Ковиддин кийинки кесепеттери. Сиз эмнени байкадыңыз?

"Баягыдай демдүү жүрө албай калдым", уйкум кадимкидей эле бузулду" деген сыяктуу түрдүү пикрилерди айтып келишет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Баягыдай демдүү жүрө албай калдым", уйкум кадимкидей эле бузулду" деген сыяктуу түрдүү пикрилерди айтып келишет

Аталган вирус менен миллиондогон киши ооруганы анык. Алардын көбү "көрсө сасык тумоодой эле турбайбы" деп калышат. Бирок медициналык бир топ изилдөөлөр баары эле сөз болгондой жеңил-желпи эместигин көрсөтүп жатат. Арабызда деле "ошол оорудан кийин эс тутумум мурдагыдай болбой калды", "баягыдай демдүү жүрө албай калдым", уйкум кадимкидей эле бузулду", "керек болсо жыныстык кубатым да начарлап кетти" деген сыяктуу түрдүү байкоолорун айткандар бар.

Балким мындай белгилердин бирин сиз же сиздин жакындарыңыз дагы байкаган чыгар. Миллиондогон адамдардын өмүрүн алган бул вирус адамзаттын саламаттыгына кандай таасир этти, организмде эмне өзгөрүү пайда болду, жакынкы жана кийинки мезгилде алардын кесепети кандай болор экен деген сыяктуу көп суроолор азырынча табышмак бойдон турат. Ошондой эле ковид-19 вирусу кош бойлуулук, төрөт маселелерине кандай таасир бергени дале изилденип жаткан тема.

Бул вирус кандын айлануусунда чоң көйгөй жаратканы анык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул вирус кандын айлануусунда чоң көйгөй жаратканы анык

"Узакка созулган ковиддин" же пост-ковид синдромунун белгилери ар кандай болушу мүмкүн, бирок көпчүлүк бейтаптар "мээнин тумандоосу" жөнүндө айтып жатышат.

Британ илимпоздору "узакка созулган ковид" же пост-ковид синдромунун кээ бир белгилери бейтаптын мээсиндеги же өпкөсүндөгү кандын уюп калышынан (микротромбтордон) пайда болот деген жыйынтыкка келишкен.

Изилдөөгө ковиддин оор формалары менен ооруканага жаткырылган 1,837 адам катышкан. Окумуштуулардын айтымында, дарылануудан кийин ковид тести таза деп чыккандан күндө дагы ден соолуктун узак убакытка начарлашынын себептеринин бири микротромбтор экенин кандын эки белогу көрсөтүп турат.

Кан уюп калганда ыдырап кетчү фибриноген протеининин жогорку деңгээли жана кан уюган кезде пайда болгон D-димер протеининин фрагменти "Узак убакытка созулган ковид" менен ооруган бейтаптардын канында табылган.

Оксфорд университетинин доктору Макс Таке муну мындайча түшүндүрдү: “Фибриноген да, D-димер да кандын уюшуна катышышат, андыктан натыйжалар кандын уюшу COVIDден кийинки когнитивдик көйгөйлөрдүн себеби деген гипотезаны көрсөтөт. Фибриноген түздөн-түз мээге жана анын кан тамырларына таасир этиши мүмкүн, ал эми D-димер көбүнчө өпкөдөгү кандын уюп калышынан белги берет. Ошентип, мээнин иштешинин көйгөйлөрү ага кирген кычкылтектин жетишсиздиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Натыйжалар көрсөткөндөй, D-димери жогору болгон адамдар катуу чарчоого жана демигип калууга даттанышкан, аларга көңүлүн бир жерге топтоо да кыйынга турган.

Америкадагы изилдөө да ушундай эле жыйынтыктарга келген.

Ковид -19 вирусу боюнча түрдүү изилдөөлөр уланып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ковид -19 вирусу боюнча түрдүү изилдөөлөр уланып жатат

Пост-COVID синдромунун себептери дагы эле толук айкын эмес, бирок алар көбүнчө аутоиммундук бузулуулар, вирустун туруктуу болуп калышы, ички органдардын жана микротромбтордун бузулушу менен түшүндүрүлөт.

