Кентуккидеги торнадолор, пенсия тармагындагы реформа, "Алтын калемдин" жеңүүчүлөрү

13.12.2021, күндүн жаңылыктары

Кентуккидеги торнадолор: Губернатордун айтымында өлгөндөрдүн саны 100дөн ашышы мүмкүн

Кентукки штатындагы шаарларды кыйраткан күчтүү торнадодон каза болгондордун саны 100дөн ашышы мүмкүн жана аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын өчүп баратат деп аталган штаттын губернатору билдирди.

Энди Бешир бул штаттын тарыхындагы эң кыйратуучу торнадо окуясы болгонун, кеминде 80 адамдын өлүмү тастыкталганын айтты.

"Торнадонун жолунда туруп калган бир дагы нерсе азыр ордунда соо калган жок" деди ал.

Дагы төрт штатта 14 адам каза болгону кабарланды.

Кентуккиде куткаруучулар урандыларды тазалап, аман калгандарды издеп, атайын топтор тургундарга суу жана генераторлорду таратып беришти. Улуттук гвардиянын 300дөн ашуун жоокери үймө-үй кыдырып, таштандыларды чыгарып жатышат.

"Биз дагы көп адамдар табылып калат деген үмүт менен издөөлөрдү уланта беребиз" деди губернатор эң катуу сокку болгон Мэйфилд шаарына болгон сапарында.

Бирок ишембинин таңынан бери тирүү табылгандар болгон жок.

Бешир мырзанын айтымында, торнадо өзүнүн жолундагы 227 миль (365 км) жерди талкалап өткөн. Андан миңдеген адамдардын үйлөрү кыйроого учурады, бирок так саны азырынча белгисиз.Буга чейин АКШда эң узун торнадо 1925-жылы март айында Миссуриде 695 адамдын өмүрүн алып, 219 миляга (352 км) созулган бороон учурунда болгон. Жаз жана жай айларынан башка айларда буга окшогон ири табигый кырсыктар өтө сейрек кездешет.

Торнадо Мэйфилдде өрт өчүрүүчү станция менен мэриянын имаратын тегиздеп кеткен. "Менин оюмча, шаардын эч бир менчик унаасында же мүлкүндө сынбаган айнек калган жок" деди мэр Кэти Стюарт.

Ичинде 110 кызматкери бар деп болжолдонгон шам чыгаруучу фабрикада сегиз адам каза болгон. Дагы сегиз адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шам чыгарган компаниянын басма сөз катчысы билдирген.

Фейсбукта урандылардын астынан жардам сурап кайрылган фабриканын жумушчусу Кианна Парсонс Перес Би-Би-Сиге башка ишканалар бороон үчүн жабылганын жана ал жердеги кызматкерлер дагы жумушта болбошу керек эле деп айтты.

Губернатор Беширдин айтымында, ал Байдендин администрациясынан штатта ири федералдык кырсык болгонун жарыялоону суранган, бул учурдагы өзгөчө кырдаал абалын жаңыртуу болуп эсептелет. Бул кадам калыбына келтирүү үчүн кошумча федералдык каражаттарды тартууга түрткү болот.

Арбактардын шаары

Номиа Икбал, Би-Би-Си Жаңылыктары, Кэмбридж Шорс

Жерри Нил Кентуккинин түштүгүндөгү бир кездеги үйүнүн урандыларын аралап баратат.

Ал бир нече жаңы жылдык жасалгаларды – жаңы жылдык балатыдагы аяз-атанын оюнчугун жана көк шуруларды колуна алды. "Рождестводон көңүл калып кетти" дейт ал.

Жерринин айтымында, апасы өткөн жылы карылар үйүнө көчүп кеткенден бери абал мурдагыдай эмес. Үйдө болгону ал жана анын карыган атасы калган.

"Менин апам бул үйдүн дизайнын ондогон жылдар мурун ойлоп чыккан, ал дизайнерлер менен кайра-кайра иштеп жүрдү, үйдү улам өзгөртүп, аларды жинди кылып сала жаздады", - деп Жерри күлүп калат. "Апам акыры өзү каалаган үйгө жетти эле. Эң сонун болду эле, азыр эми баары таштанды болуп жатып калды".

Иллинойс штатында Эдвардсвиллдеги “Амазондун” кампасы урап түшкөндө алты адам каза болуп, дагы эле дайынсыз бойдон калууда.

Төрт адам Теннессиде, ал эми Арканзаста эки адам каза болгон, алардын бири жарым-жартылай талкаланган карылар үйүндө экени айтылат. Миссуриде болсо бир өлүм тастыкталды.

Президент Жо Байден Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен бул болуп өткөн бороон-чапкындарда климаттын өзгөрүшү кандай роль ойногондугун иликтөөнү суранарын айтты. (DO)

Пенсия тармагындагы реформа январда башталат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйын 11-декабрда өтүп, анда Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсия тармагын реформалоо иштери январь айында башталарын айткан. Негизги максат – пенсия системасындагы адилеттүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Жыйында социалдык фонд “Келечек булагы” аттуу өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясын сунуштады.

“Жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу керектиги, ошондой эле жарандардын келечекте пенсия алуусунун кепилдиги катары мамлекет чыгып, жарандар пенсиясы аныкталуусу үчүн каражаттарын чын дилинен которо тургандай болуп, Социалдык фондго карата мамилеси өзгөртүлүшү керектиги айтылды” , - деп айтылат маалыматта.

1-октябрдан тарта 4 миң 785 сомдон аз алган песионерлерге эми 200 сом үстөк кошулса, бул суммадан көбүрөөк пенсия алып келгендерге 500 сомго чейин акча кошулган.

Өлкөдө пенсионерлердин жашоо минимуму - 4 миң 785 сомго тете деп эсептелет. (MD)

«Алтын калемди» кимдер алды?

Адабият күнүнө карата 12-декабрь күнү «Алтын калем» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу маданият министрлиги кабарлады.

Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, жалпы адабият тармагынын өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады.

Бул жылы «Алтын калем» сыйлыгына сынак 30-октябрда жарыяланып, ага тапшыруу 20-ноябрга чейин созулган. Калыстар тобунун чечими менен акын-жазуучулардын республикалык «Алтын калем» сыйлыгына 9 адам татыды. Алар поэзия, проза жана драматургия багыттары боюнча жеңүүчү аталышты.

Жеңүүчүлөр:

Поэзия боюнча: Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова жана Жедигер Саалаев.

Проза боюнча: Топчугүл Шайдуллаева, Арслан Койчиев жана Айдарбек Сарманбетов.

Драматургия боюнча: Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов жана Тыныбек Сыдыковго тапшырылды.

12-декабрь - жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнү жана акын А. Осмоновдун каза болгон күнү. (MD)

Издөөдөгү милиция кызматкери кармалды

Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматта мурда УКМКга “О.А” аттуу жаран Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р” кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, кайра бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

 Аталган “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.

“2021-жылдын 12-декабрында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын КМКнын кызматкери “Р.С.” табылып кармалды”,-деп берилет маалыматта.

Кармалган С.Р. тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК “С.Р.” аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.(MD)