Төрөт үйүнөн ымыркайлар алмашып кеткени 55 жылдан кийин билинди
Женни Клееман, The Gift

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көп жылдан бери катылып келген сыр күтүлбөгөн бир окуядан улам ачыкка чыкты. Улуу Британиянын Батыш Мидленд аймагында эки аял төрөт үйүнөн алмашып кеткен ымыркайлар экенин 55 жылдан кийин билип, бул каталык үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемеден кенемте талап кыла баштады.
ДНК тесттин жыйынтыгынан кийин эки аял жана алардын үй-бүлөсүнө жашоосун бүт башынан бери кайра карап чыгууга туура келди.
Биринчи жолу 2021-жылы Тониге достору ДНК тесттин жабдыгын рождество майрамында белек кылышат. Ал тестти ашканадагы сервантка салып коюп, эки ай унутуп калган. Бир күнү жаан болуп, үйдө зээригип отуруп баягы тест жабдыгын эстейт да түтүккө шилекейин салып, текшерүүгө жиберет.
Бир нече жумадан кийин келген тест жыйынтыгы Тониге күтүлбөгөн жаңылык алып келди. Анын үй-бүлөлүк дарагында эжеси Жесиканын ордуна Клэр деген ат чыгат (Жесика жана Клэр чыныгы ысымдар эмес, аларды коргоо максатында өзгөртүлүп берилди). Тесттин маалыматтары эки үй-бүлөнү таң калтырат.
Тони Жоандын төрт баласынын улуусу. Үч уулдан кийин Жоан кыздуу болууну эңсеген. Акыры анын тилеги аткарылып, 1967-жылы Жесика төрөлдү.
"Акыры кыздуу болуу бактылуу сезим болчу",- дейт мага Жоан.
Бирок ал Тони тапшырган ДНК тесттин жыйынтыгында күтүлбөгөн нерсе бар экенин укканда дароо тынчсыздана баштады. Тони дагы кабатыр болду, бирок апасына аны билдирбеске аракет кылды. Атасы он жыл мурда каза болгондон кийин апасы жалгыз жашап калган эле. Сексенден ашкан апасын Тони беймаза кылгысы келген жок.
Эртеси күнү ал ДНК тест компаниясынын жеке билдирүү жазуу функциясын пайдаланып, компания аны эжеси деп көрсөткөн Клэр менен байланышууга аракет кылат:
"Салам, менин атым Тони. Мен бул ДНК тестти жасадым. Сиз менин бир тууганым болуп чыктыңыз. Бул ката болсо керек деп ойлойм. Бул тууралуу сиз эмне дейсиз?".
"Мен өзүмдү башка бирөөдөй сезчүмүн"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки жыл мурун Клэр уулунан туулган күнүнө белек катары ошол эле ДНК тестти алган. Анын анализдеринин жыйынтыгы дагы таң калыштуу болгон, анын ата-энесинин туулуп-өскөн жери менен эч кандай байланыш жок эле, анда да таптакыр билбеген бир тууган агасы бар экенин көрсөткөн.
2022-жылы анын генеалогиялык дарагына дагы бир тууганы кошулду деген кабар алган. Бул түшүнүксүз болчу. Бирок кандайдыр бир мааниси бар экенин жүрөгүнүн тереңинде туюп жатты. Анткени Клэр чоңоюп келе жатканда өзүн эч качан өз ордунда сезген эмес.
"Мен өзүмдү башка бирөөдөй сезчүмүн. Менин сырткы келбетимде да, мүнөзүмдө да ата-энеме эч кандай окшоштук жок болчу. Ошондо мен чын эле асыранды экем деп ойлогом", - деди ал мага.
Ошентип, Клэр менен Тони экөө бирин-бири издеп жолугушуп, өздөрүнүн маалыматтарын изилдеп чыгышып, Клэр менен Тонинин карындашы Жесика 55 жыл мурун бир төрөт үйүндө төрөлгөнүн жана алмашып, эки башка үй-бүлөдө өскөнүн аныкташты.
Улуу Британияда ымыркайлар төрөт үйүндө жаңылыш түрдө алмашылып калган учурлар дээрлик жок. 2017-жылы NHS балдар алмашып кеткен бир да учур жок деп жооп кайтарган.
1980-жылдардан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайларга радиожыштык менен аныкталган (RFID) белгилери бериле башталган. Ага чейин төрөт үйлөрүндө кол менен жазылган белгилер жана балдардын керебетиндеги карточкалар колдонулуп келген.
Эми Клэр менен Тони мындан ары эмне кылат болду экен?
