You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Күрд куралчандар качкындар лагерин “ИМ” согушкерлеринен тазалайт
Күрд куралчандар Сириянын түндүгүндөгү ал-Хол качкындар лагеринде аскердик операциясын баштады. Куралчандар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун согушкерлери жана алардын үй-бүлөлөрүн камакка алууда.
Буга чейин лагерде тирешүү болуп, кишилей чыгымдар болгон. Ага экстремисттик топко байланышы бар куралчандар уюштурду деген дооматтар айтылууда. Быйыл эле ондогондор каза тапкан.
Аскердик операция учурунда “ИМ” тобуна азгырган бир жихадчы жана экстремисттик топко байланышы бар делген сегиз киши камакка алынды.
Ички коопсуздук күчтөрү же “Асайиш” аталган топ ал-Хол лагеринен “ИМ” тобунун уйкудагы ячейкаларын аныктап, аларды жок кылуу аракети жүрүп жатканын билдирди.
Британияда жайгашкан Адам укуктарын коргоо боюнча Сирия обсерваториясынын башчысы Рами Абдул Рахман France24 телеканалына 2021-жылы эле лагерде 41 киши өлтүрүлгөнүн маалымдады. Алардын отузу Ирактан аргасыз жер которгон качкындар болгон.
Аскердик операция жекшемби күнү башталды жана биринчи күн ийгиликтүү болгону жарыяланды.
“Тогуз экстремист камакка алынды. Алардын арасында өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко мүчө экенин белгилүү болгон, көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер дагы бар. Андан тышкары Абу-Саад ал-Ираки аттуу “ИМ” тобунун лидерлеринин бири делген экстремист дагы кармалды. Ал лагердеги качкындарды азгырып, “ИМге” кошулууга үндөп келген”,-деп айтылат күрд куралчандар тараткан билдирүүдө.
Аскердик операцияга беш миң “Асайиш” аскери катышып, аларга Сирия демократия күчтөрү (SDF), Элдик коргонуу кошууну (YPG) жана Аялдардын коргонуу кошууну жардам берүүдө.
Күрд расмийлерине ылайык, ал-Хол качкындар лагеринде 61 миң киши баш калкалап келет. Алардын арасында “ИМ” тобуна кошулган 2500 чет өлкөлүк жаран бар.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобу талкалангандан кийин жихадчылардын аялдары жана балдары Сирия менен Ирактын лагерлеринде кармалып турат. Мындай лагерлердин эң эле белгилүүсү - Сириянын түндүк-чыгышындагы ал-Хол лагери.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймакка Кыргызстандан 800дөн ашуун киши чыгып кеткени айтылып жүрөт. Алардын 140 чамалуусу күйөөсүн ээрчип чыгып кеткен же ар кандай азгырык менен барып калган кыз-келиндер. "Элет көйгөйү" аталган коомдук уюмунун эсебинде, Сириядагы чет жердиктер кармалган Рож жана ал-Хол лагеринде 137 кыргызстандык аял жана 400гө чукул бала бар. Бирок маалыматты расмийлер ырастай элек.