Маймыл чечеги: белгилери, алдын алуу аракеттери

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Маймыл чечегинин очогу Африкадан таралган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маймыл чечегинин очогу Африкадан таралган

Негизинен Африкада маал-маалы менен баш оору болуп келе жаткан “маймыл чечек” илдети быйыл дагы күч алып, эми дүйнөнүн ар башка бурчунан аныкталып жатат.

Негизги очогу Африкада катталып, ары жагы Түштүк Америка бери жагы Түштүк Азияга чейин жетти. Илдеттин Африкадагы эпидемиясынан улам Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюуму маймыл чечегинен улам кооптуу кырдаал режимин жарыялады. Бул илдеттин алдын алуу, ага каршы күрөштү күчөтүү жана эмдөөнү жакшыртууга салым кошуу аракети деди уюм.

Covid 19 падемиясынын азабы унутула электе чыккан мындай кабар көптөрдү ойго салып койду. Жакында эле Пакистанда бул илдет аныкталды деген кабар желдей тарап, этият бололу деген чакырыктар чыкты. Айрым басылмалар Пакистанда аныкталан штамм буга чейин Конгодо аныкталгандан башка штамм экенин жазышууда.

Коңшу Казакстан чек ара, аэропорттордо текшерүүнү күчөтүп, алдын алуу боюнча кеңири маалымат жайылтууда.

Би-Би-Си илдеттин алдын алуу боюнча кандай аркеттер жүргүзүлүп жатат деп жооптуу мекемелерге кайрылды.

“Санитардык көзөмөл пункттарыбызда биздин эпидемиологдор иштейт, ал эпидемиологдор бөлөк өлкөдөн келгендерди сөзсүз тепловизордон өктөрүшөт. Тепловизордон өткөндө ооруган адам болсо, дене табы жогорулаганын сөзсүз түрдө көргөзөт. Андай симптомдор аныктала турган болсо дароо өзүнчө изоляция кылып, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып барат дагы диагнозун тактаганга чейин ошол жакта кармашат”,- деди Оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Динара Оторбаева.

Динара Оторбаева, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Динара Оторбаева, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары

Бул эмне болгон илдет деп интернеттен издегенде эле терини каптаган бүдүр, ыйлакчалардын сүрөтү көзгө урунат.

Илдеттин алгачкы белгилери катары дене тап жогорулап, лимфа бездеринин чоңоё башташы белгиленген. Денеде жана ооз көңдөйүндө түрдүү ыйлаакчалар пайда болот. Оору көбүнэсе физикалык байланыш анын ичинде жыныстык катнаш жана аба аркылуу тарайт. Айрым учурда аягы өлүм менен аяктайт. Ошондон улам бул илдет абдан жугуштуу оорулардын катарына кирет.

Кыргызстандын адистери бул илдетти толук кандуу дарыялай алабыз дешүүдө. Алар лабораториялык адистерден тарта, тийиштүү дары-дармектер дагы жеткиликтүү экенин айтып жатышат.

Маймыл чечеги илдети 1970-жылы катталган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маймыл чечеги илдети 1970-жылы катталган

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биринчи орунда симптоматикалык дарыланууну сунуштайт. Симтоматикалык дарылануу биринчи кезекте дене табды түшүрүү, вирус жукканда дене булчуңдар ооруп, жалпы ооруну күчөтө баштайт. Денеге чыккан ыйлаакчаны көбөйтүп жибербөө үчүн, антисептикалык препараттарды колдлонуу керек болот. Дене тапты төмөндөтүү же ооруну басаңдатуу үчүн эң көп колдонулган, баары билген - бул парацетамол жана ибупрофен колдонулат. Биз муну дарылай алабыз. Мен айтып кеткендей эле бул вирустук жугуштуу оору. Айрым учурда күчөп кетиши мүмкүн. Бул инфекциядан улам келип чыгат. Мындай учурда антибиотик же интибиотикалык дарыларды колдонууга болбойт. Инфекция ВИЧ менен ооруган же иммунитети төмөн адамдарга же балдар, боюнда бар аялдар бат жугушу мүмкүн”,- деди дарыгер Асел Турдалиева.

Асел Турдалиева, Дарыгер, башкармалыктын башкы адиси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асел Турдалиева, Дарыгер, башкармалыктын башкы адиси
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адистер, “маймыл чечек” 1970-жылы эле пайда болгонун, андан бери кайсы бир мамлекеттерде маал-маалы менен катталып турарын айтышып, буга каршы медициналык тажрыйба бар экенин жүйө келтирип жатышат. Мындан улам ашыкча кооптонууга деле негиз жоктугун кошумчалашты.

Мисалы, 2022-жылы эле бул илдет менен дүйнөдө жыйырма эки миңден ашуун киши ооруган. Азыркы тапта ооругандардын саны эле он сегиз миңден ашып кетти. Анын ичинен токсон пайызы Конго Демократиялык Республикасында катталган. Андан башка Америка, Европа, Швеция, пакистанда дагы катталган учурлар бар.

“Бул жаңы оору эмес. Илдеттин үч бөлүгү бар, анын ичинен 1Б деген бөлүгү эң оор жүргөнү болуп эсептелинет. 2022-жылы тест системаны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан алып, тестирлөө кылып иштетип көргөнбүз. Ошол үчүн биздин лаборатория адистер бул илдет боюнча изилдөөлөрдү жасай алат деп айта алам. Тесттен кошумча дагы алып берүү үчүн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кат жөнөтүп жатабыз”, - деп билдирди Оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Динара Оторбаева.

Азыркы тапта ооругандардын саны эле он сегиз миңден ашып кетти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыркы тапта ооругандардын саны эле он сегиз миңден ашып кетти.

Дарыгерлер бул илдетке адамзат туруштук бере аларын айтканы менен коронавирус пандемиясынан чочуп калган дүйнө эли үчүн бул дагы деле кооптуу болууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы күндөрү бул илдетке каршы туруу боюнча жыйын өткөрүп, тийиштүү чараларды көрүү аракетин баштайбыз дешти.