2,4 миллион баланын өмүрүн сактап калган австралиялык рекордсмен-донор көз жумду

Жеймс Харрисон

Сүрөттүн булагы, Australian Red Cross Lifeblood

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеймс Харрисон

Австралияда дүйнөдөгү эң натыйжалуу донорлордун бири көз жумду. Анын плазмасы 2,4 миллион ымыркайдын өмүрүн сактап калган. Анткени анын канында сейрек кездешүүчү иммуноглобулин (anti-D) болгон.

Бул компоненттин жардамы менен атайын суюктук жасалган. Аны резус-фактору терс кош бойлуу энелерге сайышкан. Бул эне-баланын ортосундагы резус-конфликти болтурбоого жардам берген.

Бул Би-Би-Синин кабарчысынын материалынын кыскартылган котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот.

Жеймс Харрисон 88 жашта болчу. Ал 17-февралда Жаңы Түштүк Уэльстеги карылар үйүндө көз жумган. Бирок анын акка моюн сунганы тууралуу кабар үй-бүлөсүнө 3-мартта гана кабарланды.

Кызыл Чырым уюмунун Австралиядагы кеңсесинин Кан кызматынын маалыматына караганда, ал донор болуу чечимин 14 жашында, көкүрөгүнөн олуттуу операция болгондон кийин кабыл алган.

Ал 18 жашынан тарта эки жумада бир жолу кан тапшыра баштаган жана бул вазыйпаны 81 жашка чыкканга чейин аткарган. 2005-жылы ал плазма берүү боюнча дүйнөлүк рекорд жараткан. Бул көрсөткүчтү 2022-жылы гана АКШдагы башка бир эркек киши жаңырта алган. Ага карбай Жеймс Харисон дүйнөдөгү эң берешен донорлордун бири болуп кала берди.

Харрисон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Харриссондун кызы Трейси Меллоушиптин айтымында, анын атасы өзүнө эч зыян келтирбестен көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калганына абдан сыймыктанган.

Харрисондун кызы жана эки небереси да анын кан плазмасынан жасалган суюктукту алышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Боордукердигинен улам биз сыяктуу көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бакубат жашап жатканын угуу Жеймсти бактылуу кылган", – дейт Меллоушип.

Антирезус иммуноглобулин суюктугунан турган инъекция түйүлдүктү жана жаңы төрөлгөн баланы гемолитикалык оорудан сактайт. Бул илдет эне менен баланын резус-факторлору шайкеш келбегенде пайда болот.

Кош бойлуу аялдын иммундук системасы түйүлдүктүн кан компоненттерин өгөй зат катары кабылдап, андан коргонуу үчүн ага каршы антитело бөлүп чыгарат. Бул ымыркайдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, оор даражадагы аз кандуулукка, курч жүрөк жетишсиздигине жана ал тургай өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн.

Окумуштуулар бул дарыны 60-жылдардын орто ченинде гана иштеп чыккан. Ага чейин гемолитикалык оорудан жабыркаган ар бир экинчи ымыркай чарчап кала берген.

Харрисондун каны иммуноглобулиндер менен мынчалык кантип каныкканы азырынча белгисиз. Өспүрүм кезинде кан куйдургандан кийин ушундай өзгөчөлүккө ээ болуп калган болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Кызыл Чырым уюмунун маалыматы боюнча, Австралияда дал ушундай өзгөчөлүккө ээ 200дөй донор бар, алар жыл сайын 45 миңге жакын эне-балага жардам беришет.

Уюмдун Кан кызматы Уолтер жана Элиза Холл атындагы медициналык изилдөө институту менен биргеликте Харрисон жана башка донорлордон иммундук клеткаларын жана кан клеткаларын колдонуу менен иммуноглобулиндин антирезусун алуу үчүн иштеп жатат. Алар лабораторияда жасалган иммуноглобулин дүйнө жүзүндөгү бардык кош бойлуу аялдарга жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Кызыл Чырымдын Асвтралиядагы кеңсесинин өкүлү Дэвид Ирвингдин айтымында, Харрисон сыяктуу канында жетиштүү антителолор бар туруктуу донорлор аз болуп жатат. (АА)