Мугалим окуучуну урду деген окуя боюнча териштирүү башталды

Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда окуучуну сабаган мугалимдин жүрүм-турумуна байланыштуу билдирүү таратты.

"Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди дароо баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө" деп айтылат 16-январда Агартуу министрлиги тараткан маалыматта.

Ушул күндөрү интернетте мугалимдин окуучуга кол көтөргөн видеосу тараган. Кийин ал Бишкек шаарындагы №87 орто мектептин кыргыз тили сабагынан берген эжей экени белгилүү богон. Видеодо аял мугалим эркек окуучуну тилдеп, башка-көзгө койгулап жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстанда окуучу мугалимди сабаган же, тескерисинче, мугалимге кол көтөргөн окуялар буга чейин да катталган.

2022-жылы Сузакта мугалимдин окуучу кызды урганына байланыштуу Бишкекте нааразылык акциясы да өткөн. Активисттер Агартуу министрлигинин алдында чогулуп, мектептеги зомбулукка каршы пикирлерин билдиришкен. Алар бул окуяда мугалимди жактаган чиновниктердин жана депутаттардын позициясын сындап, балдардын укугун коргоо талабын коюшкан.

Анда Сузактагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте мугалимдин 7-класстын окуучусун сабап жатканы тартылган видео Фейсбукка тарап, чоң талкуу жараткан. Видеого мугалим менен окуучу кыздын кайым айтышып жатканы, мугалимдин кызды башка-көзгө чаап жибергени түшүп калган.