жана узакка созулган согуш армия үчүн эң баалуу ресурс — снаряд, дрон же ракета эмес, адам өмүрү экенин даана көрсөттү. Демек, бул ресурсту мүмкүн болушунча сактап, коркунучка негизсиз кептебөө зарыл. Бирок адам баласын согуш талаасынан таптакыр алыстатуу мүмкүнбү?
2022-жылдын экинчи жарымында дрондордун тездик менен өнүгүү мезгили башталды. Ошол кезде согуш талаасында чалгындоо жана сокку уруу үчүн майда квадрокоптерлер жапырт түрдө колдонулуп, Кара деңизде аскердик кемелердин ордун кичинекей, экипажсыз катерлер ээлей баштаган.
Үч жыл ичинде булар Украина жана Орусия армиялары үчүн душманга сокку урчу башкы куралга айланды. Мындан да маанилүүсү — эки тарап тең бул техниканын автоматташтырылган функцияларын өркүндөтүп, кара жердеги роботтук комплекстерди ыкчам өнүктүрүп жатат.
Украинада мындай биринчи батальон түзүлдү. Ал эми Коргонуу күчтөрүнүн ар кандай бөлүктөрү жердеги дрондорду азыр логистикада, миналоодо жана жарадарларды согуш талаасынан алып чыгууда активдүү пайдаланууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мисалы, быйыл август айында "Хартия" бригадасынын жоокерлери башкарган робот жарадар аскерди согуш талаасынан аман-эсен чыгарып, рекорддук 34 чакырым аралыкты басып өттү. Жыл башынан бери ушундай жүзгө жакын ийгиликтүү учур катталганы маалым.
Аскердик эксперттердин пикиринде, келечекте жөө аскерди же чабуулчуну эле эмес, дрон операторун да согуш болуп жаткан аймактан мүмкүн болушунча алыстатуу керек.
Бул арада учкучсуз учуучу аппараттарды алыстан башкаруу ыкмасы эки тарапта тең активдүү колдонулуп жатат.
"Учкучсуз учуусу аппараттардын келечеги — фронттон алыс жерде отурган тажрыйбалуу жана уникалдуу учкучтар жана аларга дрондорду жеткирип берүүчү адамдар. Башкаруу интернет аркылуу жүргүзүлөт. Орусиялыктар бул боюнча иштеп жатышат, биз да алгачкы кадамдарды жасап, сыноолорду өткөрүп жатабыз. Кийинчерээк дрондорду фронтко адамдар эмес, жердеги роботтор ташый турган болот", — дейт украиналык аскердик радиотехнология боюнча адис жана кеңешчи Сергей Бескрестнов.
Бирок бул идея жакынкы келечекте чын эле ишке ашабы?
Дрондор эмнени өзгөрттү?
Эң оболу учкучсуз роботтук комплекстер азыркы согушту кантип түп-тамырынан өзгөрткөнүн түшүнүп алышыбыз керек.
Биринчиден, бул арзан жана жеткиликтүү курал. Аларды колдонуу үчүн жоокерди узак убакыт даярдоонун кереги жок. Ошондуктан дрондордун саны абдан көп, аларды "согуш талаасынын сарпталчу материалы" деп айтууга болот.
Дрондордун көптүгү жана жөнөкөйлүгү жөө аскерлердин согуш талаасындагы ролун азайтты.
"Менимче, автомат көтөрүп, 20 жыл мурдагыдай чабуулга барган мезгил өттү. Адамдын өмүрү абдан кымбат, ал эми дрон арзан. Ошондуктан адамды дронго каршы коюунун өзү эле "согуш бухгалтериясынын" көз карашынан караганда акылсыздыкка тете", — дейт учкучсуз учуучу аппараттардын оператору жана аскердик блогер Александр Карпюк.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Албетте, аскер жетекчилигинин көз карашы ар түрдүү. Мисалы, бригадалык генерал, Аймактык коргонуу күчтөрүнүн штабынын мурдагы башчысы Сергей Собко дрондордун ашкере таасири аскерлердин салттуу жөндөмдөрүн жок кылып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, жоокерлер технологияга ашыкча ишенип, ал иштебей калган шартта өз алдынча аракеттене албай калышат.