Британиялык дарыгерлер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн максаты, төмөнкүлөрдү түшүнүү болгон:

- эмне үчүн кээ бир адамдар башкаларга караганда тезирээк айыкты?

- эмне үчүн кээ бир бейтаптарда ден соолукка байланышкан башка көйгөйлөр пайда болот?

- дарылоонун кайсыл түру натыйжалуурак болгон: ооруканадагы дарылообу же андан кийинки дарылообу?

- ооруканадан чыккандан кийин бейтаптарды тейлөөнү кантип жакшыртуу керек?

Мындан тышкары, топ башка окумуштуулар жана изилдөөчүлөр колдоно ала турган маалымат базасын түзүү милдетин астына койду.

Ковид-19 вирусу кош бойлуулук, төрөт маселелерине кандай таасир бергени дале изилденип жаткан тема

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ковид-19 вирусу кош бойлуулук, төрөт маселелерине кандай таасир бергени дале изилденип жаткан тема
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азыр дарыгерлер бул бейтаптардын болжол менен он алты пайызында кеминде алты ай бою ой жүгүртүү, концентрация жана эстутум жагынан көйгөйлөрү болгон деп эсептешет. Бирок, кээ бир учурларда "узак убакытка созулган ковид" оорунун жеңил түрлөрүнөн кийин да пайда болушу мүмкүн.

Оксфорд жана Лестер университеттеринин окумуштуулары буларды баса белгилешет:

- Изилдөөнүн корутундулары ооруканага түшкөн бейтаптарга гана тиешелүү.

- Бул акыркы жыйынтыктар эмес жана "баш катырмалардын биринчи бөлүгү" гана. Дарылоо жолдорун сынап көрүү мындай турсун, аларды иштеп чыгуу мүмкүн болгонго чейин толук маалымат алуу үчүн кошумча изилдөө зарыл.

- Бейтаптардын когнитивдик функциялары оорудан алты жана он эки ай өткөндөн кийин текшерилген. Колдонулган тесттер жана анкеталар белгилерди толуккандуу аныктай албашы мүмкүн.

Изилдөөнүн башкы автору, Оксфорд университетинин профессору Пол Харрисондун айтымында, COVIDден кийинки мээнин тумандоосунун табиятын түшүнүү үчүн анын түпкү себептерин табыш керек.

Бирок "узак убакытка созулган ковиддин" себептери ар кандай болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек.

Лестер университетинин респиратордук медицина профессору Крис Брайтлинг айткандай, Ковид-19дан кийинки ден соолуктун начарлашы "адамдын ооруга чейинки саламаттыгынын абалы жана ал айыккандан кийин эмне болору" менен аныкталат.

Covid-19 толук адамдар үчүн кыйла оор болгонун, ашыкча көйгөйлөрдү жаратканы байкалды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Covid-19 толук адамдар үчүн кыйла оор болгонун, ашыкча көйгөйлөрдү жаратканы байкалды

Саймон Редфорт толук айыгып кетерине ишенбесе да көңүлүн чөктүрбөгөнгө аракет кылат

Университеттин окутуучусу, Ланкаширдик доктор Саймон Ретфорд 2020-жылдын октябрында Ковид жугузуп алып, эки жума комада жаткан. Дарыгерлер анын үй-бүлөсүнө суук кабарга даяр болууну айткан.

Ал азыр болжол менен 60-70 пайызга айыгып калды, бирок дагы эле кыска убакытка эс тутумун жоготуп, көңүлүн бир жерге топтой албай кыйналат.

"Өткөн жылы май айында мен курстун жетекчиси болдум. Баарынан да өзүмдү өтө жай иштеп, кыйналып жаткан компьютердей сездим" дейт ал.

Ооруганга чейин ал полицияда иштеген, бирок бул жумуш ал үчун ашыкча оор болуп калгандыктан кетүүгө аргасыз болгон.

Ал, эгер жумушта "көп иштеп койсо" катуу чарчап каларын айткан. Ошол эле учурда Саймон көңүлүн чөктүрбөйт: “ Кантсе дагы, мен дале мындамын, башка миңдеген адамдардын көзү өтүп кетти”. (DO)