Алымкадыр Бейшеналиев: “Боорун алмаштырган ар бир бейтапка жоопкерчилик менин мойнумда”

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орган алмаштыруунун башталышы менен соңку мезгилде кыргыз медицинасына жаңылык кирди. Боор, бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операциялар жасалып, көптөгөн бейтаптарга үмүт берип турган чак.

Ошентсе да кыргыз медицинасынын аксап турган жактары, көйгөйү дагы деле көп. Донорлор тууралуу мыйзамдан тарта, адистерди даярдоо, заманбап ооруканалардын зарылдыгы сыяктуу көп маселелер бар.

Би-Би-Си саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен маектешип, өлкө орган алмаштыруу операцияларын баштоо чечимин кандайча кабыл алганын сурады.

А. Бейшеналиев: Үч жарым жыл мурун министрликтин башына келгенимде президент Кыргызстанда орган алмаштыруу маселесин колго алуу боюнча тапшырма берди. Тилекке каршы, соңку жылдары буга муктаждык көбөйдү. Көптөр чет жакка барып дарыланып келүү үчүн каражат чогултуп, айрымдары ага жетишпей каза болуп калып жаткан учурлар дагы жок эмес.

Боор, бөйрөк, жүлүн, кохлеардык имплантация сыяктуу төрт багыт боюнча жергиликтүү дарыгерлерди даярдап, орган алмаштыруу иштерин Кыргызстанда жүргүзүүгө даярдык көрө баштадык. Жогорку Кеңештен орган алмаштыруу боюнча мыйзамды өткөрүп алдык.

Учурда бөйрөк алмаштыруу абдан ийгиликтүү жүрүп жатат. Кыргызстанда эле алтымыштан ашуун бейтаптын бөйрөгү алмашты. Алардын ичичнен он жети бейтапка президенттин фондунан каражат бөлүнүп, операциясы акысыз болду. Жасалган ар бир операциянын баасы 7,5 миң доллардан деп бааланды.

Андан тышкары 10-11-июнда Бишкекте алгачкы боор алмаштыруу операциясы жүрдү. Ага мен өзүм дагы катыштым. 50 жана 61 жаштагы аялдарга 26 жана 31 жаштагы кыздары донор болду.

Учурда алар ооруканадан чыгып, абалдары жакшы. Адаптация жүрүп жатат. Бир ай такай доктурлардын көзөмөлүндө болуп, ооруканада жатышты. Азыр экөө тең үйлөрүнө чыгып, аптасына бир жолу келип текшерилип турат. Донорлор болсо эми көзөмөлгө келбейт, мурдагыдай эле режим менен жашай берсе болот.

Операцияга чейинки даярдык, калыбына келтирүү сыяктуу бир топ процедуралар, дары-дармекке кеткен чыгымдар президенттин фондунан каржыланды.

Кийинки баскычта жүлүн алмаштыруу операциясын көздөп жатабыз. Учурда онкологиялык ооруга чалдыгып калган айрым жарандарыбыз ушул операцияга муктаж.

Кохлеардык имплантация боюнча айтсак, бул балдардын тубаса дүлөй жана дудук болуп төрөлүшү. Катар мамлекети менен сүйлөшүү жүрүп 350 балага кохлеардык имплантация коюу макулдашылган. Бул биз үчүн абдан чоң жетишкендик.

Учурда чет жактан келген дарыгерлердин жардамы менен 160 балага акысыз операция жасалды. Баары угуп, мектепке бара баштады. Жакында эле беш жашында операция болгон бала биринчи жолу энесин “апа” деп чакырды. Учурда биздин дарыгерлер бул багытта дагы кесиптик деңгээлин жогорулатып жатат.

Би-Би-Си: Мындай операциялардын Кыргызстанда жасалышы бейтаптар үчүн каражатты гана эмес, убакытты дагы үнөмдөгөнгө жакшы мүмкүнчүлүк болсо керек?

А. Бейшеналиев: Жогоруда мен айтып өткөн дарттардын баарына жасалуучу операциялар кымбат. Маселен, жакында Кыргызстанда операция болгон бейтаптарга 25 миң доллардан президенттин фондунан бөлүнүп берилди.

Эгер алар чет мамлекеттен жасата турган болсо баасы кыйла жогору болмок. Ошол эле жүлүндү чет мамлекеттин клиникаларынан алмаштыруу үчүн 150-200 миң доллар каражат кетет. Андай каражат элдин баарынын тең эле чөнтөгүнө туура келе бербейт. Ошондуктан аны өз өлкөбүздө акысыз жүргүзүү аракетин көрүп жатабыз.