"Башкача айтканда, дрондорго жана башка жогорку технологиялык системаларга ашкере көз каранды болуу жоокерлердин көндүмдөрүн начарлатып жатат. Ар дайым асмандан байкоо жүргүзүүгө көнүп алган командирлер аба ырайы дрон колдонууга ылайыксыз болуп калганда же душман радиоэлектрондук күрөш ыкмаларын колдонгондо эффективдүү аракеттенүү жөндөмүн жоготуп жатышат", — деп түшүндүрөт генерал.
Ошентсе да азыркы согушта душманга негизги сокку урчу курал учкучсуз комплекстер экени талашсыз факт.
Украинанын коргоо министрлигинин маалыматына караганда, душмандын 80% жоготууларына дрондор себеп болууда. Булардын ичинде FPV-дрондор гана эмес, түнкү "бомбалоочу" аппараттар да бар.
Мисалы, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын статистикасына ылайык, июль айында учкучсуз учактар душмандын 23,4 миң бутасына сокку урду, анын ичинен 5 миңге жакыны душмандын өздүк курамы. Бирок бул процесс эки тараптуу жүрүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2024-жылдын жай айларында орусиялыктар фронтто "Рубикон" деп аталган атайын учкучсуз учуучу аппараттын бөлүгүн түзүп, активдүү колдоно башташты. Ал транспортко, окопторго жана түз эле жоокерлерге сокку уруп, украин коргонуу күчтөрүнө олуттуу көйгөй жаратууда. Бул үчүн алар оптико-булалык дрондорду да пайдаланышат.
Алар логистиканы талкалап, алдыңкы бөлүмдөрдү жардамдан жана күчтөн ажыратышат. Бул кол салуу операцияларын жүргүзүү жана позицияларды басып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Абада чалгын жүргүзгөн дрондорунун өтө көп болушу согуш талаасын дээрлик айдан ачык көрсөтүп койду. Эми душман байкабай тургандай сокку берүүчү күчтү жашыруун топтоо дээрлик мүмкүн эмес.
Мындай шартта алдыга жылуунун жалгыз жолу — азыркы тапта орус армиясы колдонуп жаткан тактика. Тактап айтканда, чакан топтор (эки-үч адам, кээде онго чейин) аба ырайы ыңгайлуу учурда, дрондордон жашырган плащтарды кийип алышып, душмандын позицияларын жөө айланып өтүшөт. Тылда мындай топтор акырындан топтолуп, андан соң украин аскерлеринин логистикасын үзгүлтүккө учуратууга же коргонуу чептерин басып алууга аракеттенишет.
Бирок мындай тактика да өтө кооптуу. Анткени мындай чакан топтор украин армиясы даярдаган "килл-зоналарга" (өлүм зонасы) туш болсо, өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү аз.
"Ачык-айкын" согуш талаасы мындай зоналардын таасирин ого бетер күчөттү. Алардын кеңдиги 10–15 чакырымга чейин жетиши мүмкүн, айрым учурларда 20–40 чакырымга чейин созулат. Мындай шартта жоокерлер дээрлик дайыма жашынып жүрүүгө аргасыз, болбосо дароо дрондун бутаcына айланышы ыктымал. Дал ошол фронт тилкесинде азык-түлүк, ок-дарыларды жеткирүүгө жана жарадарларды эвакуациялоого арналган роботтук комплекстер колдонулуп жатса да, бул логистиканы бир топ татаалдаштырап коет.
11-августта Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Александр Сырский жарадарларды эвакуациялоо үчүн жердеги роботтук комплекстерди массалык түрдө колдонуу тууралуу буйрук чыгарган. Айрым украин бөлүктөрү фронтто мындай дрондорду ийгиликтүү колдонуп жатышат.
Бирок азырынча бул кеңири жайылган көрүнүшкө айлана элек. Эмне үчүн экенин түшүндүрүп берели.
Эмне үчүн дрон азырынча адамды толук алмаштыра албайт?
