Түркиялык дарыгер: ЭКО менен төрөлгөндөр балалуу болбойт деген жаңылыштык

Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов, Би-Би-Си

Сүрөттө ЭКО ыкмасы менен үч эм төрөгөн гинеколог дарыгер Гүнсели Дура Өздемир жана анын үч уулу

Сүрөттүн булагы, gunseli dura ozdemir

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө ЭКО ыкмасы менен үч эм төрөгөн гинеколог дарыгер Гүнсели Дура Өздемир жана анын үч уулу

Медицина күн санап өнүгүүдө. Анын оң таасирлери акырындап Кыргызстанга да жайылууда. Орган алмаштыруудан тарта ЭКО ыкмасы менен бойго бүтүрүү, балалуу болуу буга анык мисал.

Ошол эле учурда коомдук саламаттык боюнча көпчүлүктүн сабаты терең деп айтууга али эрте. Алдын алып же эмдөө аркылуу токтотуп коё турган илдеттердин тыйылбай жатканы буга кашкайган мисал.

Эч нерсени капарына албай кичинекей балдарга бензин саттыруу (атайлап жыттагандар да бар, бензиндин зыяны илимде далилдеген), ысык мончого түшүрүү, жылыткычы бар отургучтарды ыксыз пайдалануу, жеңил эле айыгып кетет деп кээ бир жугуштуу илдеттерге көңүл бурбай коюунун аягы тукумсуздукка жеткирген мисалдар арбын.

Айтоор түрдүү себептерден улам ЭКО ыкмасы менен балалуу болууга аргасыз болгон түгөйлөр Бишкек эле эмес, чет өлкөлөргө чейин барып, бул ыкманы пайдаланышат. Басымдуусу Түркияга каттайт.

Суроо-талаптан улам түркиялык дарыгерлер Кыргызстанга келип, бейтаптарды кабыл алган мисалдар бар.

Би-Би-Си узаган аптада Кыргызстанга келген дал ошондой дарыгерлердин бири Гүнсели Дура Өздемир менен атайын маек курду.

Дарыгер айым кесибинен улам эле эмес, өзү да ушул ыкма менен үч эм төрөп, аларды эрезеге жеткиргендиктен маселени көп кырынан түшүнөт.

Соңку ондогон жылда эркек уругунун сапаты түшүп жатканын изилдөөлөр далилдеген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку ондогон жылда эркек уругунун сапаты түшүп жатканын изилдөөлөр далилдеген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Учурда жасалма уруктандыруу тездик менен өнүгүп жатат. Соңку жылдары бул жаатта кандай жаңылануулар болду?

Гүнсели Дура Өздемир: Соңку жылдары жасалма уруктандыруу жаатында технология улам өзгөрүп жатат. Бул генетика илиминин өнүгүшү менен жарыша кетип бара жатат. Анткени илимде адамдын генетикасына байланыштуу жаңы ачылыштар чыккан сайын анын натыйжасына таянып, ЭКО ыкмасы аркылуу дени сак балдардын төрөлүшүнө өбөлгө түзүп берүүдө. Негизги жаңылануу катары ушуну айтсак болот.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз дагы мындан 27-28 жыл мурун ЭКО ыкмасы менен төрөгөн экенсиз. Андан бери эмнелер өзгөрдү?

Гүнсели Дура Өздемир: Мындан жыйырма сегиз жыл мурда түрдүү себептен улам ЭКО аркылуу төрөдүм. Ал учурда жасалма уруктандыруу жаатында илим, билим азыркыдай өнүгө элек болчу. Процедурадан кийин балалуу болуу ыктымалдыгы бүгүнкүдөй жогору эмес эле. Бейтаптарга азыр бир-эки эмбриотрансфер (эмбрионду көчүрүү) жасалса, ал учурда үч, төрт, беш, жетиге чейин жетет эле. Учурда жалгыз эмбрионду көчүрүп алып, андан дени сак баланын төрөлүшү мүмкүн болуп калды.

Сүрөттө Гүнсели Дура Өздемирдин ЭКО ыкмасы менен төрөлгөн үч уулу

Сүрөттүн булагы, gunseli dura ozdemir

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө Гүнсели Дура Өздемирдин ЭКО ыкмасы менен төрөлгөн үч уулу

Жыйырма сегиз жыл мурда мага дагы төрт даана эмбрионду көчүрүп операция жасашты. Андан үчөөсү жашап кетти. Мунун өзү ийгиликтүү учурбу, андай эмеспи талаш маселе. Мен үч эм төрөдүм, алар дени сак төрөлүштү. Учурда алар жыйырма жетиге чыкты, экөөсү адвокат, бирөөсү реклама жаатында иштейт. Аларды чоңойтуу, бапестеп өстүрүү абдан оор болду. Бирок жаратканга шүгүр.

