УКМК: Салык кызматынын абактан чыккан мурдагы жетекчилери 4 миллиард сомдон ашык каражат кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповду жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовду айып пул төлөтүп, үй камагына чыгарган соттун өкүмүнө байланыштуу билдирүү таратты.

УКМКнын маалыматында айтылганга караганда, алар бюджетке келтирилген 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндөгү материалдык чыгымды толугу менен төлөп беришкен.

"А.А.К. жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан. Кылмыш ишинин негизги фигуранттарынан алынган моюнга алуу көрсөтмөлөрү, ошондой эле тергөө жана ыкчам иш-чаралар салык кызматынын системасындагы, тагыраагы "Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүүлөр башкармалыгынын кызматкерлери жана жогоруда аталган кызмат адамдары катышкан коррупциялык схеманы аныктоого жардам берди" деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Салык кызматынын мурдагы жетекчилерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголгон.

УКМК билдиргендей, тергөө амалдары мыйзамга коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин башталгандыктан, соттук процесс кодекстин эски редакциясы менен жүргөн.

Эски мыйзамга ылайык, эгер айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толук төлөп берсе, тараптар процессуалдык келишим түзүп, сот айып пул салуу менен чектелүүгө укуктуу болгон.

Жаңы редакцияда зыянды толтурса дагы, абак жазасын өтөөгө милдетүү.

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго Ленин райондук соту декабрь айында айып пул чегерип, сот залынан үй камагына чыгарганы белгилүү болгон.

Алтынбек Абдуваповго 400 миң сом айып пул салынып, Исламбек Кыдыргычовго 300 миң сом айып пул чегерилген. Мындан тышкары, белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө же ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынып, атайын наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратылган.

Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов же алардын мыйзамдуу сот өкүмдөрү сот чечими жана 4 миллиард 307 миллион сом төлөнүп берилиши боюнча комментарий берише элек.

Алар 2024-жылдын 6-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалган. Аларга чейин атайын кызмат Бишкек шаарындагы Салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө кеңири масштабдуу тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Атайын кызмат мурдагы салык жетекчилери айрым бизнес өкүлдөрүнө ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качууга, чыныгы кирешелерин жашырууга шарт түзүп бергенин билдирген.

Бул коррупциялык чатак өлкөнүн саясий жетекчилигинде да олуттуу өзгөрүүлөргө алып келген. Салык кызматындагы жогорку кызмат адамдарынын кармалышы ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго карата сын-пикирлерди күчөткөн. Көп өтпөй, өкмөт башчысы кызматтан бошотулган.