Шайлоо-2021: Капчыгы калыңдар жана "жылаңач баатырлар"

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. БШКнын билдирүүсү боюнча, саясий жарышка 21 саясий партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкер аттанды. Бул шайлоо бир жылга кеч өтүп жатат. Өткөн күздөгү шайлоодо нааразылык чыгып, арты тополоң-тозго айланып, бийлик алмашып, жыйынтыгы жараксыз болгон. Жаңы бийлик бул шайлоо жаңы эрежелер менен таза, адилет өтөрүн айтууда.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот.

“Бир партияга жана бир талапкерге гана добуш берүү каралды. Преференциалдык добуш берүүнүн айырмасы да, өзгөчөлүгү да ушул. Башкача айтканда, шайлоочу партияга добуш берет жана анын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерге добуш берет”,-деди Би-Би-Сиге БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев.

Өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамы боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан токсонго кыскарды. Ал гана эмес, партиялык тизме менен шайланчу депутаттардын да саны азайды. Депутаттардын 36 бир мандаттуу округдардан шайланмай болду. Партиялык тизмеге караганда, күчтүү саясатчылар бир мандаттуу округдардан өткөнгө мүмкүнчүлүк чоң дешет.

“Парттизмеге караганда, бир мандаттуу округдарда талапкер эл менен көп жолугушат, элдин элегинен өтөт. Акчасы барлар өтөт деген да туура, бирок жылаңач баатырлар да өтүп кетет”,-дейт публицист Папан Дүйшөнбаев.

Жарышка түшкөн партиялардын арасында парламентте көп жылдардан бери түшпөй келаткан “Ата Мекен” жана Социал-демократтар бар. Калгандары Жогорку Кеңешке мурда-кийин өткөн партиялардан эмес. Бирок жергиликтүү деңгээлде өзүнүн саясий потенциалын көрсөткөн “Ата-Журт-Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” сыяктуу партиялар бар. Убагында күркүрөп турган Өмүрбек Бабановдун “Республика”, Алтынбек Сулаймановдун “Бирбол”, Шаршенбек Абдыкеримовдун “Кыргызстан” партиялары бул жолу тизмеде жок.

Анткен менен оппозициядагы күчтүү саясатчы Адахан Мадумаровдун мурунку шайлоолордо марага жетип-жетпей жыгылган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бар.

Бир жыл мурдакы шайлоодо топ жарып келген “Мекенчил” партиясы да шайлоого катышпай турган болду. Президент Садыр Жапаров административдик ресурс эч бир партияга иштебейт, бийликтин партиясы шайлоого катышпайт деп жарыя кылды.

Шайлоонун босого чеги мурунку жети пайыздан беш пайызга түшүрүлдү. Бирок бул чекти багындыруу да партиялар үчүн оңой болбойт дейт аналитик Айданбек Акмат уулу.

“Реалдуу түрдө добуш алганга төрт-беш партиянын гана мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи кезекте бийликтин административдик ресурстарын колдонуу менен келе турган партиялар. Булардан сырткары "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин жеке электораты бар, ар бир шайлоодо алып жүргөн. Ошондой эле Атамбаевдин айланасындагы күчтөр биригип, бир чыга турган болсо, буларда дагы беш пайыздык босогону өткөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Калган партиялар үчүн, былтыркы эле шайлоо көрсөткөндөй, беш пайыздык чекти өтүү чоң проблема”.

Кыргызстанда шайлоодо чыккан нааразылык курчуп кеткенде ал бийликтин кулашына алып келет. 2005-жылы Акаевдин бийлиги, 2020-жылы Жээнбековдун бийлиги ушинтип кулаган. Ошондуктан шайлоодогу нааразылык көп болбошуна, анын чырга айланып кетпешине бийлик биринчи кезекте кызыкдар болушу керек.

“Октябрь айында эл айлык, үй-жай оокат сурап чыккан жок. Эл адилеттүүлүктү талап кылып, шайлоону тааныган жок. Акчанын күчү менен өткөн шайлоого эл чыдай албай койду. Отуз жылдын ичинде үчүнчү жолу президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз кылды",-дейт мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

Шайлоо алдында SIAR Research and Consulting компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого караганда, экономикалык абал, кымбатчылык жана жумушсуздук элди эң көп кыжаалат кылган маселелер болууда. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү шайлоодо талапкерлердин билимине жана тазалыгына, адилеттүүлүгүнө карап добуш берерин белгилешкен.

Эл эң ишенген саясатчылардын тизме башында Садыр Жапаров (35%) жана Камчыбек Ташиев (20%). Алардан кийинки эле орунда "Ыйман нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун (7%) келатканы өлкөдө динчил багыттагы саясатты колдоочулардын көп экенинен кабар берет.

Шайлоого барып добуш бере турганын сурамжылоого катышкандардын 70% билдирген. Шайлоочулардын ишениминдеги партиялардын арасынан биринчи кезекте «Мекенчил», «Ата-Журт», КСДП, «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аталууда.

Ошол эле убакта Бишкек менен Чүй, Талас областтарында КСДПнын, Жалал-Абадда «Ата Мекендин», Ошто жана Баткенде «Мекенчил» жана «Ата-Журт» партияларынын колдоосу чоң.