Жолдошум дагы, мен дагы доктормун. Ошентсе да үч эм төрөгөнүмдө абдан таң калычтуу, жагымдуу окуя болду. Кош бойлуу учурумда үч эм төрөп кыйналбайсыңбы деген докторлор да болду. Бирок мен аларды кыя албадым, төрөдүм. Азыр бул чечимиме абдан сүйүнөм. Жакындарым бул окуяны абдан кубануу менен кабыл алган.

Негизи дарыгерлер ЭКО аркылуу эгиз, үч эм, төрт эм төрөгүлө деген сунуштарды бербейт. Себеби айына жетпей төрөө ыктымалы жогорулап, ар кандай маселелер келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан биз бир даана эмбрионду көчүрүүнү, эгерде аял отуз бештен жогору болсо, эки даана эмбрионду көчүрүүнү сунуштап келе жатабыз.

Профессор, доктор Гүнсели Дура Өздемир
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор, доктор Гүнсели Дура Өздемир

Би-Би-Си: Ошол кезде ЭКО тууралуу маалымат аз болсо керек эле. Сиз аны кайдан уктуңуз эле?

Гүнсели Дура Өздемир: Мен доктор болгонум үчүн, бул ишке ичинен аралашып, жакшы билгеним үчүн ЭКО жасаттым. Түркияда 1989-жылы ЭКО жасала баштаган.

Би-Би-Си: Кыргызстанда көп ата-энелер бул темада ачык сүйлөшпөйт, жашыруун кармашат. Түркияда кандай?

Гүнсели Дура Өздемир: Түркияда ЭКО операциялары жасала баштаган учурда бейтаптар аны купуя кармайт эле. Кийинчерээк кишилер муну жакшы түшүнө баштады жана ачык айта баштады. Түркиялыктар үчүн бул сыр эмес, бирок баары эле бирдей эмес да. Ошон үчүн кээ бири купуя кармоону туура көрсө, биз аны колдойбуз. ЭКО өнүгүп жаткан өлкөлөрдө бейтаптын аны сыр катары кармоосу бул нормалдуу эле көрүнүш.

Би-Би-Си: Бир нече күндөн бери сиз Кыргызстанда бейтаптарды кабыл алып жаткан экенсиз. Репродуктивдик ден соолук боюнча аялдардын кандай көйгөйлөрүн байкадыңыз?

Гүнсели Дура Өздемир: Кыргызстанда тукумсуздукка байланыштуу бир топ аял менен сүйлөштүк. Бул маселелер Түркиядагыдан көп деле айырмаланбайт. Түтүктөрү жабык болгон бейтаптар, жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу төрөй албагандар, көп учурда боюнан түшүп калган же кош бойлуу боло албаган аялдар, генетикалык оорулары бар, бирок дени сак баланы төрөгүсү келген бейтаптар, медицинада белгилүү болгон шоколад кистасы же энелик эндометриома менен жабыркагандарга пайдалуу кеңештерди бердик.

Би-Би-Си: Кыргызстанда ЭКО менен төрөлгөн балдар кийин өздөрү балалуу боло албай калат экен деген сөз айтылып жүрөт. Илим буга кандай деп жооп берет?

Гүнсели Дура Өздемир: Бул жаатта абдан көп изилдөөлөр өткөн. Жасалма уруктандыруу менен төрөлгөн бала башка балдардан эч айырмасы жок, ал балалуу боло алат. Бул жерде көңүл бурчу абдан маанилүү бир маселе бар – тукумсуздук менен жабыркаган эркек ЭКО аркылуу балалуу болгон учурда анын генетикалык оорулары баласына өтүшү ыктымал. Андан кийин ал бала дагы балалуу боло албай кыйналышы мүмкүн, бирок бул жасалма уруктандыруудан улам келип чыккан маселе эмес, бул генетиканын мыйзамы.

Би-Би-Си: Медицина өнүккөн сайын ЭКО жасатуу арзандап жатабы же тескерисинчеби?

Гүнсели Дура Өздемир: Мен ал кезде 4500 доллар төлөгөн элем, азыр технологиялык өнүгүүдөн улам баа арзандай түштү.

Кыргызстанда бул ыкма менен төрөлгөн балдардын алды 15-16 жашка чыгып калганы айтылып келет. Жылына канча бала ЭКО аркылуу жарык дүйнөгө келип жатканы тууралуу так маалымат жок. Бир нече ирет аракет кылып, натыйжа чыкпай калган мисалдар да арбын. Жүз миң сомдоп чыгым болгонун айткан ата-энелер да кездешет. Ошондон улам бул ыкма канчалык өнүгүп, канчалык арзандабасын эң жакшы жолу - табигый түрдө, дени сак тукум улоо экени талашсыз. Андыктан дарыгерлер балдардын саламаттыгына башынан көңүл бурууну эскертишет.