"Согуш талаасында жоокерлер дагы узак убакыт бою зарыл болуп кала берет. Анткени азырынча көптөгөн функцияларды башка чечимдер менен жабуу мүмкүн эмес", — дейт Учкучсуз учуучу аппараттар бөлүгүнүн командири, Аэрочалгын доону колдоо борборунун тең негиздөөчүсү Игорь Луценко.
Анын айтымында, украин армиясында адамды толугу менен алмаштыра турган технологиялык чечимдер жок. Аскер жетекчилери азыр да роботтор аткара ала турган айрым тапшырмаларды адамдарга жүктөп келет.
"Менимче, жөө аскерлер согуш талаасында мүмкүн болушунча аз функцияларды аткарышы керек. Башкача айтканда, белгилүү бир позицияны коргоп же кайра тартып ала ала турган пехоталык топ болушу зарыл. Ал эми жердеги роботтук комплекстерди, автоматтык турелдерди көзөмөлдөп турган бир нече техникалык кызматкер жетиштүү", — деп түшүндүрөт Александр Карпюк.
Бирок азырынча роботтук комплекстерди жайгаштыруу, туташтыруу жана башкаруу сыяктуу бир катар милдеттер фронт сызыгына өтө жакын, коркунучтуу шартта аткарылып жатат.
Мындан тышкары дрондор аба ырайына абдан сезимтал. Мисалы, туман же жамгыр учурунда душмандын чабуулун тосуп калуу дээрлик мүмкүн эмес. Ушундай эле көйгөй чалгындоо иштеринде да байкалат.
Идеалдуу шартта адам согуш талаасында акыркы этапта колдонулушу керек. Башкача айтканда, дрондордун жардамы менен душман аткан окту толук токтотуу, анын позициясын талкалоо жана абаны душмандын дрону менен ракетасынан тазалоо ишке ашкандан кийин гана.
"Ошондо ээлеген позицияны тазалап, бекемдөө үчүн адамдар колдонулуп, акыркы баскыч башталат", — дейт Карпюк.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жердеги роботтор тууралуу сөз кылсак, баштапкы кызыгууларга карабастан, фронтко аларды жапырт жеткирүү азырынча ишке ашкан жок. Буга бир жагынан аскерлердин жердеги роботтоштурулган комплекстердин ролу менен функцияларын толук түшүнбөгөнү себеп болууда.
Сергей Бескрестнов июль айынын аягында аскерлер роботторду алгысы келбегенин алар менен иштөөгө даяр эместигин жазган.
"Армия роботтордун маанилүүлүгүн түшүнө алган жок", — деп сөзүн жыйынтыктаган адис.
Август айына карата бир нече миң роботтук платформа сатып алынганы маалым.
Бирок Игорь Луценко алар алдыңкы сапта иштөөгө али даяр эмес деп эсептейт.
"Жердеги роботтоштурулган комплекстер азырынча фронтто толук кандуу иштөөгө ылайыктуу эмес. Алардын азыркы учурда бир аз ийгиликтүү аткара ала турган жалгыз милдети — логистика жана жарым-жартылай миналоо. Бирок мындан да көп нерсени азыр күтүү мүмкүн эмес", — дейт ал.
"Дагы 20 жыл керек"
Кара жерде жүрө турган дрондорду иштеп чыккан компаниялардын бири — SkyLab'дын өкүлү Евгений Рвачев бул кырдаалды мындайча түшүндүрдү:
"Жердеги роботтоштурулган комплекстер жана аларды адамга толук алмаштыруу маселесине келсек, алдыдагы 20 жыл ичинде бул техникалардын толук автономиялуу болорун көрө алган жокмун. Адам катышпаган толук башкаруу стадиясына жетүүгө али көп бар", — дейт ал.
Адистин айтымында, Украинада робототехниканын өнүгүшүнө бир катар тоскоолдуктар бар. Алардын бири — бюрократиялык процедуралардын өтө узактыгы. Жаңы жасалган аппарат аскерлерге жеткенче анын техникалык параметрлери фронттогу шартка ылайыксыз болуп калышы мүмкүн.
