Украинанын мурдагы энергетика министри өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Рэйчел Мюллер-Хейндик
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Украинанын мурдагы энергетика министри өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалганын бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Былтыр коррупциялык жаңжалдан кийин кызматтан алынган Герман Галущенко Украинадан поезд менен чыгып кетип бара жаткан жеринен кармалганы маалымдалды. Ал кайсы өлкөгө бара жаткандыгы белгисиз.
Галущенко ноябрь айында 100 миллион АКШ доллар (75 миллион фунт стерлинг) көлөмүндөгү каражатты мыйзамсыз өздөштүрүү схемасына тиешеси бар деп шектелип жаткан өкмөт өкүлдөрүнүн бири эле.
Бул жаңжал Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгына чейин коррупцияны жоюу убадасы менен бийликке келген президент Зеленскийдин администрациясына олуттуу сокку урду.
Зеленскийдин согуш мезгилиндеги эң жакын кеңешчиси, аппарат башчысы Андрей Ермак да анын үйү тинтүүгө алынгандан кийин кызматтан кеткен. Президентке же Ермакка карата мыйзам бузуу боюнча айыптар тагылган эмес.
Ошентсе да бул окуя 2022-жылы согуш башталганы Конституциянын жоболоруна ылайык токтотулган шайлоолорду өткөрүү боюнча АКШ тарабынан кысымды күчөттү.
Украинанын Улуттук коррупцияга каршы бюросу жекшемби күнү билдирүү жасап, мурдагы энергетика министри "мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан учурда" "Мидас" ишинин алкагында кармалганын билдирди.
Бюро Галущенконун ысымын атаган жок, бирок Украинанын бир катар ири маалымат каражаттары аны аташты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Галущенко буга чейин үч жыл энергетика министри болуп иштеген, андан соң кыска мөөнөткө юстиция министри болуп дайындалган. Ноябрь айында Зеленский аны кызматтан кетүүгө чакырган. Анын ордуна келген Светлана Гринчук да бул жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткен.
NABU Галущенкону кармоо тууралуу кошумча маалымат берген жок, бирок тергөөнүн жүрүшү боюнча кийинчерээк билдирүү жасай турганын айтты.
Radio Free Europe Галущенко качууга аракет кылса, бийликке бул тууралуу кабарлоо тапшырылганын жана шектүүнү кошумча сурак үчүн Киевге жеткиришкенин кабарлады.
"Мидас операциясы" деп аталган кеңири масштабдагы антикоррупциялык иликтөө 15 айлык тергөөнүн жыйынтыгы болгонун NABU жана Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратура билдирди.
Тергөө органдары бир нече адамды Украинанын энергетика тармагында, анын ичинде улуттук өзөктүк оператор Energoatom компаниясында каражатты мыйзамсыз өздөштүрүү схемасын уюштурган деп айыптады.
Галущенко Energoatom компаниясынын подрядчыларынан келишим суммасынын 10-15%га чейинки бөлүгүн системалуу түрдө "үлүш" катары алып келген деп шектелүүдө.
Антикоррупциялык органдар ири суммадагы акчалар адалданганын айтып, каптарга салынган накталай каражаттардын сүрөттөрүн да жарыялашты. NABU билдиргендей, бул каражаттар Украинадан сыртка, анын ичинде Орусияга да которулган.
Галущенко буга чейин өзүнө коюлган айыптоолорго каршы сотто коргонорун билдирген.
Мурдагы вице-премьер-министр Олексей Чернишов ноябрь айында "мыйзамсыз байыган" деген шек менен кармалган, ага чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген да айыптар коюлган эле.
Зеленскийдин мурдагы "Квартал 95" телестудиясынын тең ээси, ишкер Тимур Миндич да шектүү катары белгиленгенден кийин өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган.
Бул адамдардын дал энергетика тармагы эсебинен байыганы коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратты. Анткени бул жаңжал кычыраган кышта Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына соккуларын күчөткөн маалга туш келди.
Мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бул өлкөдө коррупция маселеси узак жылдардан бери уланып келет. NABU жана прокуратура сыяктуу органдар он жылдан бери иштеп келсе да, бул көйгөй толук жоюла элек.
Коррупцияга каршы күрөшүү Украинанын Европа Биримдигине кошулуусу үчүн негизги талаптардын бири болуп саналат.




