Эгер Кыргызстанда жасала турган болсо, операциянын чыгымы 10 миңден 25 миң долларга чейин болушу мүмкүн. Учурда Бишкекте дагы боор алмаштыруу боюнча он беш операцияга даярдык жүрүп жатат.

Ушундай эле операциялар жакында Ош шаарында дагы жасалат. Эми ансыз дагы жаны кыйналып турган бейтаптар убара болуп алыс жол тартып, чет чет мамлекеттерге барбай өз өлкөсүндө мындай кызматты ала алат.

Би-Би-Си: Дүйнөдө медицинасы өнүккөн өлкөлөр аз эмес. Боор алмаштырууда ошолордун ичинен түрк дарыгерлери менен кызматташуу чечиминин себептери эмнеде болду?

А. Бейшеналиев: Трансплантацияда эң чоң жоопкерчилик талап кылган бул боор алмаштыруу операциясы. Аны ишке ашыруу биз үчүн оңой болгон жок. Бул боюнча Түркия жана Кыргызстандын президенттеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп, биздин 74 адис окуудан өтүп келди.

Бул биз үчүн жаңы операция жана аны кимдир бирөөлөрдөн үйрөнүшүбүз керек болду. Өзүңөр билгендей аталган мамлекеттин медицинасы жакшы өнүккөн. Учурда алардын клиникалары менен келишим түзүп, тыгыз иш алып барып жатабыз.

Ушундай эле кызматташуу Орусия менен дагы жүрүп жатат. Кыскасы кайсыл жерде үйрөтүп, бекер окутабыз десе ошол жакка адистерди жөнөтүп жатам.

Учурда адистер кохлеардык имплантация боюнча тажрыйба алуу үчүн Катарга кетип жатат. Австрия дагы акысыз окутуп беребиз деп убада кылууда.

Кардиолог, окулист сыяктуу адистешкен дарыгерлерди Кытай, Индия жана башка саламаттык сактоо тармагы өнүккөн өлкөлөргө жөнөтүп жатабыз.

Би-Би-Си: Мына ушундай татаал операция жасоодо кандай кыйынчылыктар болду?

А. Бейшеналиев: Жогоруда айтып кеткендей биздин дарыгерлер көп жылдан бери трансплантация жүргүзүп келген тажрыйбасы мол клиникалардан даярдыктан өтүп келди. Албетте, алгачкы операция аябай оор болот. Ошол эле жабдыктарды, операция жасоочу бөлмөнү, керектүү дары-дармекти алдын-ала даярдоо жана бул процесстин өзү эле чоң жоопкерчилик.

Бирок даярдык жакшы болгон үчүн биз муну ийгиликтүү ишке ашыра алдык жана операция татаал болсо дагы дарыгерлер алардын практикасында кездешпеген укмуштуу деле бир кубулушту байкашкан жок. Түркиядан келген кесиптештерибиз бизге багыт берип, жол көрсөтүп турду.

Би-Би-Си: Айрым учурда бейтаптар донор таппай, макул болгондордун органдары туура келбей, убакыттан уттуруп койгон учурлар көп болот экен. Мындай көйгөйдү чечүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

А. Бейшеналиев: Кыргызстанда 17 миңге жакын киши боордун циррозу менен ооруйт. Бөйрөк алмаштыруу боюнча 150 киши кезекте турат. Алардын жыйырмасы гана донор таап текшерүүдөн өтүп жатат.

Чындыгында донор табуу эң чоң көйгөй. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык бизде тууганчылык байланышы бар адамдар гана донор боло алат. Алардын макулдугунан тышкары органдын дал келүүсү дагы өтө маанилүү. Тилекке каршы, текшере келгенде көбү оорулуу болуп чыгып жатат. Өз каалоосу менен донор болобуз дегендер көп. Бирок аларга мыйзам жол бербейт.

Күз айларынан тартып тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүүнү сунуштап жатабыз. Маселен, чет өлкөдө айрым адамдар "кокустук болуп кырсыктап кала турган болсом, органдарым донорлукка берилсин" деген келишим түзүп коет экен.

Биз дагы акырындык менен донорлуктун бул ыкмасын колдонсок эмнеге болбосун? Мындай учурда бир адамдын органдарын алуу аркылуу алты адамдын жанын сактап калса болот.

Би-Би-Си: Донордун операциядан кийинки өзүнүн саламаттыгы тууралуу да сөз кылсак.

А. Бейшеналиев: Адам бир бөйрөк менен деле жашай берет, ден соолугуна зыян деле келбейт. Тубаса бир бөйрөк менен туулгандар деле бар. Бир бөйрөк менен жашап, спорт менен машыгып, адаптация болуп кеткендер көп эле.