"Фронт абдан тез өзгөрүп турат. Биз өзүбүз компания катары акыркы үч жылда бир эле платформанын он жолу жакшыртылган версиясын чыгардык. Бул миллиондогон долларлык өзгөртүүлөрдү талап кылды. Бирок мамлекет сизге бул акчаны бербейт, өлкө даяр продукция үчүн гана төлөйт", — дейт Рвачев.
Экинчи көйгөй — роботтук комплекстерди колдоно ала турган операторлордун жетишсиздиги. Үчүнчүсү — масштабдуу өндүрүштү колго алуудагы кыйынчылыктар. Бул процесс көбүнесе каржылоого жана кадрлардын тартыштыгына барып такалат.

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence of Ukraine
Аскерлер жердеги роботтоштурулган комплекстердин функцияларынын чектелүү экендигине жана баасына карата сын көп айып келишет. Алардын наркы 15 миңден 50 миң долларга чейин жетет. Ошол эле маалда көпчүлүк роботтордун жүк көтөрүмдүүлүгү 200 килограммдан ашпайт. Бул болсо чоң көлөмдөгү ок-дарыларды ташууга же 1–2 жоокерден ашык алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Мындан тышкары мындай дрондор оңой эле жок кылынып, тузакка илинип, же жөн гана байланыштан ажырап калышы ыктымал.
"Ал фронтко чейин араң жетет. Анын ылдамдыгы канча? Макул, саатына 5–7 чакырым деп коелу. Анда согуш талаасына чейин 20 чакырым жол жүрүү керек болсо, ал канча убакыт коротот? Ошол убакта аны ким коргойт? Радиоэлектрондук куралдардан ким сактайт? Анын айланасындагы аба мейкиндигин ким көзөмөлдөйт? Ал чоң жана жай аппарат, аны болгону 400 долларлык FPV-дрон талкалап салышы мүмкүн", — дейт Александр Карпюк.
Адистердин айтымында, жердеги роботторду колдонуу комплекстүү болушу керек жана аларды башкаруу атайын даярдалган операторлорго жүктөлүшү зарыл. Мындай роботторду пайдалануунун бирдиктүү тактикасын аскер колбашчылыгы иштеп чыгышы керек.
Ал эми инженер Евгений Рвачев болсо роботтордун баасынын кымбаттыгына түшүндүрмө берип жатып, бул тармактагы адистерди издеп табуу, даярдоо жана алардын эмгегин төлөп берүү өзүнчө кымбат экенине көңүл бурат.
Жердеги роботтоштурулган комплекстер үчүн сапаттуу тетиктерди чыгаруу жана сатып алуу да чоң чыгымды талап кылат.
Анын пикиринде, азыр алыстан башкарылуучу аппараттардын мүмкүнчүлүктөрү болгону 2–3% колдонулуп жатат, бирок алдыдагы жылдары бул көрсөткүч абдан тез өсөт.
"Орусиянын Украинага басып кириши мунун маанисин дагы арттырды. Себеби биздин өлкөдө адам ресурстары түгөнүп баратат. Менимче, жердеги роботторду колдонуу тенденциясы FPV-дрондор, чалгындоо дрондору жана дипстрайктар сыяктуу жогорулайт", — дейт Рвачев.
Ошентсе да, украин аскер колбашчылыгы согуш талаасында дрондордун ролу өсүп жатканына карабай, жөө аскерлерге дайыма басым жасайт.
"Дүйнөдөгү бардык армиялар бир аксиоманы билет: сенин жөө аскерлериң ошол жерде турбаса, эч бир аймак жана эч бир окоп сендики деп эсептелбейт", — деп белгилейт Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Александр Сырский.
Бирок орус-украин согушу көрсөткөндөй, бул аксиома эмес, далилдениши керек болгон теорема болуп калышы мүмкүн.
(Бул Олег Черныштын макаласынын котормосу. Түп нускасын Би-Би-Синин украин кызматынын сайтынан окуй аласыз).












