Кургак учукка каршы күрөш: жаңы эреже эмне берет?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кургак учук адамзат үчүн коркунуч жараткан эң олуттуу жугуштуу оорулардын бири бойдон калууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, ал адам өлүмүнө алып келген COVID-19дан кийин эле экинчи орунда турган инфекциялык оорулардын бири. Ооруну ооздуктоо боюнча глобалдык аракеттерге карабастан, жыл сайын туберкулёзго миллиондогон адам чалдыгып, миңдегендер көз жумат.
Бир жарандын укугу эмес, коомдун саламаттыгы жогору
Кыргызстанда дагы жыл сайын 4000-5000ге чукул киши аталган илдетти жуктурганы аныкталат. Бирок бул доктурга кайрылып, дарты аныкталгандары гана. Ооруп калганын билбей же билсе дагы кош көңүл мамиле кылып жүргөндөрдү кошкондо бул сан мындан да кыйла жогору болушу ыктымал.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен ооруган бейтаптардын ден соолугуна болгон жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөп турат. Министрлик илдеттин ачык формасына кабылып, бирок дарылануудан баш тарткандарды мажбурлап дарылатууга белсенүүдө.
Жакында эле коомдук талкууга коюлган документке ылайык, министрлик дарылануудан баш тарткан адамдарды сот чечими аркылуу изоляциялоону көздөп жатат.
“Айрым учурда дарыланууну үзгүлтүккө учуратып, айрыкча абактан чыккандар дарылануудан баш тарткан учурлар болот”,- деди Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулаат Кадыров.
Айтымында, обочолонуп дарылануудан баш тарткандарды мажбурлап изоляциялоо мурунку мыйзамдарда деле бар болчу. Бирок аны ишке ашыруунун жол жобосу так аныкталган эмес.
“Азыркы сунушталып жаткан жаңы мыйзамга ылайык изоляциядан баш тарткан бейтаптар боюнча дарыгер арыз менен милицияга кайрылат. Аларга дагы баш ийбей турган болсо арыз сотко өтөт. Сот үч күн аралыгында мажбурлап ооруканага жаткыруу тууралуу чечим чыгарып берет. Мындай сунушту эбак эле киргизгенбиз. Бирок бул ыкманы бейөкмөт уюмдар адам укугун бузуу деп сындап келген. Коомдун саламаттыгы бир кишинин укугунан жогору турушу керек да”,- деди Абдулаат Кадыров.
Кургак учуктун белгилери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Статистикалык маалыматка караганда, дүйнө калкынын төрттөн биринде кургак учукту козгой турган бактериялар болот. Бирок анын баары тең кургак учукка кабылган деп айтууга болбойт. Алардын болгону 5-10 пайызы гана ооруга чалдыгышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Кургак учуктун ачык түрүнө кабылдым”
Атын атагысы келбеген 53 жаштагы бейтап февраль айынан тартып катуу жөтөлө баштаганын айтып берди. Сууктап калдымбы деп алгач анчейин маани бербептир. Өз алдынча дары-дармек ичип жөтөлдү жок кылууга аракет кылган.
Бирок андан эч кандай майнап чыкпаганда доктурга барып, кургак учуктун ачык формасына кабылып калганын билген.
“Бир айдан ашык жөтөлүп жүрдүм. Эмне болуп жатканымды өзүм дагы түшүнгөн жокмун. Рентгенге тартылганда кургак учукка кабылганымды билдим. Абдан чочуп кеттим. Жан деген кыйын экен жыйырма жыл чегип келген тамекимди дагы таштап койдум. Дартым аныкталгандан тартып ооруканадамын. Кудайга шүгүр баштагыдан жакшы болуп калдым. Мени менен кошо үй бүлөм дагы текшерилди. Аларга жукпаптыр, ошого аябай сүйүндүм”,- деди ал.
Статистика эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку 15 жылдан бери туберкулёздун көрсөткүчү туруктуу төмөндөөдө.
Эң көп учур 2001-жылы катталган. 100 миң кишиден 169 учур аныкталып, 27 киши каза болгон.
Кийинки жылдары кескин төмөндөө башталган. 2022 -жылы жалпы 4 568 киши каттоого алынып, 176 бейтап каза болгон. 2023-жылы 4 170 киши катталып, 183 киши көз жумган.
Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматында Кыргызстан кургак учук оорусу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда экени көрсөтүлгөн.
100 миң кишиге салыштырып караганда ооругандар Тажикстанга салыштырмалуу 50 пайызга, Казакстандагыдан 76 пайызга көп экени аныкталган.
“Ооба, Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын саны арбын. Бирок бул жерде ким кандай маалымат берет деген маселе турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беш жылда бир биздин ишке баа берип турат. Соңку ирет келгенде алар Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң реалдуу көрсөткүч Кыргызстандыкы экенин айтты. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Ошол сыңары биз болгонун болгондой берип жатабыз”,- деди Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси.
Айтымында, Кыргызстанда бул оору менен күрөшүүдө дары-дармек жетиштүү. Өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган кургак учукту аныктоочу диагностикалык жабдыктар дагы бар. Алар какырыктан же алынган баардык материалдардан бир саат аралыгында дартты аныктап коет.
Кургак учукту көпчүлүгү иммундук система төмөн, маселен ВИЧ инфекциясы же СПИД менен ооругандар, кант диабети менен жабыркагандар, начар тамактанып, чылым чеккендер биринчилерден болуп жуктурат.
2014-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан кургак учук менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынган. Ага ылайык, 2015-жылдан 2030-жылга чейин туберкулездон каза болгондордун санын 90 пайызга, жуктургандарды 80 пайызга кыскартуу жана дарылоого кеткен чыгымдарды кескин азайтуу милдети коюлган.
Кыргызстанда кургак учукту дарылоого анын түрүнө жараша бир кишиге 100 доллардан 3000 долларга чейин каражат кетет.
Кургак учуктун ачык жана жабык түрү
Туберкулёздун ачык жана жабык түрү болот. Ачык формасы адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же шилекей чыгарганда аба аркылуу жугат.
Өтө сейрек учурда гана энеден түйүлдүккө же дарты бар малдын сүтүн чийки ичкен учурда гана жугушу мүмкүн.
Жабык түрү жугуштуу эмес жана ага кабылган киши узак убакытка чейин ооруну сезбей жүрө бериши мүмкүн. Бирок адамдын иммунитетти төмөндөп же дарыланбай койсо, ал тез эле ачык түрүнө өтүп кетиши ыктымал.
Оорудан толук сакайып кетсе болот. Бирок дарылоо кеминде алты айдан бир же эки жылга чейин созулушу мүмкүн.
Доктурлардын айтымында кургак учукка гана таандык болгон так белгилер жок. Алгач адам кадимки эле сасык тумоого чалдыгып калдым го деп ойлошу ыктымал. Илдет узак убакытка созулган жөтөл, дене таптын жогорулашы, түн ичинде алка-шалка тердөө, табиттин начарлашы, арыктоо, көкүрөктүн оорушу, энтигүү, кан кусуу сыяктуу белгилер менен коштолот.
Бул оору адамдын бир гана өпкөсүн жабыркатпастан бөйрөккө, мээге, омурткага жана териге да терс таасирин тийгизет.