Боордуку деле ошондой. Кесилген жер акырындап калыбына келет. Өсүп бир формага жетип токтойт. Башкысы доктурлардын айткан кеңешин жакшы сактоо керек. Ошондой эле донор канчалык жаш болсо, калыбына келүү ошончо тез жүрөт.

Би-Би-Си: Бөйрөгүн же боорун алмаштырууга муктаж болуп кезекке тургандардын саны көп экен. Акысыз операцияга бейтаптар кандай негизде тандалып алынып жатат?

А. Бейшеналиев: Бизде атайын тизме бар. Мындай операцияга муктаж адамдар ага катталышат. Андан тышкары доктурлар диагнозун карап, кимдин өмүрү канчалык коркунучта турат, ким тез арада операцияга муктаж экенин аныкташат. Дарынын күчү жетпей калган бейтаптардын операциясы тездетилет.

Би-Би-Си: Соңку жылдары гепатит оорусунун күч алып жатканын негизги себеби эмнеде болуп жатат?

А. Бейшеналиев: Ар бир оорунун келип чыгуу себеби бар. Ошол эле боор ооруларынын эле бир нече түрү болот. Маселен, алкоголдук, генетикалык, вирустук жана башка көптөгөн себептерден улам жаралышы мүмкүн.

Ошондой болсо дагы жарандар саламаттыгына кайдыгер калбай, физикалык жактан кыймылда болуп, ичип-жеген тамак-ашын көзөмөлдөп, эң башкысы жеке клиникаларга барганда санитардык-гигиеналык эрежелерге көңүл буруулары керек.

Кандай гана клиникага барбасын бир жолу гана колдонуучу каражаттарды талап кылуу шарт.

Анан дагы бир маанилүү жагдай, учурда бүткүл дүйнө адамдарды гепатитке каршы эмдеп жатат. Ал эмдөө Кыргызстанда дагы акысыз жүргүзүлүүдө. 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандарыбыз сөзсүз бул эмдөөдөн өтүшү керек.

Би-Би-Си: Жакында эле боорун алмаштырган бейтаптардын абалынан кабар алуу үчүн дарыгерлерге байланышка чыкканыбызда сизден уруксат жок маалымат берүүдөн карманып жатышты. Бул жерде сыр сактай турган кандайдыр бир маселе барбы?

А. Бейшеналиев: Эч кандай сыр сактай турган маселе жок. Болгону жасалган иш үчүн бир киши жоопкерчилик алышы керек. Ал иштин жыйынтыгы жакшы болсо дагы, жаман болсо дагы бир гана киши жооптуу болушу керек.

Операция болгон эки бейтап жакшы болуп чыгып кетти, ал эми чыкпай калса кандай болот эле? Алардын өмүрү үчүн ким жооп бермек? Мына ошол адамдардын өмүрү үчүн жоопкерчиликти өзүм алып жана баардык маселеге өзүм жооп берип жатам.

Бул операциялар үчүн жоопкерчилик менин мойнумда. Жакшы болсо, баары кол чаап, гүл берип тосуп алат. Кокустук болуп кетсе, кимдир бирөө жооп бериши керек да. Ошол операцияга катышкан 20 хирург тең бирдей жоопкерчилик ала албайт да. Ошон үчүн мен өзүм жоопкерчилик алып жатам.

Мүмкүн кийин 10-15 бейтапка операция жасалгандан кийин жасаган иши үчүн ар бир хирург өзү жооп береттир. Азырынча мен жооп берем. Коркуп отура берсек, иш алдыга жылбайт эле.

Би-Би-Си: Алдынкы беш же он жылда саламаттык сактоо тармагын кандай элестетесиз?

А. Бейшеналиев: Соңку 3,5 жыл аралыгында аткарылган иштерди буга чейинки отуз жыл менен салыштырып болбойт. Бул убакыт аралыгында чоң секириктер болду. Эгер ушундай жүрүш менен кетсек, жакынкы жылдары саламаттыкты сактоо тармагы абдан чоң жетишкендиктерге жетет.

Өзүңүздөр билгендей, дарыгерлердин айлыктары жакшырды. Ар бир жылы дартты аныктоочу жаңы жабдыктарды алып келип жатабыз. Азыр ар бир облустун борборунда дартты туура аныктай турган компьютердик томография бар. Мурун алар жок болчу да.

Өзгөрүүлөр абдан көп. Эгер туруктуулук болуп азыркыдай жүрүштө кете турган болсок, беш же он жылда өтө татаал операцияларды өзүбүз жасай баштайбыз, саламаттык сактоо тармагында жакшы жылыштар болот.