Turkish Aerospace компаниясына кол салуу: бийлик күрд сепаратисттеринен шек саноодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анкарадагы Turkish Aerospace (TUSAŞ) аэрокосмостук компаниянын штаб-квартирасына кол салуунун кесепетинен кеминде беш киши курман болуп, 22 киши жаракат алды.
"Теракттын айынан курман болгондордун саны бешке жетти, жалпы жаракат алгандар 22 киши, анын үчөө ооруканадан жардам алып чыкты",- деди эфир учурунда Түркиянын ИИМ министри Али Йерликая .
Анын сөзүнө караганда, кол салуу Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Буга чейин Йерликая кол салган эки киши, бир аял жана бир эркек өлтүрүлгөнүн айткан.
Бийлик кол салгандардын өздүгүн аныктаган соң кененирээк маалымат жана далилдер менен бөлүшө турганын министр убада кылды.
БРИКСтин Казанда өтүп жаткан саммитине катышып жаткан Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, болуп өткөн окуяны "ирээнжите турган кол салуу" деп атады.
"Кол салуу болоор замат биздин коопсуздук күчтөрү дароо кийлигишти жана террористтерди жок кылды. Биздин элибиз Түркияга сунулган ыплас колдор сөзсүз түрдө сындырыла турганын билиши керек. Террордук коркунучтар жана терроризмдин жактоочулары менен бардык түрдөгү күрөшүбүз уланат",- деп жазды ал Х коомдук сайтындагы баракчасына.
Түркиялык маалымат каражаттары билдиргендей, кол салгандар ишканада күзөт кызматынын нөөмөтү алмашып жактан учурда келген.
Алар келип, жарылуучу затты ишке киргизген соң атышуу башталган.
Режимдеги объект болгондуктан TUSAŞ штаб-квартирасынын кызматкерлерин тезинен коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлгөн.
Окуя болгон жерден тартылган кадрларда коюу түтүндү жана өрттү көрүүгө болот.
Бул жерге өрт өчүрүүчүлөр, медицина кызматкерлери жана полиция менен атайын даярдыктагы аскерлер жиберилген.
Түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан маалымат каражаттары кийинчерээк бийликтин талабы боюнча трансляцияны токтотууга аргасыз болушканы маалым болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Имараттын ички жана сырткы көзөмөл камераларына тартылып калган кадрлар коомдук сайттарга тарай баштады. Анда кол салгандардын жүзүн көрүүгө болот.
Кол салгандар жок кылынгандан кийин алардын автомат, тапанча, жардыргыч заттарынын сүрөттөрүн жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялады.
Анкаранын мэри Мансур Явас кол салууга абдан катуу кайгырганын билдирди:
"Азапка баткандарга кудайдын ырайымын каалайм жана жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейм. Биз терроризмди айыптайбыз. Менин көңүл айтуумду кабыл алыңыздар".
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте президент Эрдоган менен сүйлөшүү өткөрүп, альянс тарабынан Анкарага колдоо боло турганын айтты.
"Мен жаңы эле Түркиянын президенти Эрдоган менен Анкарадагы теракт жөнүндө сүйлөштүм. НАТО Түркияны колдойт", - деп жазды Рютте Х коомдук сайтындагы баракчасына.
Кол салууну АКШ бийлиги, Германия жана башка мамлекеттер сынга алды.
Күрддөрдүн "Элдик теңдик жана демократия партиясынын" (DEM) өкүлдөрү дагы бул окуя түрк коомчулугу күрд сепаратисттери менен диалогго келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан тушта болгонун билдирип, бул акцияны сынга алышты.
Фрэнк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Бийлик теракт деп квалификация кылган бул сыяктуу чабуулдарды Түркия биринчи жолу башынан кечирип жаткан жок.
Тарыхий жагдай ушундай болуп калды, мындайда күнөөнү негизинен күрд сепаратисттерине оодарышат, алардын Сириянын түндүгүндө лагерлери бар жана Түркиянын аскер аба күчтөрү аларды бир нече жолу аткылаган.
Деген менен Түркияда ушул убакытка чейин өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ активдүү аракет кылып келет.
Мындан сырткары түздөн-түз Түркиянын аэрокосмостук өндүрүшүнөн чыккан учкучсуз учактар Армения менен Азербайжандын ортосундагы согуштун [Тоолуу Карабак согушу] жүрүшүн, нугун өзгөртүп койду деп айыптап келишет.
Орусия Украинага толук масштабдуу кол салган учурда адегенде ал жакта Украин куралдуу күчтөрү орус танктарын жок кылууга өздөрүнүн учкучсуз учактарын массалык түрдө чыгара элек эле. Ошол мезгилде алар түркиялык Bayraktar өндүрүшүнөн чыккан учкучсуз учактарды пайдаланышкан.
Ошондуктан азыр бул кандуу окуяны иликтеп жаткандар, бул кол салуу кимге керек болду деген эң негизги суроого жооп табуусу башкы маселе болуп турат.
Turkish Aerospace компаниясы — Түркиянын аэрокосмика тармагындагы негизги оюнчулардын бири. Алар учактан баштап, тик учактарды, учкучсуз учактарды, аскердик жана коммерциялык муктаждыктарга жараша космостук спутниктерди да чыгарат.
Компаниянын штаб-квартирасы Анкара шаарынан 40 км аралыктагы Кахраманказан шаарында жайгашкан.
Кол салуу учурунда Түркиянын Коргонуу өндүрүшү башкармалыгынын башчысы Халук Гөргүн, TUSAŞ компаниясынын башкы директору Мехмет Демироглу жана башка расмий өкүлдөр ушул аптада Стамбулда өткөн аскердик көргөзмөгө катышышып, компания ал жерде тик учактын жана учактардын жаңы моделин тартуулай турганын убада кылган.
Кол салуу болгонун уккан делегация Анкараны көздөй жөнөгөнүн Anadolu агенттиги билдирди.












