Майлуу-Суу лампа заводунда кыскартуу жүрөт. Жумушчулар президентке кайрылды

Сүрөттүн булагы, courtesy
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунда иштеген жумушчулардын жарымы иштен кыскарууга дуушар болууда. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Майлуу-Суу шаарынын мэри Алтынбек Жумаев тастыктады.
"Премьер-министрдин протоколдук тапшырмасынын негизинде заводдун эски лампа кызытуу цехинин ишин токтотуу боюнча чечим чыккан. Ошол чечимдин негизинде завод толук эмес, белгилүү бир цехтин иши токтогон. Цехте жалпысынан 550 адам кыскарууга дуушар болуп жатат. Жалпысынан заводдо миң адам иштейт. Тең жарымы кыскарууга дуушар болуп жатат. Эмгек кодекси боюнча кандай төлөмдөр төлөнүшү керек болсо, ошонун баары төлөнүп берилет деп жатышат. Акыркы күндөрү завод үч күндүк график менен иштеп калган. Цех чыгарган продукцияга бүгүнкү күндө суроо-талап жок, эски лампалар сатылбай калды".
Мэр Алтынбек Жумаев бүгүн, 30-декабрда заводго барып жолугушуу өткөрөрүн кошумчалады.
Күн мурун социалдык тармактарда Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашып, заводдо иш токтоп, жумушчулар үч айдан бери маяна ала электигин, иштен кетүүгө мажбурланып жатышканын билдиришкен.
"Завод токтоп калса, балдарын, ата-энелерин баккандар кантет?! Алардын чоң заводду токтотуп койгонго кандай акысы бар? Же жумушчулар кетсин деп буйрук чыгардыңызбы? Ушуга көңүл бөлүп койсоңуз, урматтуу Садыр Нургожоевич", – деген видеодо сүйлөгөн аялдардын бири.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин Майлуу-Суу заводу акыркы эки жылдан бери аксап, жакшы иштебей жатат. Жумасына үч күн иштеп, төрт күн эс алып жататбыз. Октябрь, ноябрь, декабрдын айлыгын ала элекпиз. Айлыктан мурун заводдун тагдыры ойлондуруп жатат. Ушунча адам кайда барабыз? Ар бир келген директор иштейбиз дейт. Иштебей эле артка кетип жатабыз. Силерден сураныч, өзүңөр келип, эл менен жолугуп, ачыгын айтсаңыздар. Азыр да жыйын болуп үч вариант сунуштады. Июлга чейин күтөсүңөр же арызыңарды жазып кете бергиле деп жатат", – деген дагы бир жумушчу.
Социалдык тармактарда тараган башка бир видеодо Майлуу-Суу лампа заводунун жетекчилиги өкмөт маяна үчүн акча бөлгөнүн, бирок декабрда айлыкты төлөп жетишүүгө мүмкүн эместигин, январда берилерин билдирген.
Ал кызытуу лампа цехи рентабилдүү болбой калганын, жабыларын ырастаган:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Үч тандоо бар. Январда маяна болот. Болду, жетишет, ушул акчаны алып, өз көйгөйүмдү өзүм чечем дегендер тараптардын макулдугу менен келишимди токтотсо болот. Завод менен толук эсептешип, алты айлык маянаны алып кете алат. Экинчи вариант, апрелдин ортосуна чейин башка бригадаларга өтсөңөр болот. Үчүнчүсү, биринчи-экинчи вариант да жарабаса, анда кыскартуу процедурасы башталат".
Майлуу-Суу заводундагы кырдаал төртүнчү 25-26-декабрда өткөн элдик курултайда да көтөрүлгөн. Аймактан келген делегат заводдо кырдаал оор экенин айткан. Президент Садыр Жапаров заводго каражат бөлүнгөнүн, аны сактап калуу керектигин билдирген:
"Жарым жыл мурун иш баштаганбыз. Бир миллиард сом бердик. Биз ушуну өлтүрбөй жандандырып, тирилтип, өнүктүрүп кеткиле деп айттык. Мамлекеттик компаниялар негизи жакшы иштечү эмес да, банкрот кылып туруп, жеке менчикке сатылып кетчү. Биз болсо, тескерисинче, кайра жандандырып жатабыз. Кудай буюрса, иштеп кетет го деп ойлойбуз, бир миллиард сом менен иштете албаса анда ал өлүк адам, өлүк жетекчи болот", – деген Жапаров.
Майлуу-Суу заводу 1967-жылы ишке кирген. Көп жылдар бою Борбор Азияда лампанын 40тан ашуун түрүн чыгарган белгилүү өндүрүш жайы болгон. 2009-жылы кризистик абалга кептелген. 2021-жылы Каржы министрлигине өтүп, 2022-жылы ишкананы колдоого бир миллиард сом бөлүнгөн.












