Кыргыз-казак өткөрмө бекеттери: жүк ташуучуну эзген эски ыкма
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Июнь айы башталгандан бери кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны кайрадан пайда болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы дагы ырастады.
Мекеменин соңку билдирүүсүнө караганда, 9-июнга карата "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" бекеттеринде топтолгон унаалар саны бир кыйла эле азая түштү.

Сүрөттүн булагы, GOV.KG
"Бүгүнкү күнү "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" бекеттеринде 180дей машине кезегин күтүп турушат. “Акжол-Автодорожныйда” 54 машина турат. Бирок бул тыгын деп эсептелбейт”, - деди Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева.
7-июнда кыргыз-казак чек арасында тыгында калган унаалар саны 230га жеткени маалымдалган. Айдоочулар өздөрү казак чек арачыларынын кезектеги бюрократиясынан жүдөп жатканын, “Акжол-Автодорожный” бекетинде эле соңку үч күндө 300гө жакын унаа турганын билдиришкен.
"Токмок жактагы бекетте эле 300 чакты машина турган. Алардын 70% эле сыртка жүк ташыгандар. Муздаткыч менен сезондо жашылча-жемиш ташыгандарга жаман болду, мындан фермерлер эле зыян тартып жатышат. Андан кийин эле реэкспортко деп Кытайдан Россияга товар ташышат. Россияга санкция киргени бизде жумуш көбөйүп жатат. Казак тараптын жүйөөсү туура эмес. Бизде баарыбызда электрондук счет-фактура бар. Ага өткөнүбүзгө бир жыл болду. Бирок маселе чечилген жок. Ташып бара жаткан товарлардын баасын, бүт маалыматты так жазсак деле жыл сайын ушундай көрүнүш болууда", - деди жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тимур Көкөев.
Казакстандын Чек ара кызматы мындай дооматтарга, өткөрмө бекеттердеги соңку тыгын жана узакка созулган текшерүүлөр боюнча түшүндүрмө бере элек. Бирок кыргыз жүк ташуучуларына карата мындай мамиле көнүмүш адатка айланып баратат дегендер көп.
Казак тарап 2017-жылдан тарта маал-маалы менен Кыргызстандан чыккан жүктөрдү чек арада эки-үч күндөп кармай берип, бул туурасында мамлекеттик деңгээлде териштирүүлөр дагы болгон.
Маселенин башаты
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргыз бийлиги буга чейин ЕАЭБ алкагындагы өнөктөшү - Казакстандын үстүнөн даттанып, ЕАЭК жана Дүйнөлүк соода уюмуна чейин кайрылган. Андан кийин президенттер деңгээлинде бул маселе бир нече жолу талкууланып, өкмөт аралык консультациялар деле өткөн. Бирок маселе дагы деле чечилбей келет.
Темирбек Шабданалиев Кыргызстандагы жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы. Ал кыргыз тарап Казакстанды бир тараптуу күнөөлөгөнү менен кыргызстандык жүктөрдү алып өтүүдө алешемдиктерге да жол берилип жатат дейт:
"Кыргыз өкмөтү бул маселени казак тарап менен сүйлөшкөндө жумшактык кылып жатат. Орусча айтканда, уступкага барып коюуда. Казактар дагы,мындай айтканда, моюн бербей жатат. Мисалы, эки өлкөнүн премьер-министрлери эки-үч жолу жолугушпадыбы. Кыргыз-казак президенттери эки жолу бул маселени талкуулашкан. Бирок маселе чечилбей эле кайра уланып жатпайбы. Казактарды эле жалгыз күнөөлөй берүү да кыйын. Бул жерде эки тарап тең күнөөлүү. Кыргыздар ЕАЭБ талаптарын толук аткарбай жатышат. Мисалы, электрондук счет фактура тууралуу милдеттенмелерин толук аткарбай жатат. Жүк ташуучу унааларга эмне жүктөлүп жатканы жөнүндөгү накладной менен счет фактурадан айырма чыгып калган учурлар бар. Бул казактарга машиналарды текшергенге шылтоо болуп жатат".

ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Казакстан ортосунда түзүлгөн мындай келишпестиктердин башаты саясий негизден келип чыккан десе дагы болот.
2017-жылы ал кездеги өлкө башчысы Атамбаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине сын айтып, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алганы үчүн нааразылыгын билдирген эле.
Андан көп өтпөй Казакстан Кыргызстандан кирген автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айрымдарын "ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтара баштады.
Экономикалык мотив
Башында саясий себептерден улам жаралган бул маселе кийин Казакстандын экономикалык кызыкчылыктарына иштеген курал да болуп калды.
"Чек арадагы жүк ташууга байланышкан бул көйгөй токтобойт го. Себеби казактар Хоргос аркылуу абдан көп жүктү жөнөтүп, пайдасын көрүп, даамын татып алды. Андыктан кыргыздарга ал базарга жол бергиси келбей жатпайбы. Кыргызстан бираз болсо да атаандаштыкты түзүп жатабыз да. Ошол эле товарларды Россияга, Европага да ташып жатабыз. Андыктан алар колундагы болгон куралдары менен бизди кысып жатышат",- дейт эксперт Темирбек Шабданалиев.
Буга чейин 1-июнда Жогорку Кеңеште да бул маселе көтөрүлүп, депутат Дастанбек Жумабеков "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде да жүк ташыган машиналардын тыгыны азайбай жатканын айткан эле. Ал ошондой эле "Кичи-Капка" бекетин ачууну сунуштаган.
Россияга, Европага экспорт кылууда Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.
Өткөрмө бекеттериндеги мындай көйгөй жалгыз эле Кыргызстанга мүнөздүү көрүнүш эмес, казак-өзбек өткөрмө бекеттеринде дагы ушундай эле маселе чыккан учурлар бар. Бул өзгөчө жаз келгени курч маселеге айланып, эки өлкөнүн ортосунда мекеме аралык жумушчу топ түзүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Казак медиалары маалымдагандай, казак-өзбек чек арасындагы “Казыгурт” жана “Атамекен” чек ара бекеттери ремонтко жабылып, унааларды өткөрүүдө чектөөлөр орун алып жатат.
Былтыр ноябрда Казакстан Өзбекстан менен чек арасындагы “Зангиота-Коплонбек” бекетин да 19 айга ремонт иштери үчүн жапкан.












