You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Интернеттеги "ирик-чирик" мээни бузабы?
Инстаграм жана TikTok сыяктуу коомдук сайттардан роликтерди, видеолорду капарыңызга албай эле катары менен карап жатасызбы? Анда сизде Оксфорд Университетинин басылмасы жылдын сөзү деп атаган "мээнин чирүүсү" болушу мүмкүн.
Бул термин сапатсыз онлайн-контенттерди өтө көп колдонуудан улам келип чыккан мандемди, тынчсызданууну түшүндүрөт. 2023-2024-жылдар аралыгында мындай колдонуучулардын саны 230% пайызга өскөн.
Оксфорд Университетинин профессору психолог Эндрю Пржибыльскинин айтымында бул сөз "биз жашап жаткан учурдун симптому" деп эсептелинет.
"Мээнин чирүүсү" кыска-тизмеде "жөнөкөйлүк", "романтика" жана "динамикалык баа" деген сөздөрдөн да эң көп колдонулган беш сөздөн озуп өттү.
Мээнин чирүүсү деген эмне?
Мээнин чирүүсү адамдын психикалык же интеллектуалдык абалынын начарлашы катары аныкталат, өзгөчө маанисиз же кызыксыз материалдарга ашкере азгырылуудан улам пайда болот. Мээнин чирүүсү интернет жаралганга чейин эле башталган – биринчи жолу аны 1854-жылы Генри Дэвид Торо өзүнүн "Уолден" китебинде жазган.
Ал коомдогу олуттуу идеялардын баркын кетирин, жеңил-желпиге ыктоо тенденциясын жана акыл-эс жана интеллектуалдык абалдын жалпы төмөндөшүн сынга алган.
"Англия картөшкөнүн чирүүсүн айыктырууга аракет кылып жатканда, кимдир-бирөө мээнин чирүүсүн айыктырууга аракет кылабы же жокпу, бул алда канча кеңири тараган жана өлүмгө алып келүүчү илдет?"- деп таң калат ал.
Бул сөз алгач Z жана Alpha муундары арасында социалдык тармактарда популярдуулукка ээ болуп, бирок азыр ал социалдык тармакта жарыяланган сапатсыз, баасыз мазмунду сүрөттөө үчүн колдонулууда.
Профессор Пржибыльски болсо "мээ-чирий турган нерсе экенине эч кандай далил жок" дейт.
"Тескерисинче, бул биздин онлайн дүйнөгө болгон нааразычылыгыбызды сүрөттөйт жана бул сөздү биз социалдык тармактардын тегерегиндеги тынчсызданууларыбызды топтоо үчүн колдоно алабыз."
Oxford Languages компаниясынын президенти Каспер Гратволлдун айтымында, акыркы жыйырма жылдагы Оксфорддогу жылдын сөзүнө карасак, "биздин виртуалдык жашообуз кандай өнүгүп жатканы, интернет маданияты жашообуздун ар бир тармагына кандайча кирип жатканы жана биз эмне жөнүндө сүйлөшүп жаткандыгыбыз тууралуу коомдук тынчсыздануу күчөгөнүн көрүүгө болот".
"Өткөн жылы жеңүүчү болгон "rizz" сөзү тилдин онлайн тармактарда калыптанганынын, кабыл алынганынын жана жайылып кеткендигинин көрсөткүчү болду.
"Мээнин чирүүсү виртуалдык жашоонун болжолдуу коркунучтарын жана бош убактыбызды кантип колдонорубуз жөнүндө айтып жатат."
Кыска тизмеге дагы кандай сөздөр кошулду?
Demure- Жөнөкөй (сын ат.): Адам: сырткы көрүнүшү же жүрүм-туруму боюнча тартынчаак, жөнөкөй. Кийим: жаркырабаган, түстүү эмес жана өтө ачык эмес.
Dynamic pricing- Динамикалык баалар (зат ат.): базар шарттарынын өзгөрүшүн чагылдыруу үчүн продуктунун же кызматтын баасын өзгөртүү практикасы; атап айтканда, суроо-талап жогору болгон учурда жогорку бааны алуу.
Lore- Маалымат (зат ат.): Каралып жаткан маселени толук түшүнүү же негиздүү талкуулоо үчүн зарыл болгон маалымат деп эсептелген кимдир бирөө же бир нерсеге тиешелүү (болжолдуу) фактылардын, жалпы маалыматтын жана окуялардын жыйындысы.
Romantasy- Романс (зат ат.): Романтика менен фантастиканын элементтерин айкалыштырган жанр, адатта сыйкыр, табияттан тышкаркы же укмуштуу окуялар жана негизи романтикалык сюжеттик линияны камтыйт.
Slop- Таштанды (зат ат.): Жасалма интеллекттин жардамы менен жаратылган искусство, жазуу же башка мазмун, интернетте эч кимди бөлбөстөн жалпыга таратылган жана сапаты төмөн, анык эмес же так эмес деп мүнөздөлөт.
Жылдын башка сөздүктөрдөн орун алган сөздөрү
Oxford University Press, Оксфорддун англисче сөздүгүнүн жалгыз эле чыгаруучусу эмес. Өткөн айда Кембридж Сөздүгү "manifest" сөзүнүн жеңүүчү болгонун жарыялаган.
Манифесттин аныктамасы сын атооч катары "байкалган же айкын" жана зат атооч катары "бир нерсени белгилер же иш-аракеттер менен ачык көрсөтүү" дегенди билдирет.
Эми "manifest" сөзүнүн маанисине "каалаган нерсеңе жетүүңдү элестетүү, жана анын ишке ашуу ыктымалдыгын жогорулатат деп ишенүү" да кошулду.
Бул дүйнөлүк сергек жашоо тенденциясы атактуулар, анын ичинде ырчы Дуа Липа тарабынан колдоого алынып, Гластонбери фестивалынын жылдызы болгонунун "manifest" экенин айтты.
Collins English Dictionary ноябрь айында жылдын сөзү деп brat сөзүн жарыялаган, бул сөз Charli XCX тин вирустук альбомунун аркасы менен акыркы эки айда бардык жерде угулуп, атактуу болгон.
Brat сөзү -"ишенимдүү, көз карандысыз жана гедонисттик маанайдагы" адам катары аныкталат.
Бул ырчынын биринчи альбомунун аталышы катары башталган, бирок кээ бирлери үчүн маданий кыймылга айланып, адамдар жашоо образы катары кабыл алышкан.
Дагы бир интернет феномени Dictionary.com'дун айтуусунда жылдын сөзү катары: demure тандалды.
Бул сөз август айында контент жаратуучу Жюль Леброн TikTok коомдук сайтында өзүнүн саркеч бирок жөнөкөй жумуш кийимин жана кылдат макияжын ушул сөз менен атагандан кийин популярдуу боло баштаган.
Ушундан кийин demure сөзүн «өтө кылдат, өтө ойлонулган» деген мааниде колдонуу тенденциясы пайда болуп, аялзатынын стереотиптик идеяларын сатиралык көз караш менен карайт. (JK)