Клэр дароо эле Тони жана анын экөөсүнүн апасы менен таанышкысы келди.
"Мен аларды көргүм келди, жолугуп сүйлөшүп кучактагым келди", - деди.
Тони бул жаңылыкты апасы Жоанга айтып берип, ДНК тестти көрсөткөндө ал жооп таба албай кыйналды. Бул кандайча болуп кетти?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1967-жылдын карлуу түнү
Жоан кызы төрөлгөн түндү жакшы билет. Ал үйдө төрөшү керек болчу, бирок кан басымы жогору болгондуктан, Вест Мидлендс ооруканасына барып көз жарган.
"Алар мени жекшемби күнү алып кетишти. Ошол күнү кар жаады".
Ымыркай кечки саат ондор чамасында төрөлгөн. Жоан көптөн күткөн кызын бир нече мүнөт гана кучактап турду, ал жаңы төрөлгөн баланын кызарган жүзүн жана чырмалышкан чачтарын эстеп калды.
Андан кийин эне эс алсын деп баланы өзүнчө алып кетишкен. Бул 1960-жылдары кадимки практика болчу.
Бир нече сааттан кийин түн ортосунда ошол эле ооруканада Жесика төрөлгөн.
Эртеси эртең менен Жоанга Клэрдин ордуна жаңылыш түрдө Жесиканы берип коюшкан. Бул баланын чачы сары болчу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн чачтары кара эле, бирок Жоан буга көп маани берген эмес. Чачынын түсү окшош байке-жеңелери бар эле.
Күйөөсү жана туугандары ымыркай менен таанышуу үчүн ооруканага келгенде, алар дагы эч кандай күмөн санашкан эмес.
55 жылдан кийин Жоан Клэрдин жашоосу кандай экенин билгиси келди. Ал бактылуу чоңойдубу?
Бирок ал жооп ала электе, Жесикага турмуштук сырды айтууга туура келди.
Жоан Жесикага ар дайым эне жана кыз бойдон калабыз деп айтты, бирок баары бир мамиле мурдагыдай болбой калганын сезип турду:
"Жесика менин биологиялык кызым эмес экени мен үчүн маанилүү эмес. Ал баары бир менин кызым жана ошол бойдон калат".
Жесика болсо бул окуя жөнүндө сүйлөшүүнү каалаган жок.
Ал эми Клэр Жоанга баратканда ал жашаган айылдан далай жолу өткөнүн эстеди, ал учурда анын биологиялык апасы ушул жакта жашары түшүнө да кирген эмес.
Аны Тони үйдүн алдынан тосуп алды. "Салам карындашым, жүрү эми апаңды тааныштырайын", - деди ал.
Клэр Жоанды көрөр замат алар мурда бирин-бири билип жүргөндөй сезимде болгонун айтат:
"Мен аны көргөндө эле окшоштуктарды байкадым. Менде анын көздөрү бар турбайбы! Биздин көздөрүбүз окшош".
Алар жарым күн чогуу болушуп, үй-бүлөлүк сүрөттөрдү карап, сүйлөшүп отурушту. Клэр өзүнүн жолдошу, балдары жана неберелерин сөз кылды. Ага анын биологиялык атасы тууралуу айтып беришти, бирок тилекке каршы ал аны эч качан көрө албайт.
Балалыгы кандай өткөнүн сураганыбызда, Клэр кичине кысылып жатып жооп берди:
"Мен аларга чындыкты айта алган жокмун. Менин ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Мен жокчулукта, жакырчылыкта өстүм. Балалыгым чынында эле оор болду".
Клэрге көп жыл мурда болгон окуяны аны өстүргөн апасына айтуу абдан оор болду. Ал аны багып чоңойткон апасына дагы, биологиялык апасына дагы алардын мамилесинде эч нерсе өзгөрбөйт, баары мурдагыдай калат деп айтты. Баккан апасы ушул жылдын башында дүйнөдөн кайтты.
Экинчиден, Клэр генетикалык жаңы маалыматтарын билсе да тагдырга баш ийүүгө туура келди. Анткени анын документтеринде туулган датасы бир күнгө кеч көрсөтүлгөн, эми анын баарын өзгөртүп отурмак беле.
Жаңылыштыкка жол берген төрөт үйүн башкарган NHS Trust мекемеси мындай алмашып кеткен учурлар сейрек болот деп билдирип, бирок каталык болгонун мойнуна алууда.
Андан бери эки жарым жыл өтсө дагы бул каталык үчүн тийиштүү компенсация төлөө маселеси чечиле элек. (КС)












