"Жайытка жарыбай калдык": Кыргызстанда жайыттардын абалы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандагы жайыт маселеси айыл чарба тармагындагы эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Жыл сайын жайыт тарып, такырланып бара жатканы маалым. Айрым учурда жайыттар талашка түшүп, чыр-чатакка чейин жеткен учурлар дагы жок эмес. Жооптуу органдар бул багыт акырындык менен тартипке салынып, көйгөйлөр чечилип жатат дегени менен ачуу сындар азая элек.
"Малды, жайытты ойлогон киши жок"
Шерикбай Борботоев Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну. Ал бул тармакты жакшы билген адамдардын бири. Кезинде бир топ жыл жайыт комитетинин төрагасы болуп турган. Анын айтымында, учурда райондо жайыт көйгөйү өтө курч бойдон калууда. Аймак мал чарбасына ылайыктуу болгондуктан жайыт жерлер кенен, бирок акыркы жылдары алардын сапаты кескин начарлап кеткен.
"Чөптүн кунары жок. Башка райондун малчылары дагы биздин жайытты колдонуп жатып, жер такыр болуп калды. Жайытка жарыбай калдык. Мурун жайыт комитеттери өз алдынча орган катары иш жүргүзсө, азыр муниципалитетке каратып койгон. Алар акча жыйноо менен гана алек. Жайытты коргогон, мыйзам бузгандарга айып салган, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн бир киши жок",- деп нааразы болду тургун.
Борботоев жайыттарга болгон көзөмөлдүн чабалдыгынан аларды каалаган тарап ар кандай колдонуп жатканын айтып кабатыр. Анын айтымында, айрыкча Алай районундагы жети айыл өкмөткө тиешелүү алыскы жайыттарда жер талаш көбөйүп, малчылар бир нече тарапка төлөм төлөөгө аргасыз болууда:
"Айылыбызга тиешелүү алыскы жайыт Сары-Таш айыл өкмөтүнө жакын жерде жайгашкан. Ошол жерге барганда биздин айыл өкмөт өзүнчө, Сары-Таш айыл өкмөтү өзүнчө акы жыйнайт. Андан тышкары токой чарбасы дагы бул аймак биздики деп, өз алдынча акы талап кылат. Ошондо үч башка тарапка, тагыраагы Сары-Таш, Алай айыл өкмөттөрүнө жана токой чарбасына төлөп жатабыз. Ошого жараша биздин гана мал жайылса мейли дейсиң. Кара-Суу, Ноокат райондорунун малы дагы кошо талашып жатпайбы".
Маалыматка ылайык, айылдын тургундары майда жандыктар үчүн 50 сом, бодо мал үчүн 100-150 сом төлөшөт. Шерикбай Борботоевдин айтымында, бул каражаттардын көбү жайыттын абалын жакшыртууга эмес, башка максаттарга сарпталып жатат.
"Малды, жайытты ойлогон киши жок. Чогулган каражат кайда кетип жатат белгисиз. Жайытка барчу жолдор деле жакшырып кеткен жок. Эптеп эле өзүбүз менен өзүбүз жашап келе жатабыз. Жайыттын абалы өтө начар, мал эптеп эле жүрөт. Бир жылдары такыр жерлерге урук себимиш эткен. Бирок андан да эч кандай натыйжа болгон жок. Ал урук кайдан келди? Ким канча сомго сатып алды? Көзөмөлдөгөн деле киши болгон жок. Сепкенге жараша жок дегенде бир жыл мал жолотпой коюшу керек эле. Андай болбоду, кайра эле мал жайып жиберишти",- деп нааразы Борботоев.
Ал маселени жакшыртуу үчүн жайыт комитеттери мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынуусу керек деп эсептейт.
"Малчылар жайытты пайдалануу эрежелерин сактабайт"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кыргыз жайыты" жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы Абдималик Эгембердиев соңку жылдары жайыттарды жакшыртуу максатында бир топ иш жүрүп жатканын айтты. Бирок айрым жерлерде жайыттардын абалы абдан начар экенин кошумчалап, анын бир нече себебин санап өттү.
"Элдин колунда малдын саны кескин көбөйдү. Бул өз кезегинде жайыттардын сапатын төмөндөтүүдө. Малчылар дагы жайытты пайдалануу эрежелерин сактабай жатат. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү да чоң таасирин тийгизүүдө. Жаан-чачын аз, күн ысык болуп, учурда айрым жерлерде жайыттар саргайып, начарлап кетти",- деди ал.
Абдималик Эгембердиев жайыттарды жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге дагы токтолду. Анын айтымында, өткөн жылы 50 миң гектардан ашуун жайыт жерине чөп үрөнү себилген экен. Быйыл дагы бул аянтты көбөйтүү жагы каралууда.
Андан тышкары жайыт пайдалануу боюнча атайын бирикмелер беш жылдык жана бир жылдык пландарды иштеп чыкканын кошумчалады.
"Ал план боюнча кайсы жайыт начар болсо, аны эс алууга калтыруу керек. Айрым жерлерди бир жылга, өтө такыр болуп кеткен жерлерди эки жылга калтырууга болот. Эки жылдын ичинде эгер жаан-чачын жакшы болсо, табигый жол менен калыбына келген учурлар бар. Маселен, Кочкордун Чолпон айыл өкмөтүндөгү 9 миң гектар жер эки жыл аралыгында ушундай ыкма менен кадимкидей калыбына келди. Ошондой иштерди көбүрөөк жасоо керек. Бул бир гана органдын эмес, бардык тараптардын биргелешип иш алып баруусун талап кылат",- деп билдирди Эгембердиев.
Жайыт пайдалануучулар биримдигинин төрагасы соңку жылдары жайыт деградациясынын күч алып жатканын белгилеп, бул көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтты.
"Соңку убактарда мал жебей турган чөптөр көбөйүп бара жатат. Суусамыр өрөөнүндө жарым миллион гектарга жакын жайыт болсо, анын 60 миң гектарын алтыгана деген бадал басып кетти. Мал жаюуга мүмкүн болбой калды. Бул жайыт деградациясынын бир түрү. Мындай көйгөйлөр ар жерде кездешүүдө",- деди ал.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жалпы 9 миллион гектардан ашуун жайыт бар. Бирок алардын бардыгы эле толук пайдаланылбайт. Айрым жерлер аска-зоолуу келип, мал жаюуга ылайыксыз.












